Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

"Парламент саясий чечим кабыл алышы керек". Гимнди жаңылоо аракети токтойбу?

Жыйында айрым депутаттар гимнди жаңылоо актуалдуу эместигин, мындан башка маанилүү маселелер бар экенин белгилеп, муну токтотууга байланыштуу парламент саясий чечим кабыл алышы керектигин айтып чыгышты Мунун алдында кыргыз өкмөтү гимндин текстине жана музыкасынын жаңы редакциясына ачык сынак жарыял

0 görüntülemeazattyk.org
"Парламент саясий чечим кабыл алышы керек". Гимнди жаңылоо аракети токтойбу?
Paylaş:

Жыйында айрым депутаттар гимнди жаңылоо актуалдуу эместигин, мындан башка маанилүү маселелер бар экенин белгилеп, муну токтотууга байланыштуу парламент саясий чечим кабыл алышы керектигин айтып чыгышты Мунун алдында кыргыз өкмөтү гимндин текстине жана музыкасынын жаңы редакциясына ачык сынак жарыялабай эле чыгармачыл союздарга, авторлорго мамлекеттик тапшырык менен жаздыруу чечими кабыл алынганын кабарлаган Ушул жылдын башында Жогорку Кеңештин тиешелүү комитети комиссиянын сынынан, сынактан өткөн, тандалып келген гимндин үч вариантын угуп, баарын тең четке каккан. Гимнди өзгөртүүнү мындан эки жылдан мурун парламенттин ошол кездеги спикери Нурланбек Тургунбек уулу сунуштап чыккан жана аны президент Садыр Жапаров дагы колдой турганы белгилүү болгон.Парламенттин соңку жыйынында гимн тууралуу парламент токтомуна өзгөртүү киргизүү долбоору талкууга коюлду. Анда ушул жылдын башында кабыл алынган токтомдун мөөнөтүн быйылкы жыл аягына чейин узартуу каралган. Бирок депутаттар арасында саясий чечим кабыл алынып, гимнди жаңыртуу аракетин биротоло токтотуу сунушу айтылды Алардын бири Дастан Бекешев депутаттарды бул токтомго каршы добуш берүүгө чакырды: "Азыркы мамлекеттик гимн жакшы эле. Токтомду канча жолу узарттык, сынакка келген чыгармалар жаккан жок. Азыркысынан жакшысы табылган жок. Андан көрө токтотуп коелу, эмнеге мөөнөтүн улам узартып жатабыз? Биз алагды кылган нерселер менен алектенип жатабыз. Мындан дагы орой сөздү айтпай эле коеюн. Токтомду четке кагалы, ошону менен жумуш бүтөт. Мамлекеттик гимнди өзгөртөм деп жаткан адамдар деле азыр жок".Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков эки жылга жакын убактан бери гимнди жаңылоо аракетинен майнап чыга электигин айтты:"Жогорку Кеңеш 2024-жылы токтом кабыл алып, ошону аткаруу максатында эки этап менен сынактар өттү. Экөөнү бириктиргенде жалпысынан 902 долбоор келип түштү. Мамлекеттик катчынын төрагалыгы астында мекемелер аралык комиссия түзүлгөн, белгилүү композиторлор, акындар, профессионалдар кирген".Жогорку Кеңештин дагы бир депутаты Элвира Сурабалдиева буга байланыштуу парламент саясий чечим кабыл алышы керектигин айтты: "Ушунча убактан бери бир жакшыраак вариант табылган жок. Ошондуктан парламент саясий чечим кабыл алып, эч кимди убара кылбай, буга чейин жаралып калган түшүнбөстүктү токтотуп, токтомду жокко чыгарсак. Силерде дагы, бизде дагы жумуш толтура. Андан көрө маданият жаатындагы жакшы, президентибизди уят кылбаган иштерди кылсак. Мамлекет башчысына деле сөз тийип жатса керек. Элдин жашоосун жакшыртууга байланыштуу чоң маселелер бар. Гимнге убакыт коротпой, андан көрө Маданият министрлиги, депутаттар дагы башка нерсе менен алек болсок болмок. Биз ортодо ыңгайсыз болуп жатабыз, силер дагы убара болуп, жаманатты болуп жатасыңар. Биз буга каршы добуш берип, токтотолу" Натыйжада Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин төрайымы Гүлнара Акимбаева маселени күн тартибинен алуу тууралуу сунуштады "Гимн боюнча комиссия түзүү тууралуу токтомду Жогорку Кеңеш кабыл алган. Анын курамына Жогорку Кеңештин депутаттары, коомдук ишмерлер, композиторлор жана башкалар кирген. Азыр токтомдун долбоорун четке какканда деле парламенттин токтому күчүндө эле калат. Андыктан бул жерде айтылгандай саясий чечим кабыл алыш үчүн ага атайын сунуштар керек. Ошол токтомду кайрадан карап чыгыш керек. Бул маселени күн тартибинен алып салууну сунуштайм",-деди Акимбаева.Натыйжада бул сунушту көпчүлүк жактырып, добуш берүүдөн өттү. Эми гимнге байланыштуу маселе кайрадан тармактык комитетте каралат жана бир ыктай чечим кабыл алынат.Буга чейин маданият министринин орун басары Союзбек Надырбеков тармактык комитеттин жыйынында өкмөт гимндин текстине жана музыкасынын жаңы редакциясына ачык сынак жарыялабай эле чыгармачыл союздарга, авторлорго мамлекеттик тапшырык менен жаздыруу чечимин кабыл алганын билдирген. Аталган министрлик жоопкерчиликти өзүнө алып жатканын айткан Ушул жылдын башында Жогорку Кеңеш комиссиянын сынынан, сынактан өткөн, тандалып келген гимндин үч вариантын угуп, баарын тең четке каккан. Үч варианттын текстин жана обонун ким жазганы айтылган эмес. Комитеттин жыйынына гимнди өзгөртүүгө байланыштуу түзүлгөн комиссиянын айрым мүчөлөрү дагы катышкан жана тандалып алынган үч чыгарма угузулган Музыка таануучу, аталган комиссиянын мүчөсү Чынар Үмөталиева сынакка келген, тандалып алынган бир дагы чыгарма гимнге жарабай турганын айткан. Ал эң көп добуш алды деген биринчи варианттын музыкасын мындан бир канча жыл мурун советтик композитор Вано Мурадели жаратканын белгилеген."Биз баарын уктук, бир жыл отурдук. Көп адам сынакка катышты. Бирок бирөө дагы жараган жок. Музыкасы дагы, тексти дагы жараган жок. Гимн деген өзгөчө бир бийик чакырык, музыкалык, эпикалык чакырык. Кыргыз элин алсак, бул баатырдык чакырык. Азыркы гимндин музыкасын биздин белгилүү Насыр Давлесов, Калый Молдобасанов жазган. Биздин азыркы гимнибиз абдан эле жакшы, абдан сонун, тексти дагы, обону дагы, музыкасы дагы сонун. Бул композиторлор Москвадан окуп, дүйнөлүк музыка искусствосунун эрежелерин билип, ошону колдонуп келген чоң адистер болчу. Биз азыр үч ырды тандап алдык. Анткени башкалары талапка такыр эле жакындаган дагы жок. Жөн эле жеңил-желпи ырлар болду. Ушул үч үлгүнүн эң жакшысы эле Мураделинин обону болду. Бирок ал обон бир канча жыл мурун жазылган. Кайта эле бизге эскиси жагымдуу болуп жатат. Бирок анын темпи жарабайт. Темп салмактуу болушу керек, маршка жакын болушу керек. Ал эми биринчи жана экинчи үлгү такыр эле жарабайт",-деген Үмөталиева Мамлекеттик гимнди өзгөртүү демилгесин 2024-жылы Кара-Кыргыз автоном облусунун түзүлгөнүнүн 100 жылдыгына арналган иш-чарада ошол маалдагы парламент төрагасы Нурланбек Тургунбек уулу көтөргөн. Ал “мамлекеттик гимн баарына оңой ырдалгыдай жана бирдей ыргакта болушу керек” деген пикирин билдирген. Ошондой эле азыркы гимн ырдаганга оор экенин, алтургай "куштарды үркүткөн учурлар болгон" деген окуяны укканын айткан. Кийинчерээк бул демилгени президент Садыр Жапаров колдоп, мамлекеттик символду өзгөртүү заман талабы экенин айткан Парламенттеги талкууга байланыштуу президент Садыр Жапаров жана анын администрациясы азырынча комментарий бере элек.Бул сунуш коомчулукта ошондон бери кызуу талаш-талкуу жаратып келе жатат Эгемен Кыргызстандын гимни 1992-жылы 18-декабрда кабыл алынган. Анын сөзүн Жалил Садыков менен Шабданбек Кулуев, обонун Насыр Давлесов менен Калый Молдобасанов жазган. 2013-жылы улуттук символиканы өзгөртүү үчүн түзүлгөн депутаттык комиссия гимндин экинчи куплетиндеги “бейкуттук” жана “досторуна даяр дилин берүүгө” деген мааниси талаштуу сөздөрдөн улам аны алып салууну чечишкен. Бул өзгөртүү дагы бир топ талаш-талкуу менен коштолгон

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler