Tenqri
Башкы бет
Дүйнө

"75чилердин каты" боюнча сот ачык өтө баштады. Ташиев комментарий берген жок

15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум ачык өтө баштады. Процесске Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Бул ирет анын автоунаасы сот имаратынын короосунун сыртына коюлуп

0 көрүүazattyk.org
"75чилердин каты" боюнча сот ачык өтө баштады. Ташиев комментарий берген жок
Paylaş:

15-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурум ачык өтө баштады. Процесске Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиев келди. Бул ирет анын автоунаасы сот имаратынын короосунун сыртына коюлуп, өзү жөө басып киргени үчүн журналисттерге ага суроо берүүгө мүмкүнчүлүк түзүлдү. Ташиев кабарчылардын суроолоруна жооп берген жок Анын сөзүнө караганда, айыпталып жаткандардын адвокаттары сот отуруму ачык өтүшүн өтүнүп, судьяга кайрылышкан. Судья өтүнүчтү 11-июндагы отурумда канааттандырды Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүп келаткан. 11-июндагы отурумда айыпталуучулардын адвокаттарынын сот процессти ачык өткөрүү өтүнүчү канааттандырылган Сот мекемеси да 11-июнда расмий маалымат таратып, буга чейин сот жабык өтүп келген себебин "өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч болгондугуна байланыштуу көрсөтмөлөрү депонирленген күбөлөрдүн коопсуздугун камсыз кылуу, тергөөнүн сырын жана кылмыш ишинин жагдайларын ачыкка чыгарбоо максаты" менен түшүндүрдү Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлган. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тилкаты менен эркиндикте Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (ZKo/DSh)

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler