Ал эми Харк - "десерт" үчүн
АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү Ирандын Харг аралынын басып алынышын аскердик операциянын “акыркы” версиясы катары баалашты Америкалык аскерлердин Ирандын Харг аралын басып алуу пландары бир нече айдан бери жүрүп жаткан, бирок операция өтө кооптуу деп эсептелгендиктен у

АКШ президенти Дональд Трамптын администрациясынын өкүлдөрү Ирандын Харг аралынын басып алынышын аскердик операциянын “акыркы” версиясы катары баалашты Америкалык аскерлердин Ирандын Харг аралын басып алуу пландары бир нече айдан бери жүрүп жаткан, бирок операция өтө кооптуу деп эсептелгендиктен улам-улам кечеңдетилген. Бул тууралуу CNN Пентагондун жогорку даражалуу өкүлүнө жана Ак үйдүн эки өкүлүнө шилтеме берүү менен билдирди CNN телеканалынын маалыматына караганда, Ак үй менен Пентагон Харг аралын басып алуу же анын энергетикалык инфраструктурасын жок кылуу Иранды иш жүзүндө банкрот кылып, анын мүмкүнчүлүктөрүн согушту уланта албай турганчалык төмөндөтөт деп эсептешет Ошондой эле расмий өкүлдөрдүн АКШнын президенти Дональд Трампка мындай операция кургактагы аскерлердин олуттуу санын талап кыларын жана америкалыктардын оор жоготууларына алып келиши мүмкүн экенин айтканы белгиленген Бул эсептеелердун негизинде Пентагон жана Ак уй Харк аралын басып алуу боюнча кандай гана кадам болбосун «акыркы оюндун» варианты — согушта кучтердун тец салмактуулугун езгерте турган, бирок оор жоготууларга учураган экстремалдык чара деп эсептешет

