Оштогу "снос": Экс-депутаттыкы делген жерде курулуш жүрүп жатабы?
Андан сырткары мурда бузулат делген башка имараттар дагы ишин улантууда Бир жыл мурун Ош мэриясы "Байсан" ресторанын парламенттин эки жолку чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибековго таандык деп билдирип, кафе Ак-Бууранын корук аймагына мыйзамсыз курулуп калганын ай

Андан сырткары мурда бузулат делген башка имараттар дагы ишин улантууда Бир жыл мурун Ош мэриясы "Байсан" ресторанын парламенттин эки жолку чакырылышынын депутаты, Жогорку Кеңештин экс-төрагасы Акматбек Келдибековго таандык деп билдирип, кафе Ак-Бууранын корук аймагына мыйзамсыз курулуп калганын айтып чыккан Андан сырткары мурдагы аткаминерлердин бир тобунун ысымдары аталган. Бирок Ош мэриясынын билдирүүсүнөн кийин эч кимиси комментарий берген эмес No media source currently available Учурда курулушу кайра жанданган “Байсан” рестораны дарыянын 50 метр корук зонасына кирет. Бул жердин ээлери жерди сатып алганын, колунда жеке менчик укугун тастыктаган документи бардыгын айтып жатат Аталган аймак Урмат Белекбаевдин жубайы Адалат Абдибаитованын ысымына катталган. Белекбаев өзү парламенттин мурдагы төрагасы Акматбек Келдибековдун бир тууганы “Жердин ээси үч адамдан кийин сатып алган, ак ниет сатып алуучу. Мэриядан алган эмеспиз. Кызыл китеби бар, баары мыйзамдуу, пайдаланууга кабыл алынган. Мыйзам артка иштебейт дейби. Акматбек Келдибековдун бул жерге эч кандай тиешеси", - дейт Белекбаев Ош шаарынын вице-мэри Шумкарбек Пайзиев бул имаратты бузбай, кайра иштетип туруу чечими болгонун мындайча түшүндүрдү: "Менчик ээсинин бүт документтери болгондугуна байланыштуу... Экинчиден, шаардагы буга чейин бузулган мыйзамсыз курулуштардын кенемте маселеси турат. Ошолорду чечип берүүгө чейин ал имараттын иштей берүү чечими кабыл алынган. Имараттын капиталдык курулушу бузулган эмес. Чатырларын алып, парктын көрүнүшүнө ылайыктоо үчүн фасаддык жумуштарын оңдоо жүрүп жатат" “Байсандын” катарында “Суши Роллы” тамактануучу жайы дагы ушу тапта кардарларын тейлеп жатат. 22 сотыхта жайгашкан кафенин ээси жер тилкени “Кыргыз автосервис” мекемесинен 2001-жылы 22 миң сомго сатып алган Жер ээси Раимберди Жакыпов Ак-Бууранын боюндагы тилкени өзү иштетип келет. Ал тамактануучу жайдын имараты дарыянын 50 метр корук аймагына кирбей турганын айтууда Бирок Ош шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы менчиктештирүү үчүн 1994-жылы чыккан токтомду жокко чыгаруу арызы менен сотко кайрылган Жакыповдун айтымында, “Пивной бар” менен “Суши Роллы” суунун корук аймагынан 53 метр алыстыкта жайгашкан "2000-жылы “Кыргыз автосервис” мекемесинен сатып алгам. “Кыргыз автосервис” бул жерди 1994-жылы сатып алган. “Суу корук зонасы боюнча мыйзам 1995-жылы чыгып жатат. Мыйзам артка иштебейт", - дейт ишкер Былтыр аталган жерлерде бузуу иштери кызуу башталып, кайра токтоп калган Ош мэриясы учурда Ак-Буура дарыясынын жээгинде 15 гектарды ээлеген бак куруу жумуштары жүрүп жатканын белгиледи Анын бир бөлүгү мурунку эски базардын ордунда жайгашса, калганы шаардын түштүк-чыгыш аймагына курулат Жергиликтүү бийлик эс алуучу жайдын долбооруна туура келбеген мыйзамсыз курулуштарды алып салуу иши азыр деле жүрүп жатканын билдирүүдө. Ал эми “Байсан”, “Суши Роллы” жайларынын иштеп туруусу боюнча, жогоруда айтылгандай, чечим кабыл алынган "“Суши Роллы” боюнча 3-4 ай мурун сотко берилген экен. Учурда сот процесси жүрүп жатат. Сот кандай чечет, убакыт