Tenqri
Bosh sahifa
Dunyo

Глобалдык жылуулук жана тоолуктар: Кыргызстан тоо экосистемасын кантип сактай алат?

Алдыдагы беш жылда жер жүзүн температура боюнча жаңы рекорддор күтүп жатат. Дүйнөлүк метеорологиялык уюм жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялап, жакынкы жылдары орточо глобалдык температура рекорддук деңгээлде сакталарын билдирди. Демек, дүйнө өлкөлөрү социалдык-экономикалык жашоосун климаттын жаңы шар

0 ko'rishkabar.kg
Глобалдык жылуулук жана тоолуктар: Кыргызстан тоо экосистемасын кантип сактай алат?
Paylaş:

Алдыдагы беш жылда жер жүзүн температура боюнча жаңы рекорддор күтүп жатат. Дүйнөлүк метеорологиялык уюм жаңы изилдөөнүн жыйынтыгын жарыялап, жакынкы жылдары орточо глобалдык температура рекорддук деңгээлде сакталарын билдирди. Демек, дүйнө өлкөлөрү социалдык-экономикалык жашоосун климаттын жаңы шарттарын эске алуу менен уюштурууга мажбур. Ал эми Кыргызстандын тоо күн тартиби министрлер кабинети тарабынан бекитилген Жол картанын негизинде аткарылууда. Анда бир катар ири долбоорлор мерчемделген. Бул арада өнөктөш уюмдар бийик тоолуу айылдарда изилдөө жүргүзүп, акыркы беш жылда климаттын өзгөрүүсү тоолуктардын турмуш-тиричилигине кыйла таасирин тийгизгенин дагы бир жолу тастыкталды Изилдөө Нарын облусунун катаал климаттык шарты жана мал чарбачылыгы менен белгилүү Ат-Башы районунда БУУнун Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунун "Тоолуу аймактарда жаратылыш ресурстарын туруктуу башкаруу" долбоорунун алкагында жүргүзүлгөн. Бул уюм Кыргызстандын демилгеси менен БУУда жарыяланган жылдар аралыгында тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттердин алкагында биздин өлкөнүн башкы өнөктөштөрүнүн бири болуп саналат Сурамжылоо Ат-Башы районунда климаттын өзгөрүүсү ачык көрүнүп жана туруктуу мүнөздө экенин көрсөткөн. 2020–2025-жылдар аралыгында кышкы кар, жайкы жаан-чачын азайып, кургакчылык күчөгөн. Ичүүчү жана сугат суулардын жетишсиздиги айыл чарбасына жана калктын бакубаттуулугуна түздөн-түз таасирин тийгизген Ал эми социалдык-экономикалык талдоо айылдык үй чарбалары климаттык шарттарга өтө көз каранды, калктын аялуу катмары жогору, эмгек миграциясы көйгөйү бар экенин көрсөткөн Азык-түлүк жана айыл чарба уюмунан "Кабар" агенттигине билдиришкендей, климаттын өзгөрүүсүнөн улам пайда болгон суунун жетишсиздиги, жаратылыш ресурстарынын деградациясы жана чектелген адаптация потенциалы айылдагы үй чарбаларына экономикалык жана социалдык кысымдарды күчөттү Аталган уюм утурумдук суу бассейндерин куруу, жайыттарда кудуктарды казуу, ирригациялык каналдарды калыбына келтирүү, сууну үнөмдөөчү технологияларды колдонуу, арзан насыя берүү сымал чараларды көрүүнү сунуштайт Кыргызстандын Жол картасындагы долбоорлор Тоо элинин климаттык өзгөрүүлөргө туруктуулугун жогорулатуу БУУнун жылдар аралыгында тоо аймактарын өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттеринего кирген Кыргызстандын Жол картасында да белгиленген Тоо күн тартибинин алдыда аткарыла турган долбоорлорунун айрымдары менен тааныштырып өтсөк: Мөңгүлөрдүн улуттук парктарын түзүү демилгеси Жогоруда мерчемделген кадамдардын баары толук аткарылып, көрсөткүчтөр жакшыртылышы керек. Ал дүйнөлүк өнөктөштөрдүн, эл аралык донорлордун көз алдында биздин өлкөнүн климаттык иш-чараларды жүргүзүү дараметин арттырып, инвестициялардын келишине шарт түзөт. Бул туурасында "Жашыл энергетика" коомдук фондунун төрайымы, эколог Анаркүл Султангазиева "Кабар" агенттигине билдирди Тоолуу региондорду өнүктүрүү боюнча беш жылдык аракеттер (2023–2027) Кыргызстандын демилгеси менен жарыяланган глобалдык демилге. Аталган беш жылдык тоолуу экосистемаларга жана жамааттарга байланыштуу глобалдык маселелерди эл аралык күн тартибине чыгарууну көздөйт. Беш жыл ичинде жаратылыш ресурстарын туруктуу пайдалануу, инвестиция тартуу демилгелери сунушталууда. Учурда Кыргызстан 2027-жылы "Бишкек+25" аттуу Экинчи тоо саммитин өткөрүүгө даярдык көрүүдө

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler