Агартуу министри: 12 жылдык билим берүүдө жаш курак эмес, мазмун өзгөрөт
Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткенде өтүп жаткан ата-энелер форумунда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, 12 жылдык билим берүүнүн негизги максаты – балдарды өзгөрүп жаткан дүйнөнүн талаптарына даярдоо экенин билдирди Министрдин айтымында, жаңы окуу китептери окуучулардын өз алдынча и

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Баткенде өтүп жаткан ата-энелер форумунда агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева сөз сүйлөп, 12 жылдык билим берүүнүн негизги максаты – балдарды өзгөрүп жаткан дүйнөнүн талаптарына даярдоо экенин билдирди Министрдин айтымында, жаңы окуу китептери окуучулардын өз алдынча изденүүсүн, талдоо жүргүзүүсүн жана чечим кабыл алуу жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө багытталган Ошондой эле ал билим берүүнүн сапатын жогорулатууда мугалимдердин кесиптик өнүгүүсү өзгөчө маанилүү экенине токтолду "Баткенде мугалимдердин кесиптик өнүгүү борборун түзүшүбүз керек. Жаңы билимди мугалимдерге жеринде жеткирген системаны калыптандыруу зарыл", – деди министр Мындан тышкары, Кендирбаева мамлекет башчы тарабынан билим берүү тармагына кеңири колдоо көрсөтүлүп жатканын белгилеп, сапаттуу билим берүүдө мектеп, мугалим жана ата-эненин биргелешкен аракетинин маанисин баса белгиледи "Кыргызстандын эң чоң байлыгы – анын балдары. Баланын билим сапаты жогорулаган сайын мугалимге болгон талап дагы күчөйт. Ошондуктан ар бир педагог тынымсыз изденип, өнүгүп турушу керек", – деди министр


