"Евробиримдиктин аскердик бюджети 200 миллиард евродон ашат" - ЕК төрагасы
Евробиримдиктин жети жылдык бюджетинде аскердик чыгымдар 200 миллиард евродон ашат Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен НАТОнун Анкарадагы саммитинде билдирди «Евробиримдиктин жаңы көп жылдык бюджетинде 131 миллиард евро аскердик мүмкүнчүлүктөргө, 71 миллиард евро аскердик м

Евробиримдиктин жети жылдык бюджетинде аскердик чыгымдар 200 миллиард евродон ашат Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрагасы Урсула фон дер Лейен НАТОнун Анкарадагы саммитинде билдирди «Евробиримдиктин жаңы көп жылдык бюджетинде 131 миллиард евро аскердик мүмкүнчүлүктөргө, 71 миллиард евро аскердик мобилдүүлүккө бөлүнөт», - деди ал ЕК Төрагасы ошондой эле Евробиримдиктин өлкөлөрүнүн аскердик чыгымдарын каржылоого багытталган ЕБ программаларын белгиледи Анын айтымында, бул программалар 2030-жылга чейин Евробиримдик боюнча аскердик муктаждыктар үчүн 950 миллиард еврого чейин тартылышы мүмкүн Евробиримдиктин 2028-2034-жылдарга карата жети жылдык бюджети уюмдун тарыхында биринчи жолу мынчалык чоң аскердик чыгымдарды камтыйт


