Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

Евробиримдиктин Казакстандын экономикасына салган инвестициясы 200 миллиард доллардан ашты

Евробиримдиктин Казакстандын экономикасына салган инвестициясынын жалпы көлөмү 200 миллиард доллардан ашты Бул тууралуу «Казакстан-Европа Биримдиги» диалогдук платформасынын 19-отурумунда премьер-министр Олжас Бектенов билдирди, деп маалымдайт «Азаттык» Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматына та

0 көрүүazertag.az
Евробиримдиктин Казакстандын экономикасына салган инвестициясы 200 миллиард доллардан ашты
Paylaş:

Евробиримдиктин Казакстандын экономикасына салган инвестициясынын жалпы көлөмү 200 миллиард доллардан ашты Бул тууралуу «Казакстан-Европа Биримдиги» диалогдук платформасынын 19-отурумунда премьер-министр Олжас Бектенов билдирди, деп маалымдайт «Азаттык» Казакстандын өкмөтүнүн басма сөз кызматына таянуу менен Өкмөттүн маалыматы боюнча, учурда Казакстандын тышкы соодасынын 30 пайыздан ашыгы Евробиримдикке туура келет Өткөн жылдын жыйынтыгы боюнча Казакстандын Евробиримдик өлкөлөрү менен соода жүгүртүүсү 45,2 миллиард долларды түздү. Үстүбүздөгү жылдын төрт айында өз ара сооданын көлөмү 12,4 миллиард долларга жетип, Казакстандын экспорту 9,27 миллиард долларды түздү О.Бектенов Казакстан энергетикалык коопсуздук, өнөр жай кызматташтыгы жана транспорттук мамилелерди өнүктүрүү маселелеринде ЕБдин ишенимдүү жана болжолдуу өнөктөшү бойдон кала берерин баса белгиледи Жолугушуунун жүрүшүндө инвестициялык чөйрө, техникалык стандарттарды жана жөнгө салуу мамилелерин шайкеш келтирүү, бажылык башкаруу жана геологиялык чалгындоо, маанилүү кен байлыктары жаатында кызматташууну кеңейтүү маселелери талкууланды Жыйынга Европа өлкөлөрүнүн дипломатиялык миссияларынын башчылары, ири эл аралык бизнес-ассоциациялар жана компания өкүлдөрү катышты 2026 © AZERTAC. Автордук укук корголгон. Маалыматты колдонуу гипершилтеме менен көрсөтүлүшү керек

Kaynak: azertag.az

Diğer Haberler