"Кызыл аянтка да жетет деп коркуп жатышат". Кремлге жакын жерге дрон тийди
Орусиянын борбор калаасынын мэри Сергей Собяниндин айтымында, кымбат райондогу асман тиреген көп кабаттуу имаратка 4-майда эртең менен урулган соккудан эч ким жабыркаган жок Агенттиктер менен социалдык тармактарда жарыяланган видеолордон өйдөкү кабаттагы бир же эки батир толугу менен талкаланганы

Орусиянын борбор калаасынын мэри Сергей Собяниндин айтымында, кымбат райондогу асман тиреген көп кабаттуу имаратка 4-майда эртең менен урулган соккудан эч ким жабыркаган жок Агенттиктер менен социалдык тармактарда жарыяланган видеолордон өйдөкү кабаттагы бир же эки батир толугу менен талкаланганы, жерде сыныктар жатканы көрүнүп турат Украина Кремлге болжолу менен 6 километр жакын жайгашкан турак жайга урулган соккуга байланыштуу комментарий жасай элек Мындан туура үч жыл мурун дрондордун бири Кремлдин ичиндеги имаратка тийгенде чатыры өрттөнгөн. Москва ошондо чабуулду украин аскерлери койгонун билдирген Ошондон бери пилотсуз учактар орус бийлигинин кеңсесине мынчалык жакындаган эмес Башкалааны Абадан коргонуу системалары катуу кайтарат. Сергей Собянин Москваны бутага алган дагы эки дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди Бул окуя Жеңиш күнүнүн урматына Кызыл аянтта өтө турган парадга беш күн калганда болуп отурат Быйылкы иш-чара чектелген форматта уюштурулары, оор техника ага катышпай турганы кабарланган. Орус Коргоо министрлиги 28-апрелде билдиргендей, 9-майда Кызыл аянттан жөө аскерлер өтүп, «Су-25 учактары башкалаанын асманын орус желегинин түстөрүнө боёйт» Украинанын президенти Владимир Зеленский адаттагы салттан баш тартып, парадды аскердик техникасыз өткөрүү чечими Орусия мурдагыдай кубаттуу болбой калганынан кабар берет деп эсептейт: “Орусия 9-май парадына аскердик техника катышпайт деп жарыялады. Андай болсо, көптөгөн жылдан бери алгачкы жолу парад техникасыз өтөт. Алар дрондор Кызыл аянттын үстүнөн учат деп коркушат. Мунун өзүнчө мааниси бар, ушу тушта Орусия кубаттуу болбой калганынан кабар берет», - деп айтты Зеленский 4-майда Ереванда өтүп жаткан Европанын саясий жамаатынын саммитинде Согуштук техника Москвадагы парадга 2007-жылдан бери үзбөй катышып келген Өткөн аптада орус жана АКШ президенттери телефондон сүйлөшкөндө Дональд Трамп Владимир Путинге 9-майга карай убактылуу элдешүү жарыялоону сунуш кылганын айткан. Кремл Путин кайсы күндөргө ок атышпоо режими киргизилерин тандай электигин билдирген 30-апрелде Зеленский өз өкүлдөрүнө Трамптын командасы менен байланышып, кеп Москвадагы "параддын коопсуздугун камсыздоо максатындагы бир нече саат же андан узак мөөнөт тууралуу жүрүп жатабы, билүү тапшырмасын бергенин" айткан Украин пилотсуз учактары негизинен Орусиянын армиясын күйүүчү май менен камсыздаган энергетикалык жайларды, айрым учурларда аскердик объектилерди бутага алып келет Жекшембиде Зеленский Балтика деңизиндеги порт инфраструктураларына чоң зыян келтирилгенин, мунай танкери, ракета ташыган кеме жана кайгуул катерине дүрмөттөр тийгенин билдирген.Орус аскерлери 4-майда Украинанын аймагын аткылоону улатты. Күндүз Харьков облусундагы Мерефа шаарына ракетадан сокку урганда жер тамдар менен көп кабаттуу үйлөр, төрт дүкөн зыянга учураганын, алты киши набыт болгонун, 23ү жаракат алганын аймактын башчысы Олег Синегубов билдирди Прокуратуранын баштапкы маалыматы боюнча, сокку «Искандер» баллистикалык ракетасы менен урулган Дүйшөмбүгө караган түнү чабуулдарга Укриананын Херсон, Днепропетровск, Донецк, Чернигов облустары да кабылды Тынчтык сүйлөшүүлөрүнүн бир нече раундунан майнап чыкпай келет. Еревандагы жыйында Зеленский ушул жай чечүүчү учур болуп каларын белгилеп, европалык лидерлерди Москвага дипломатиялык кысым көрсөтүүгө чакырды «Иштеп кете турган дипломатиялык форматты табуу зарыл, Европа кандай гана болбосун, сүйлөшүүлөргө катышууга тийиш», - деп айтты Зеленский
Diğer Haberler

SpaceX'e toplu dava: Evlerimiz zarar gördü - Kıbrıs Gazetesi - Kıbrıs Haber, KKTC Son Dakika ve Gündem Haberleri

Tokayev, AET faaliyetinin kilit alanlarıyla ilgili bir rapor dinledi
