Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Ысык-Көлдөгү браконьерлик 99%га кыскарды – Тентимишев

Ысык-Көлдөгү браконьерликти 99%га кыскартууга мүмкүн болду. Ал эми жакынкы жылдары аймакта таштанды көйгөйүн толук чечүү жана көлдүн экосистемасын масштабдуу изилдөө пландалууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кылычб

0 görüntülemekabar.kg
Ысык-Көлдөгү браконьерлик 99%га кыскарды – Тентимишев
Paylaş:

Ысык-Көлдөгү браконьерликти 99%га кыскартууга мүмкүн болду. Ал эми жакынкы жылдары аймакта таштанды көйгөйүн толук чечүү жана көлдүн экосистемасын масштабдуу изилдөө пландалууда. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин Ысык-Көл регионалдык башкармалыгынын башчысы Кылычбек Тентимишев “Кабар” агенттигине берген маегинде Ысык-Көлдүн учурдагы экологиялык абалы жана аны сактап калуу боюнча алдыдагы пландары тууралуу айтып берди — Жыл сайын Ысык-Көлдүн түбүнөн балык уулоочу торлор чыгарылат. Негизи көлгө жаңы торлордун салынышын алдын алуу кыйынбы же жылдар бою топтолгон торлорду тазалообу? — Учурда президенттин Ысык-Көлдү тазалоо жана аны экологиялык жактан туруктуу өнүктүрүү зарылдыгы так көрсөтүлгөн жарлыгы иштеп жатат. Мунун алкагында 3-4 жылдан бери бүткүл Ысык-Көл облусу боюнча браконьердик тармактар менен пландуу күрөш жүрүп жатат Өткөн жылы Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги тарабынан көлдөн 47 миң метр эски балык уулоочу тор чыгарылган. Ал эми үстүбүздөгү жылдын алгачкы 5 айында эле 30 миң метр тор алынган. Өткөн жылы материалдык-техникалык базабыз жаңыланып, 3 жаңы кайык алуу менен быйыл ишибизди күчтөндүрдүк. Азыркы учурда министрликте 6-7 катер иш алып барууда Бизден башка торлорду тазалоо менен Өзгөчө кырдаалдар министрлиги, экологиялык жана туристтик милиция да алектенет. Көлдө бир убакта ар башка кызматтардын 25ке жакын кайыгы иш алып барууда. Азыркы учурда жаңы торлор дээрлик табылбай калды. Ысык-Көлдөгү браконьерликти түп-тамырынан бери жок кылууга жетиштик десек болот. Мурун мыйзамсыз торлор көлдүн бардык жерине жайылган болсо, азыр андай көрүнүш жок. Биздин баамыбызда, браконьерликти 99%га кыскартууга мүмкүн болду Азыр элде түшүнүк жаралып, балык уулоо маданияты пайда болду. Кыргызстандын Балык уулоо спорту федерациясы түзүлүп, мурунку браконьерлер торлорду чыгарууга көмөктөшө башташты. Мындан ары да тазалоо иштери туруктуу негизде улантыла бермекчи — Ысык-Көлдү мыйзамсыз балык уулоочу торлордон толугу менен арылтууга мүмкүнбү же бул экологиялык кызматтар үчүн үзгүлтүксүз иш бойдон кала береби? — Албетте, болот. Биз бул максатка карай баратабыз. Азыркы учурда технологиялар тынымсыз өнүгүүдө. Биз 200 метр тереңдикке чейин түшүп, балык уулоочу торлорду аныктай турган суу алдындагы дрондорду колдоно баштадык. Ошондой эле тазалоо иштери жүргүзүлүп жаткан тилкелердин картасы да бар Бирок, көлдүн бир өзгөчөлүгү катуу толкун болгондо суунун астында калган торлор кайра өйдө көтөрүлүп, жээкке чыгып калышы мүмкүн. Жүргүзүлүп жаткан иштерге карабастан, эски торлор дагы эле чыгып жатат. Ал эми жаңы торлор мындан ары болбойт, анткени республиканын аймагына синтетикалык балык уулоочу торлорду алып кирүүгө толугу менен тыюу салынган — Акыркы жылдары аймакта желим баштыктарды колдонууга чектөөлөр киргизилген. Сиздин баамыңызда, бул чаралар Ысык-Көлдүн аймагын канчалык деңгээлде камтый алды? Же желим баштыктар дагы деле колдонулуудабы? — Бүгүнкү күндө Ысык-Көл облусундагы ири соода түйүндөрү желим баштыктарды жана бир жолу колдонулуучу пластик идиштерди колдонуудан баш тартышты. Бул процесске бара-бара чакан дүкөндөр да кошулууда. Алгач алдын алуу иштери жүргүзүлсө, андан кийин айып пулдар салына баштады. Бирок, маселе жазалоодо гана эмес. Ар бир адам жаратылышты сактоодо өз жоопкерчилигин түшүнүү үчүн адамдардын аң сезимин өзгөртүү зарыл Азыркы учурда желим баштыктарга альтернатива катары — кагаз баштыктар, кездемеден жасалган баштыктар пайда болууда. Тилекке каршы, калк желим баштыктарды бекер алууга көнүп калган, ал эми кагаз же кездеме баштыктарды сатып алуу керек. Ошондуктан түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, эл акырындык менен желимден баш тартууда Желим дагы деле тиричилик калдыктарынын негизги бөлүгү бойдон калууда. Таштанды аянттарын жана таштанды чогултуучу ишканаларды текшерүүдө калдыктардын көбүн желим баштыктар жана таңгактар түзөрүн көрүп жатабыз Бирок, тиешелүү мыйзамга ылайык, 2027-жылдан тарта Кыргызстандын бардык аймагында желим баштыктарын жайылтууга жана сатууга толугу менен тыюу салынат. Мында желим баштыктарды Ысык-Көл облусунун аймагына алып кирүү да токтойт. Бажы посттору да желим баштыктарын өткөрбөй калышат. Ошентип, өлкөдө экологияга терс таасирин тийгизген желим мындан ары колдонулбай калат — Бүгүнкү күндө тазалоочу курулмалардын иштешине карабастан Ысык-Көлдүн айланасындагы кайсы жерлер булганууга көбүрөөк дуушар болууда? — Бүгүнкү күндө эң чоң жүк облустун Ысык-Көл районуна туура келүүдө. Анткени, туристтердин негизги агымын дал ушул район кабыл алат. Туристтик инфраструктуранын басымдуу бөлүгү да ушул жерде топтолгон Муну менен катар туризм облустун башка райондорунда да жигердүү өнүгүп жатат. Конок үйлөрү, курорттук объекттер, боз үй шаарчалары курулуп, тоо туризми өнүгүүдө. Бул экономиканын өсүшүнө өбөлгө түзүп, ошол эле учурда катуу экологиялык талаптардын сакталышын талап кылат — Жакынкы аралыкта аймакта экологиялык чараларды мындан ары илгерилетүүнүн кандай негизги багыттары пландалууда жана көзөмөлдү күчөтүүдө эмнеге өзгөчө басым жасалат? — Биз браконьерлер менен күрөшүүнү жана көлдү эски торлордон тазалоону улантабыз. Мындан тышкары, Балыкчы жана Каракол шаарларында кытайлык инвесторлордун катышуусу менен эки таштанды өрттөөчү завод курулуп жатат. Караколдогу завод 2026-жылдын аягы — 2027-жылдын башында эле калдыктарды кабыл ала баштайт деп пландалууда. Ошондой эле Караколдо таштандыны кайра иштетүүчү жана иргөөчү ишкана иштеп жатат. Бул эки жаңы таштанды өрттөөчү заводдун жардамы менен Ысык-Көл облусундагы таштанды көйгөйүн толугу менен чечүүгө мүмкүн болот. Муну менен катар электр энергиясы да өндүрүлөт Дагы бир маанилүү багыт — иретсиз таштанды төгүүчү жайлардын санын азайтуу. Буга чейин облус боюнча 88ге жакын таштанды төгүүчү жай болгон. Азыр расмий түрдө 11 полигон иштеп жатат. Биз көзөмөл жүргүзүү жеңилирээк болушу үчүн ондон ашпаган ири объекттин иштешине басым жасап жатабыз Ысык-Көлдүн экосистемасына глобалдык илимий изилдөө иштерин жүргүзүү пландалууда. Азыркы учурда биз туруктуу илимий-изилдөө тобун түзүп жатабыз. Кийинки этапта Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигине караштуу Ысык-Көлгө жана ага куйган дарыяларга гидро-посттор түзүлөт. Алар жаан-чачындын көлөмүн, суунун биохимиялык курамын өлчөп, көлгө кандай заттар кирип жатканын көзөмөлдөп турушат. Ысык-Көл облусунда Жаратылыш ресурстары министрлиги тарабынан токойлорду, мөңгүлөрдү жана айыл чарбасынын айлана чөйрөгө тийгизген таасирин изилдөөгө багытталган иш-чаралардын комплекси жүргүзүлөт

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler