Албаниянын борбор шаары Тиранада миңдеген адамдар жүрүшкө чыгышты
Албаниянын борбору Тиранада миңдеген адамдар жүрүшкө чыгышты. Алар АКШнын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнердин бул өлкөдө элиталык курорт куруу пландарына нааразылык билдиришүүдө. Демонстранттардын айтымында, 5 миллиард евролук долбоор ишке ашса, фламинго, тюл, деңиз таш бакалары

Албаниянын борбору Тиранада миңдеген адамдар жүрүшкө чыгышты. Алар АКШнын президенти Дональд Трамптын күйөө баласы Жаред Кушнердин бул өлкөдө элиталык курорт куруу пландарына нааразылык билдиришүүдө. Демонстранттардын айтымында, 5 миллиард евролук долбоор ишке ашса, фламинго, тюл, деңиз таш бакалары жашаган саздак жерлердин экологиясына коркунуч жаралат. Мындан тышкары демонстранттар чет элдик инвесторлор тарабынан даярдалган курулуш планынан да күмөн санашууда. Бирок премьер-министр Эди Рама талаштуу долбоор аягына чыгаарын эскертти