көрсөтөт", - дейт вице-мэр Шумкарбек Пайзиев Сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралуу өкмөттүн 1995-жылы 7-июлунда чыккан №271 токтомунун негизинде жобо кабыл алынган. Ага ылайык, узундугу 10 чакырымдан 50 чакырымга чейин созулган дарыялардын суу коргоочу зоналары 75 метр деп жазылган. Ак-Буура дарыясынын узундугу 17 чакырымды түзгөнүнө карабай корук аймагы 50 метрге кыскарган Юрист Союзбек Аманов корук аймагындагы жер тилкелер жеке менчикте болсо да курулуш курууга же оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүгө уруксат жоктугун белгиледи: "Колунда мамлекеттик актылары болгон учурда деле ал жерлер жеке менчикке мурда берилип кеткен болсо да, курулуш курууга тыюу салынууга жатат. Жер кодексинде көрсөтүлүп жатат: “Жердин максаттуу багытын бузуу менен пайдаланууга жол берилбейт” деп. Ал жерде корук зона деп көрсөтүлгөн жер, мамлекеттин гана жери болот. Курулуш курууга берүүгө, менчикке берүүгө дагы жатпайт. Курулушу жараксыз акыбалга келген учурда жерди бошотуп бериши керек да. Реконструкцияга мүмкүнчүлүк жок" Ак-Буура дарыясынын корук зонасында мурунку аткаминерлер, чиновниктердин жакындары менчикке алган жер тилкелери көп экени айтылып келет Өткөн жылы Оштун ошол кездеги мэри Жеңишбек Токторбаев шаардагы мыйзамсыз курулуштарды бузуу боюнча чоң өнөктүк жүргүзгөн. Ош шаарын аралап өткөн каналдардын, Ак-Буура дарыясынын жээктериндеги турак жайлар, имараттар бузулуп, корук зоналар тазаланган эле. Ошол эле маалда укук коргоочулар менчик укуктары сакталбай жатканын айтып чыгышкан Сүрдүрүү иштери компенсация толук төлөнүп, эки тараптуу келишим түзүлгөндөн кийин гана башталсын деген талап аткарылбай калган Ошто мэр болуп бир жылдай иштеген Жеңишбек Токторбаев жол жээгиндеги жана корголгон аймактардагы “кызыл сызыкка” чыгып кетти деген имараттарды жапырт буздурган “снос” деген өнөктүгү менен элдин эсинде калды Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин жакын санаалашы делген Токторбаев 18-февралда мэрлик кызматтан алынган Ал жумуштан кеткенден кийин социалдык тармактарда “Токторбаев кызматта турганда Ош мэриясы 12 млрд сом карызга батканы тууралуу” маалыматтар тараган. Өзү карыз тууралуу "Азаттыкка" комментарий берип, 2 млрд 200 млн сом деген сумманы атаган. Кийин Ош мэриясынын карызы, соңку эсептөөлөрдөн кийин, болжол менен 5 млрд сомду түзүп жатканын калаага жаңы дайындалган мэр Жанарбек Акаев билдирген. Ал акыркы сумма Эсептөө палатасынын эсебинен кийин белгилүү болорун кошумчалаган "Азыр болжолдуу карызыбыз 5 млрд сомго чукулдады. Бирок дагы эсептеп, комиссия санап жатат. Бул бузулган үйлөр, коммерциялык объектилерди эсептебегенден кийинки карыз. Мунун баары чечиле турган маселе", - деген Акаев 10-апрелде Ош облусундагы иш сапарынын алкагында президент Садыр Жапаров шаар тургундары менен жолугушуп, мурдагы мэри Жеңишбек Токторбаевдин аша чапкан иштери болгонун билдирди. Мамлекет башчы экс-мэрдин кемчилиги үчүн өзү дагы жоопкерчилик сезерин айтты 2024-жылы 14-июлда Оштогу селде Ак-Буура дарыясынын нугу ашып, жолдорду, базарды, турак үйлөрдү сел каптаган. Мындан улам атайын комиссия түзүлүп, дарыянын корук аймагындагы 700дөн ашуун курулушту аныктаган эле
Diğer Haberler

SpaceXga qarshi sinf da'vosi: Uylarimiz zarar ko'rdi - Kıbrıs gazetasi - Kıbrıs News, Shimoliy Kipr Turk Respublikasi So'nggi daqiqa va kun tartibi yangiliklari

Tokayev YeIH faoliyatining asosiy yo‘nalishlari bo‘yicha hisobotni tingladi
