Tenqri
Bosh sahifa
Dunyo

Аннексияланган Крымда бензин тартыш, Харьковдо төрт киши каза тапты

Киев Орусиянын төрт жарым жылдан бери жүргүзүп жаткан баскынчы согушуна жооп кайтарып ал өлкөнүн армиясын күйүүчү май, жабдуулар менен камсыздаган жайларды бутага алганын айтып келет. Шейшембиде орус аскерлеринин соккусунан Харьковдо төрт киши набыт болгону кабарланды Херсон облусунун Орусия ээлеп

0 ko'rishazattyk.org
Аннексияланган Крымда бензин тартыш, Харьковдо төрт киши каза тапты
Paylaş:

Киев Орусиянын төрт жарым жылдан бери жүргүзүп жаткан баскынчы согушуна жооп кайтарып ал өлкөнүн армиясын күйүүчү май, жабдуулар менен камсыздаган жайларды бутага алганын айтып келет. Шейшембиде орус аскерлеринин соккусунан Харьковдо төрт киши набыт болгону кабарланды Херсон облусунун Орусия ээлеп алган бөлүгүнүн жетекчиси Владимир Сальдо Украинанын чабуулунан Крымга кетчү көпүрө кайрадан зыян тартканын, айдоочуларга башка жолду пайдалануу көрсөтмөсү берилгенин 9-июнда билдирди Анын алдыңкы күнү да Чонгар кысыгы аркылуу өткөн, жарым аралды Херсон менен туташтырган машина жолуна дрондон сокку урулган. Сальдо жол кыймылы калыбына келтирилгенин жазган Мындан тышкары орусиялык булактар 8-июнда Москва–Симферополь жүргүнчү поездине пилотсуз учак тийгенде машинисттин жардамчысы каза болгонун жана каттамдар токтогонун кабарлаган Крымдагы поездге урулган сокку тынчтык сүйлөшүүлөрүн жүргүзүү аракеттерин "абдан татаалдаштырды", - деп билдирди Кремл Украина ал соккуну расмий комментарийлеген жок. Орус аскерлери украин темир жолдорун бутага көп алат. Акыркы ошондой окуя 30-майда Запорожьеде катталган. Пилотсуз учактын темир жол инфраструктурасына жана поездге урган соккусунан, украин бийлигинин маалыматы боюнча, машинист каза тапкан, дагы эки киши жараланган Буга чейин Крымдын логистикасы, мунай базалары, абадан коргонуу системасы, кан жолдору, транспорт хабдары бутага алынып келген Айрым аналитиктер Киев аннексияланган жарым аралды обочодо калтырууну көздөгөнүн белгилешет Дүйшөмбүдө Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков аймакта азык-түлүктүн тартыштыгын алдын алуу үчүн тиешелүү мекемелер чара көрүп жатканын билдирди: "Албетте, тиешелүү органдар таңсыктыкка жеткирбөөнүн үстүнөн иштеп жатышат. Реалдуу негиз жок болсо да шашып азыктарды сатып алып жатышканын көрүүдөбүз. Эки жылдай мурун Москвада жана башка шаарларда жүйөсүз эле жабыла гречка сатып алышканын эстесеңер" Орусия көзөмөлдөгөн Крым жана Севастополдо украиналык дрондордун соккусунан кийин күйүүчү майдын таңсыктыгы жаралып, социалдык тармактардагы, Телеграм каналдардагы кабарларга караганда, айрым дүкөндөрдө шекер өңдүү товарлар тартыш болууда. Бирок Севастополдун тургундары тынчсызданууга негиз жок деп Рейтердин кабарчысына айтышты: "Бул маалда жылга эле шекер тартыш болот. Себеби бардыгы жер-жемишти консервация кылып, компот, кыям жасашат. Менде кыштан бери 15 килограмм шекер бар, кыямга жетет. Кээ бир акылынын айныган кишилер жанталашып гречка, туз, ширеңке топтоп жатышат. Менимче, ачарчылык каптабайт" - деп айтты жергиликтүү тургун Татьяна Мазур Дагы бир тургун Алена Легостаева кээ бир жерлерде чектөөлөр бар деп кошумчалады «"Яблоко" деген дүкөндө бир киши үч эле таңгак макарон алса болот деп айтышты. Биздин конушта мындай чектөө жок», - деди ал Украиналык дрондор аннексияланган аймакка күйүүчү май тарткан жолдорду бутага алгандан баштап Крымда майдын этегинен бери бензинди талон менен сатып калышкан, май куюучу жайларга узун кезектер пайда болгон Шейшембиде Орусиянын Энергетика министрлиги Крымды бензин менен камсыздоо үчүн кошумча чаралар көрүлүп жатканын билдирди Төрт жарым жылдан бери Москванын агрессиясынан жабыркап келаткан Украинанын куралдуу күчтөрү орус аскерлерин күйүүчү май, согуштук жабдуулар менен камсыздаган ишканаларды, логистикасын, башка жайларды бутага алганын айтып келет Ал арада Орусия кошуна өлкөсүн аткылоону улантып, Харьков облусунда шейшембиде кеминде төрт киши набыт болду, 20дан ашууну жараланды Мэр Игорь Тереховдун маалыматына ылайык, шаарга жапырт сокку урулганда жабыркаган кишилер арасында жашы жете элек балдар бар. Турак үйлөр, бизнес борбору, административдик имараттар, кафе, чиркөө жана машиналар зыян тартты. Дрондордун бири көп кабат турак жайга тийгени кабарланды

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler