Бишкекте Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 эл аралык көргөзмөсү башталды
Кыргыз Республикасынын борборунда биринчи эл аралык соода-өндүрүштүк Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 көргөзмөсү башталды. Иш-чара ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай министрлеринин төртүнчү жыйынынын алкагында уюштурулуп, 6-июнга чейин уланат Көргөзмө өнөр жай кооперациясын чыңдоо, экономикалык байл
Кыргыз Республикасынын борборунда биринчи эл аралык соода-өндүрүштүк Ala-Too Trade & Industry Expo 2026 көргөзмөсү башталды. Иш-чара ШКУга мүчө өлкөлөрдүн өнөр жай министрлеринин төртүнчү жыйынынын алкагында уюштурулуп, 6-июнга чейин уланат Көргөзмө өнөр жай кооперациясын чыңдоо, экономикалык байланыштарды кеңейтүү жана өндүрүүчүлөрдүн продукциясын аймактык жана эл аралык рынокторго жылдыруу үчүн кесипкөй B2B жана B2G платформасы катары иштейт Павильондор экономиканын ар түрдүү тармактарын – автомобиль өнөр жайынан, машина куруудан жана энергетикадан зергерчилик өндүрүшүнө чейин көрсөтөт Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков катышуучулардын көңүлүн ШКУнун дүйнөлүк рыноктогу ролуна бурду Сыдыков Кыргызстан боюнча да маалыматтарды берди. Анын айтымында, акыркы төрт жылда өлкө менен ШКУ өлкөлөрүнүн ортосундагы товар жүгүртүүнүн көлөмү 2,2 эсеге өскөн. Ал белгилегендей, өндүрүштү өнүктүрүү, жаңы ишканаларды ишке киргизүү, жумуш орундарын түзүү жана соода потенциалын жогорулатуу мамлекеттик саясаттын маанилүү милдеттеринен болуп саналат, ошондуктан мындай көргөзмөнү өткөрүү өлкө үчүн чоң мааниге ээ Борбор калаадагы “Жаштык Арена” спорт комплексинде өткөн дебюттук көргөзмөгө алты өлкөнүн 90дон ашык ири өнөр жай ишканалары катышууда. Уюштуруучулар бизнес-чөйрөнүн жогорку кызыгуусун белгилешет: 3 миңге жакын катышуучулар жана коноктор буга чейин иш-чарага катталган


