Tenqri
Ana Səhifə
Dünya

Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолу: Өлкө өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүк

Кыргызстандын экономикасын, туризм тармагын жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушу маанилүү кадам. Күн мурда мезгил кутусу салынган аталган темир жолдун курулушу Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында ишке

0 baxışkabar.kg
Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолу: Өлкө өнүгүүсүнө жаңы мүмкүнчүлүк
Paylaş:

Кыргызстандын экономикасын, туризм тармагын жана транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүдө Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушу маанилүү кадам. Күн мурда мезгил кутусу салынган аталган темир жолдун курулушу Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын алкагында ишке ашырылууда. Мында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата багыты боюнча узундугу болжол менен 86 чакырымды түзгөн жаңы темир жол линиясы курулмакчы. Курулуш эки этап менен жүргүзүлүп, I этап – Балыкчы – Тамчы, II этапта – Тамчы – Чолпон-Ата каттамы уланат. Долбоор толук кубаттуулукка чыкканда жылына 5 млн тоннага чейин жүк ташууну камсыздай алары маалым Ысык-Көл аймагында темир жол куруу инвестицияны көбөйтүп, транспортту жеңилдетүү менен экологияга жана экономикага оң таасир берерин экономика илимдеринин доктору, профессор Сагын Чалбаева “Кабар” агенттигине билдирди Президент Садыр Жапаров аталган темир жолдун курулушуна мезгил кутусун салуу аземинде белгилегендей, долбоордо темир жолду “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоо каралган. Натыйжада Ысык-Көлдүн жээгинде заманбап мультимодалдык транспорттук түйүн түзүлүп, аймакта ишке ашырылып жаткан ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда өзгөчө мааниге ээ болмокчу Белгилей кетсек, Ысык-Көл жээгинде курулуучу “Асман” шаары, “Ала-Тоо Резорт” тоо-лыжа кластери, облустун Тамчы айылына курулуп жаткан 5 жылдыздуу мейманканалар, жыл бою иштеген “Каркыра” тоо комплекси жана “ROX Ысык-Көл” күн электр станциясы сыяктуу ири инвестициялык долбоорлорду ишке ашырууда бул темир жолдун орду чоң Эксперт Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолун “Ысык-Көл” эл аралык аэропорту менен интеграциялоодо жол жүрүү убактысы кыскарып, автоунаалардын санынын азайышы менен туристтер үчүн жакшы шарттар түзүлөрүн белгиледи “Кыргыз темир жолу” УК” мамлекеттик ишканасынан билдиришкендей, “Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата” темир жол линиясын куруу долбоору облустун транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, аймактын транспорттук жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга жана экономиканын жана калктын келечектеги муктаждыктарына жооп берген заманбап темир жол тармагын түзүүгө багытталган Себеби, Кытай – Кыргызстан – Өзбекстан темир жолу, Балыкчы – Кочкор – Кара-Кече – Макмал темир жол долбоорлорунун уландысы катары аталган Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолу курулганы турат. Бул курулуш Ысык-Көл облусу үчүн гана эмес, жалпы Кыргызстан үчүн стратегиялык мааниге ээ. Долбоорду ишке ашырууда 400дөн ашуун жумуш орду түзүлүп, ал эми темир жол пайдаланууга берилгенден кийин 200дөн ашык жаран иш менен камсыздалмакчы Ысык-Көлдүн айланасында шакек түрүндөгү темир жол каттамынын кийинки кадамы техникалык жактан татаал эмес Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата – Каракол темир жолунун курулушу экендигин баамдоого болот Жыйынтыктап айтканда, Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушу өлкөнүн транспорттук инфраструктурасын өнүктүрүүгө, инвестицияларды тартууга жана туризм тармагын кеңейтүүгө чоң салым кошот. Долбоордун аэропорт менен интеграцияланышы аймакта заманбап транспорттук системаны калыптандырып, жол жүрүүнү жеңилдетип, экологиялык жана экономикалык туруктуулукту камсыз кылат. Натыйжада Ысык-Көл облусу гана эмес, жалпы өлкө үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр ачылып, келечектеги өнүгүүгө бекем негиз түзүлөт

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler