Германияда Экинчи дүйнөлүк согуштан калган "StuG III" өзү жүрүүчү артиллериялык курал табылды
Германиянын Төмөнкү Саксониянын Түндүк деңиз жээгиндеги Нордхольц аскер-деңиз базасында Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы StuG III өзү жүрүүчү артиллериялык бирдиги табылды Бул тууралуу “Bild” гезити жазып чыкты Маалыматка ылайык, курулуш иштеринин жүрүшүндө жумушчулар кокусунан Вермахттын армиясы

Германиянын Төмөнкү Саксониянын Түндүк деңиз жээгиндеги Нордхольц аскер-деңиз базасында Экинчи дүйнөлүк согуш учурундагы StuG III өзү жүрүүчү артиллериялык бирдиги табылды Бул тууралуу “Bild” гезити жазып чыкты Маалыматка ылайык, курулуш иштеринин жүрүшүндө жумушчулар кокусунан Вермахттын армиясына таандык дээрлик толугу менен сакталып калган аскердик техникага туш болушкан Адистердин айтымында, салмагы 29 тонна болгон «StuG III» кум астында 80 жылдай көмүлгөн. Ошого карабастан, жабдуулардын абалы абдан жакшы Эксперттердин айтымында, кыймылдуу тетиктердин кээ бир элементтери дээрлик жаңы абалда жана аларда оригиналдуу камуфляждык боёктун издери да сакталып калган Археологдор согуштан кийин союздаш күчтөр бул жабдууларды башка аскердик металл калдыктары менен көмүшкөн деп эсептешет Учурда күжүрмөн унаа аскер базасынын аймагында кайтарууда. Жакынкы арада аны реставрациялоо үчүн Мюнстердеги немис танктарынын музейине жөнөтүү пландалууда


