Tenqri
Ana Səhifə
Dünya

Айылдыктарга пайда алып келген туризм: Эмнеге эс алуучулар Көл-Үкөккө көп барат?

Быйыл Кыргызстанга 12 миллионго жакын турист келет деп күтүлүүдө. Чет өлкөдөн келген меймандарды өлкөбүздүн жаратылышы, бийик тоолору жана экотуризм кызыктырат. Картадан караганда Көл-Үкөк жайлоосу жөн гана бир чекиттей көрүнөт. Бирок иш жүзүндө бул жерге дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер миңдеген ча

0 baxışkabar.kg
Айылдыктарга пайда алып келген туризм: Эмнеге эс алуучулар Көл-Үкөккө көп барат?
Paylaş:

Быйыл Кыргызстанга 12 миллионго жакын турист келет деп күтүлүүдө. Чет өлкөдөн келген меймандарды өлкөбүздүн жаратылышы, бийик тоолору жана экотуризм кызыктырат. Картадан караганда Көл-Үкөк жайлоосу жөн гана бир чекиттей көрүнөт. Бирок иш жүзүндө бул жерге дүйнөнүн төрт бурчунан туристтер миңдеген чакырым жолду басып өтүп келишет. Бүгүнкү күндө Көл-Үкөк чет элдик саякатчылар эң көп издеген жайлоолордун бирине айланды. Ал эми мындан отуз жыл мурда бул кооз өрөөнгө чабандардан башка дээрлик эч ким келчү эмес. Убакыттын өтүшү менен Көл-Үкөк Кыргызстандагы тоо жана экотуризмдин белгилүү борборлорунун бирине айланып, жергиликтүү тургундар үчүн да киреше булагын түздү Нуржан Арыкова, ишкер: Ошол кезде бул жердин келечеги дүйнөлүк туризм менен байланышат деп эч ким ойлогон эмес. Ал эми жергиликтүүлөр туристтерге эшигин ачары, миң уктаса да түштөрүнө кирбесе керек. Бирок туризм акырындап бул жердеги адамдардын жашоосун өзгөртө баштады Нуржан Арыкова, ишкер: Көл-Үкөккө келген туристтердин көбү ат минүүнү каалашат. Ошондуктан бул жерде туристтин акчасы бир эле боз үйдүн казанында кайнабайт. Андан гид дагы, ат ээси да пайда көрөт Токтосун Керимкулов, ишкер: Калыс Сулайманов, жергиликтүү тургун Көл-Үкөк жайлоосу деңиз денгээлинен 3100 метр бийиктикте турат. Райондун борборунан болгону 24 чакырым алыстыкта жайгашкан. Бул жакка келген туристтер ыңгайлуулук издеп келишпейт. Алар үчүн жаратылыштын кооздогу жана айланадагы тынчтык маанилүү Чолпонай Аралбаева, ишкер: Өлкөдө туризм асман тиреген мейманканадан эмес, кыргыздын боз үйүнүн босогосунан башталган. Бир кезде чет өлкөлүктөрдү кантип тосуу керек деп айласы куруган айылдыктар бүгүн дүйнөнүн төрт тарабынан келген конокторду кабыл алып жатышат Көл-Үкөккө келген бир турист бир күндө канча акча коротот, эсептеп да көрдүк: Эгер турист жогорудагы бардык кызматтарды алса, бир мейман бир суткада — 4900 сом таштап кетет Көл-Үкөккө келген туристтер жаратылыш менен гана чектелбейт. Алар кыргыздын маданиятын, кол өнөрчүлүгүн, кылымдарды карыткан салттарын дагы издешет. Аталган аймактагы туризмдин тарыхын Гүлжамал Касмалиевадан артык билген адам жок. Ал Көл-Үкөк жайлоосуна биринчилерден болуп боз үй лагерин ачкан. Оор шартта, катаал климатта туристтерге кучак жайып, он жылдан ашуун иштеген . Кийин ден соолугуна байланыштуу жайлоого барбай калган. Бирок туризмден алыстаган эмес. Азыр кыз-келиндери менен айылдагы уйундо чет элдик меймандар үчүн шырдак шоу уюштурат Гүлжамал Касмалиева, ишкер: Ал кезде туристтерге эмне кызык болорун эч ким билчү эмес. Бирок айлакөй айым анын жолун таап, кыргыздын кол өнөрчүлүгүн даңазалай баштаган. Бүгүнкү күндө шырдак шоу Кыргызстандын туристтик брендине айланды Гүлжамал Касмалиева, ишкер: Ал эми Саадагүл Садыкова үйүнүн эшигин чет өлкөлүктөргө ачып, өлкөдөгү алгачкы конок үйлөрдүн бирин түптөгөн Саадагүл Садыкова, ишкер: Өлкөдо туризм өнүгүп жатат. Аны менен катар бул тармакта көйгөйлөр да жок эмес Мирбек Бусурманкулов, гид: Бүгүн шарттар жакшырды. Бирок туристтер издеген негизги баалуулук өзгөргөн жок Мирбек Бусурманкулов, гид: Эксперттердин пикиринде Кыргызстанды алдыга сүрөй турган нерсе люкс сервис эмес. Бул - боз үй,ат минүү, кымыз, самоордон куюлган чай. Башкача айтканда, дүйнөдө азайып бараткан көчмөн жашоонун өзү Эдуард Кубатов, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору: Туристтердин саны өсүп жатат. Бирок анын артынан жоопкерчилик дагы өсүүдө. Анткени бүгүн келген конок эртең Кыргызстан жөнүндө бүт дүйнөгө айтып берет Эдуард Кубатов, Туризмди өнүктүрүү боюнча мамлекеттик агенттиктин директору: “Акчанын артынан илгертен бери келе жаткан меймандостугубузду жоготуп жатабыз. Сервис дагы төмөндөп кетти. Коопсуздук болбосо туристтер келбейт. Өлкөгө келген туристтердин арасында жаш-карысы бар, аял-эркеги да бар. Алар Кыргызстан кооптуу мамлекет экенин көрсө, анда бизге турист келбейт. Катуу, орой мамиле кылсак да меймандарды качырабыз. Эл аралык системада мындай: бир жолу келген турист, экинчи ирет кайтып келбесе анда бул “өлгөн туризм” деп саналат”, - дейт ал Кыргызстандагы туризм жүздөгөн үй бүлөнүн жашоосун өзгөрттү. Ал кээ бири үчүн бизнес болсо, Нуржан эже сыяктуу ондогон үй-бүлөлөр үчүн – балдарын окутту, Чолпонайдын үй-бүлөсүн бутуна тургузду, Саадагүл айымдын кесибин өзгөрттү, Гүлжамал апанын өнөрүн дүйнөгө таанытты

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler