"Конституция иштебесе баркы болбойт". Кыргызстандын Баш мыйзамына 33 жыл
Конституция күнүнө карата куттуктоосунда мамлекет башчы Садыр Жапаров бул күндү маанилүү майрамыбыз деп атады. Өз сөзүндө президент 33 жыл мурда Баш мыйзам кабыл алып Кыргызстан өз тагдырын аныктап, ошону менен бирге көз каранды эмес мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөп, адам укугу менен эркиндигин ж

Конституция күнүнө карата куттуктоосунда мамлекет башчы Садыр Жапаров бул күндү маанилүү майрамыбыз деп атады. Өз сөзүндө президент 33 жыл мурда Баш мыйзам кабыл алып Кыргызстан өз тагдырын аныктап, ошону менен бирге көз каранды эмес мамлекеттүүлүктүн пайдубалын түптөп, адам укугу менен эркиндигин жогорку баалуулук деп жарыялаганын белгиледи Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ болгон укуктук акт экенин айткан Жапаров ал элдин улуттук идеологиясынын булагы жана улуттук иденттүүлүктүн негизги өзгөчөлүктөрүн айкындаган документ дагы экенин кошумчалады "Көп этностуу өлкөбүздө ар бир жаран өзүнүн корголушуна ишенген, биримдик менен туруктуулукту бекемдеген идеялык өзөк болуп саналат. Мына ошондуктан анын ар бир беренесин урматтоо баарыбыз үчүн маанилүү принцип болушу абзел. Бүгүнкү күндө дүйнө жүзү тездик менен өзгөрүп жаткан маалда биздин Конституция өлкөбүздүн укуктук системасынын туу чокусу жана өнүгүүнүн пайдубалы болуп калды, себеби анда улуттун бүгүнкүсү менен эртеңки келечегин аныктаган баалуулуктар сиңирилген. Ушу тапта мыйзамдын кол тийбестиги биринчи орунга коюлган демократиялык жана укуктук мамлекетти түзүп, эгемен элибиздин эрки менен кабыл алынган Конституцияны урматтоо аркылуу алдыга койгон максаттарыбызды ишке ашырып келебиз", - деди президент Конституциянын ар бир тамгасын бекем сактоо аркылуу кийинки муундарды Баш мыйзамды, элдин кылымдарды карыткан бай тарыхын, нарк-насилин жана ак ниет эмгегин урматтоого тарбиялоону Садыр Жапаров жарандардын эң башкы милдети деп атады Конституция мамлекеттин негизги мыйзамы гана эмес, эгемендиктин, демократиялык баалуулуктардын жана укуктук мамлекетти куруу жолундагы негизги багыттын бекем пайдубалы болуп саналарын өз куттуктоосунда Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиев белгилеп өттү: "Ал ар бир жарандын укуктарын жана эркиндиктерин кепилдеп, коомдогу туруктуулукту, биримдикти жана адилеттүүлүктү камсыз кылат. Баш мыйзамды урматтоо жана сактоо – ар бирибиздин ыйык милдетибиз. Мыйзам үстөмдүгү бекемделгенде гана өлкөбүз туруктуу өнүгүп, келечегибиз кең болот" Конституция коомдогу саясий, социалдык жана укуктук өзгөрүүлөрдү чагылдырып, бир нече жолу өркүндөтүлгөнү менен анын мамлекеттин туруктуулугун, бийлик бутактарынын тең салмактуулугун жана адам укуктарынын артыкчылыгын камсыз кылуу деген негизги миссиясы өзгөрүүсүз бойдон калып келатканын өзүнүн куттуктоосунда Конституциялык соттун төрагасы Эмил Өскөнбаев белгиледи: "Бүгүн, глобалдык чакырыктар жана ички өзгөрүүлөр шартында Конституциянын мааниси дагы да артууда. Ал укуктук багыт берүүчү гана эмес, мамлекет менен коомдун өнүгүү векторун аныктаган адеп-ахлактык компас катары да кызмат кылат. Конституцияга сый-урмат мамиле, укуктук маданият жана ар бир адамдын жарандык жоопкерчилиги өлкөбүздөгү туруктуулуктун, прогресстин жана адилеттүүлүктүн негизги кепилдиги экендигине ишенем" Конституцияда жарыяланган, кепилденген укуктар менен эркиндиктердин сакталышы жана корголушу коомдук-саясий дискуссиянын өзөгүнө айланган темалардын бири болуп келет Саясат талдоочу Алмазбек Акматалиевдин пикиринде, беш жыл мурдагы конституциялык реформа үзүрүн берүүдө: "Бүгүнкү күндө иштеп жаткан Конституциянын жакшыраак, күчтүүрөөк жагы бар экенин акыркы беш жылда анын алкагында жасалган эмгектер, жетишилген ийгиликтер тастыктоодо. Себеби башаламандык, эч ким жоопкерчиликти албай калган, жалган партиялык-парламенттик системадан кетип жылдары, күчтүү президенттик бийликти түзүп, ошонун негизинде Конституция кабыл алганыбыздын жышааны го деп ойлойм. Албетте, Бул Конституцияда тобокелчиликтер да бар, аны да көрүп жатабыз. Баш мыйзам – мамлекеттин жагдайына, саясий абалга, элдин менталитетине жараша өзгөрүп туруучу документ. Дүйнөдө бизге окшогон жаш мамлекеттердин бир тобунда Конституциясы өзгөрүүгө дуушар болот. Мисалы, мына, жаныбыздагы Казакстан референдум жолу менен өзүнүн Конституциясын өзгөрттү. Өзгөрүүлөр болуп турат, мындан ары да болушу мүмкүн. Эң негизгиси – анда жазылган адам укуктарын, жарандык эркиндиктерди кайсы бийлик болбосун, кепилдик берип турушу, камсыздашы керек" Филология илимдеринин доктору, профессор Венера Сайпидин Баш мыйзам өзү да, ага сунушталган алымча-кошумчалар да элдин макулдугу менен кабыл алынуучу документ болгондуктан анын аткарылышын көзөмөлдөө да элдин укугу экенине көңүл бурууда: "Эмне үчүн Конституция жалпы элдик добуш берүү менен кабыл алынат? Эмне үчүн Конституцияга кичине өзгөртүү киргизилсе да жалпы элдик добуш берүү – референдум аркылуу кабыл алынат? Анткени Конституцияда жазылгандар биздин элдин жашоо тартибин, эрежесин аныктайт. Ошол эрежеге «макулмун» же «каршымын» деп ар бир адам өз добушун берет. Эмне үчүн жалпы эл шайлаган президент жана депутаттар колун Конституцияга коюп ант беришет? Бул жалпы элдин макулдугу менен кабыл алынган эреже-тартипти сактайм дегени. Элдин жана эл өзү колуна мандат-укук берип тандаган башчылардын-бийликтин ортосунда ушинтип беш жылга келишим түзүлөт. Келишим бузулуп баратса эл көзөмөлгө алып, бийликтеги кишиден «сакта, бузба» деп талап кылууга милдеттүү жана укуктуу. Эгер элдин ушул укугу бузулбаса, сакталса – бул демократия!" Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова Баш мыйзамда бекитилген беренелер жана принциптер толук иштеп жатат деп айтуу кыйын деген пикирде: "Иштеши керек болгон эң негизги принцип – мыйзамдын үстөмдүгү. Бул жагынан алып караганда көпчүлүк учурда мыйзам иштебей, күч үстөмдүгү болуп кетти. Кийинки көйгөй – соттордун көз карандысыздыгы жана адилеттүүлүгү. Биз буга да жетише алган жокпуз азыркы күндө. Сотторду көз каранды эмес деп айтыш кыйын, аны баарыбыз эле көрүп, байкап турабыз. Үчүнчүсү, жөнөкөй жаран үчүн Конституциядагы негизги нерсе – анын укуктарынын бекитилиши жана реалдуу турдө иштеши. Бул жагынан карасак, Конституция менчик укугун так кепилдеп жатат, бирок бул норма иштеген жок. Сөз эркиндиги деген кепилдик дагы аткарылган жок. Тынч жыйынга чогулуу эркиндиги жагынан да көйгөй көп. Конституцияны кооз кылып жазып коё берсе болот, бирок анын нормалары коомдун, ар бир адамдын жашоосунда иштебесе, анда мындай Конституциянын баркы деле болбойт, жөн эле кагаз бойдон кала берет" Өлкөнүн негизги мыйзамы кепилдеген жарандык эркиндиктер боюнча маселе соңку жылдары көп талкуу жаратууда Мисалы, кезегинде эгемендикке жол ачкан демократиялык кыймылдын түрдүү акцияларынын чордонуна айланган, кийин элдин бийликтин кетирип жаткан катасын ачык айтып чыккан, өлкө тарыхындагы олуттуу бурулуш окуялар орун алган борбордук Ала-Тоо аянтында да, көзгө көрүнгөн башка аянтчаларда да өтүп турган түрдүү жарандык акциялардын токтогонуна бир канча жыл болду Соңку жылдары Кыргызстанда пикири үчүн кармалып, сот жообуна тартылгандар көп катталды. Алардын көбүнө массалык башаламандык уюштурууга чакырык, бийликти күч менен басып алууга даярдык көрүү сыяктуу беренелер көп колдонулат. Журналисттер жапырт кармалып, пробациялык жаза алып, абакка кесилгендери болду Temirov Live, “Айт айт десе” жана “Клооп” медиа-долбоорлорунун маалыматтык материалдарын жана алардын негиздөөчүлөрү – журналисттер Болот Темиров менен Ринат Тухватшиндин ишмердигин сот экстремисттик деп тапты. Бул Кыргызстанда медиага байланыштуу колдонулган алгачкы чечим болуп калды. “Апрель” телеканалы да соттун чечими менен жабылды Жагдайга эл аралык укук коргоо уюмдары тынчсызданып, кыргыз бийлигине кайрылуу жолдоп келишет Ал эми УКМКда жетекчилик алмашкандан кийин акыркы жылдары атайын кызматтын түрдүү коркутуп-үркүтүүлөрүнөн, мыйзамсыз текшерүүлөрүнөн жабыркаганын, мүлкүн алдыртып койгонун, бизнесинен ажыраганын айтып чыккандар болууда. УКМКнын «коррупцияга каршы күрөш» жана эл арасында «кустуруу операциясы» деп аталып калган өнөктүгүнөн жабыр тартканын ондогон ишкерлер айтып, улам жаңы кайрылуулар чыгууда. Президент Садыр Жапаров даттанган ишкерлердин арызы каралып чыгарын убада кылды Ташиевдин ордуна келген төрага Жумгалбек Шабданбеков УКМКнын ичинде тазалоо жүрүп жатканын, 7 кызматкер атайын кызмат системасынан кетирилгенин, 83ү иштен алынганын жана 13ү тартип жазасына тартылганын билдирген. Ишкерлер коомчулугу менен жолугушканда ал мындан ары негизсиз кийлигишүү токтой турганын айтты Кыргыз бийлиги өлкөдө сөз эркиндиги буулганын четке кагып, бул жаатта абал жакшы экенине ишендирип келет. Президент Садыр Жапаров бийликке келгенинин беш жылдыгына карата курган маегинде Кыргызстанда сөз эркиндиги да, демократия да бар экенин белгилеген. Социалдык тармактарда, жалпыга маалымдоо каражаттарында жарандар "каалаганын айтып жатканы" демократиянын белгиси экенин билдирген "Укук коргоо органдары сүйлөп же сындап койгондорду кармап жаткан жери жок. Кармалгандар сөз эркиндигине жамынып алып, өлкөдө башаламандык болуп кетсе деп тымызын иш алып баргандар. Же ачыктан-ачык эле конституциялык түзүлүштү бузууга чакырык жасагандар", - деген ал Эгемендик алгандан берки тарыхында үч жолу элдик толкундоолордон кийин бийлик алмашкан Кыргызстанда Конституция да улам өзгөртүлүп келди. 2020-жылы өлкөнү башкарууну өз колуна алган азыркы бийликтин тушунда Баш мыйзамга өзгөртүү 2021-жылдагы конституциялык реформа аркылуу киргизилип, азыр өлкө мына ошол Конституция менен жашап жатат Беш жыл мурдагы реформа Кыргызстандын башкаруу формасын түп тамырынан бери өзгөрткөн соңку ири кадам болгон. Өлкө парламенттик-президенттик формадан толук президенттик башкарууга өткөн. Министрлер кабинетин президент өзү толук жетектеп, кадрдык маселелерди өз алдынча чечүү укугуна ээ болгон жана өлкөдө жаңы институт катары Элдик Курултай киргизилген Ошондон бери Баш мыйзамды өзгөртүү демилгеси дагы бир жолу көтөрүлдү 2025-жылдын күзүндө окуучу кыз Айсулуу Мукашева кабылган каргашалуу окуядан кийин президент Садыр Жапаров Кыргызстанда өлүм жазасын киргизүү керектиги тууралуу маселени көтөрүп чыккан. Конституциялык сот 2025-жылы 10-декабрда “Баш мыйзамга өзгөртүү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбооруна корутунду берүү боюнча президенттин сунушун карап, аны четке каккан. Консот өлүм жазасын конституциялык түзөтүү аркылуу калыбына келтирүү Баш мыйзамга ылайык келбейт, жол берилгис жана укуктук жактан мүмкүн эмес деген тыянакка келген Конституцияга ылайык, Кыргызстан эгемен, демократиялык, укуктук, светтик, унитардык жана социалдык мамлекет. Мамлекеттик бийликтин жалгыз булагы деп Кыргызстандын эли көрсөтүлгөн Азыркы тапта иштеп жаткан Конституция 2021-жылдын 11-апрелинде референдум (бүткүл элдик добуш берүү) аркылуу кабыл алынып, ошол эле жылдын 5-майында күчүнө кирген. Ал 5 бөлүмдөн жана 116 беренеден турат. Конституция ар бир жарандын өмүрүн, эркиндигин, коопсуздугун жана жеке кол тийбестигин кепилдей турганы, кыргыз тили мамлекеттик тил экени, орус тили расмий тил катары колдонулары жазылган Быйыл жыл башында Кыргызстанда Баш мыйзамга байланыштуу кызуу талкууга негиз болгон окуялар жүрдү 17-февралда Конституциялык сот мамлекет башчы Садыр Жапаровдун президенттик шайлоонун мөөнөтүнө байланыштуу кайрылуусун карап, Конституциянын 67-беренесин, 68-беренесинин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацын, 72-беренесинин 1-бөлүгүн "президенттик шайлоо 2027-жылдын 24-январында өтөт, Жапаров толук алты жыл иштейт жана бул президенттик биринчи мөөнөтү деп эсептелет, бир жаран эки мөөнөттөн ашык шайлана албайт" деген таризде чечмеледи Жапаров 2010-жылы кабыл алынган Баш мыйзам менен 2021-жылкы Баш мыйзамдагы президенттин мөөнөтүнө байланыштуу ченемдер талаш жаратып жатканын белгилеп, түшүндүрмө берүүнү суранган болчу Талаш-талкуу январдын аягында башталган. Конституциялык соттун мурдагы судьясы, юрист Клара Сооронкулова “Сереп” басылмасына 29-январда комментарий берип, 2021-жылы жаңы Баш мыйзам кабыл алынган соң кайрадан президенттик шайлоо өтүшү керектигин белгилеген. Ал президенттин жаңы Конституция белгилеген беш жылдык бир мөөнөтү өткөнүн, ошондуктан 2026-жылы шайлоо өткөрсө боло берерин сунуштаган Ошондон кийин бир катар саясатчылар жана юристтер пикирлерин билдирип чыгышкан Мына ушул өңдүү талкуунун фонунда – 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, быйыл президенттик шайлоо өткөрүүгө үндөгөн Бул окуядан кийин – 10-февралда Жапаровдун үзөңгүлөшү Камчыбек Ташиев Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары – Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы кызматынан алынды. 11-февралда талаштуу кайрылууга кол койгон бир нече мурдагы жетекчи кармалды. 12-февралда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу кызматтан кетип, ордуна Марлен Маматалиев шайланды Кыргыз коомчулугунда “75чилердин каты” делген ат менен белгилүү болуп калган кайрылуу президент Садыр Жапаров менен атайын кызматтын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин тандемин эле ажыратпай, саясаттагы бир топ өзгөртүүлөр менен камоолорго жол ачты. Ушул күнгө чейин анын чыныгы демилгечиси ким, Жогорку Кеңешке ким алып келген жана парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу боюнча комитетине кантип түшкөн деген суроолорго так жооп жок Ошентип, эгемен Кыргызстандын негизги мыйзамы кабыл алынып, иштеп жатканына быйыл 33 жыл болду. Конституциянын тарыхына кайрылсак, ал дагы кыргыз мамлекеттүүлүгү менен катарлаш өз жолун басып келе жатат Өлкө эгемендик алганга чейинки мезгил аралыгында Конституция өнүгүүнүн үч негизги этабынан өткөн Биринчиси, 1929-жылдагы автономия формасындагы кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн, конституциялык өнүгүүнүн тарыхындагы эң алгачкы Баш мыйзам. Ошол жылдын 30-апрелинде РСФСРдин курамындагы кыргыз элинин автономия түрүндөгү мамлекеттүүлүгү мыйзам менен бекитилген жана эң алгачкы, 97 беренеден турган Конституция кабыл алынган Андан кийинки Конституциянын кабыл алынган күнү – 1937-жылдын 23-марты. Бир жыл мурда, 1936-жылы Кыргыз Автономиялуу Социалисттик Советтик Республикасы (АССР) союздук (СССР) республика (Кыргыз ССРи) болуп кайрадан түзүлгөн Совет доорундагы үчүнчү, соңку Конституциянын кабыл алынган күнү – 1978-жылдын 20-апрели. “Өнүккөн социализм” концепциясын чагылдырган бул Баш мыйзам Кыргызстан толук эгемендикке жеткенден кийин кабыл алган 1993-жылдагы негизги мыйзамына чейин иштеди Союз урап, анын курамындагы 15 республика өз алдынча өнүгүү жолуна түшкөндөн кийин Кыргызстан да эгемен мамлекет катары өзүнүн алгачкы Баш мыйзамын кабыл алып, бекиткен 1990-жылдын 15-декабрында Кыргыз Республикасынын суверендүүлүгү жөнүндөгү декларация, 1991-жылдын 31-августунда Мамлекеттик көз карандысыздык жөнүндөгү декларация кабыл алынган Кыргызстан 1993-жылдын 5-майында жаңы Конституциясын бекитип, ошол күндөн тартып республика бул күндү тарыхый дата катары белгилеп келет Баш мыйзам Жогорку Кеңештин “легендардуу парламент” деп аталып калган, мамлекеттин көз карандысыздыгына саясий жана укуктук негиз түзгөн алгачкы курамынын 12-сессиясында кабыл алынган. Бул документ өлкөнү демократиялык, укуктук жана светтик мамлекет деп жарыялап, дүйнөлүк эксперттер Борбор Азиядагы эң демократиялык Конституция деп баалаган Конституция ошол күндөн бери көптөгөн өзгөрүүлөргө дуушар болду. Улам бир оңдоп-түзөө киргизиле берген референдумдар алгачкы президент Аскар Акаевдин тушунда башталып, баш-аягы 2005-жылы ал бийликтен кулатылганга чейин беш жолу (1994, 1996, 1998, 2001 (парламент аркылуу) жана 2003-жылдары) оңдолду. Өзгөртүүлөрдүн дээрлик баары, Акаевдин тушунда оппозиция, кийин саясат талдоочулар айтып келгендей, анын бийлигин, ыйгарым укуктарын бекемдөөгө, парламенттин таасирин алсыратууга алып келген 2005-жылы бийликтен кулатылган Акаевден кийин президент болгон Курманбек Бакиев да Конституцияны өзгөрттү. Алгач оппозициянын талабы менен 2006-жылы бийликтин тең салмактыгына багытталган аракеттер болсо, бир жыл өтүп-өтпөй Баш мыйзамды өзгөртүү боюнча кайра референдум жарыяланган. Анда Бакиев өз бийлигин бекемдеген 2010-жылыАпрель окуяларында Бакиев чет өлкөгө качып кетип, ушул эле жылы парламенттик башкарууга багыт алган Конституция кабыл алынган. Анда Баш мыйзам "2020-жылга чейин өзгөртүлбөй" тургандыгы белгиленген Ошого карабай мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин демилгеси менен Баш мыйзам 2016-жылдын декабрь айында референдум аркылуу өзгөртүлгөн 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин бийлик алмашкан соң 2021-жылы 11-апрелде жалпы элдик добуш берүү менен кезектеги жолу өзгөрдү. Анда президенттин ыйгарым укуктары кеңейтилип, бийликтин вертикалы чыңдалды. Мындай муктаждыкты президент Садыр Жапаров башында турган бийлик жоопкерчиликти күчөтүү зарылчылыгы менен түшүндүргөн
Diğer Haberler

SpaceXga qarshi sinf da'vosi: Uylarimiz zarar ko'rdi - Kıbrıs gazetasi - Kıbrıs News, Shimoliy Kipr Turk Respublikasi So'nggi daqiqa va kun tartibi yangiliklari

Tokayev YeIH faoliyatining asosiy yo‘nalishlari bo‘yicha hisobotni tingladi
