Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Кыргызстан Борбор Азияда улуттук ЖИ инфраструктурасын түзгөн биринчи өлкө болушу мүмкүн

Жасалма интеллекттин өнүгүшү дүйнө жүзүндө санариптик трансформациянын негизги багыттарынын бири болуп калууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мамлекеттик тилде сапаттуу иштей алган технологияларды түзүү өзгөчө мааниге ээ. Өлкөдө кыргыз тилиндеги жасалма интеллект кандай өнүгүп жатканы, кандай долбоо

0 görüntülemekabar.kg
Кыргызстан Борбор Азияда улуттук ЖИ инфраструктурасын түзгөн биринчи өлкө болушу мүмкүн
Paylaş:

Жасалма интеллекттин өнүгүшү дүйнө жүзүндө санариптик трансформациянын негизги багыттарынын бири болуп калууда. Бүгүнкү күндө Кыргызстан үчүн мамлекеттик тилде сапаттуу иштей алган технологияларды түзүү өзгөчө мааниге ээ. Өлкөдө кыргыз тилиндеги жасалма интеллект кандай өнүгүп жатканы, кандай долбоорлор ишке киргизилгени жана тармакты мындан ары өнүктүрүү үчүн эмне зарыл экени тууралуу “Кабар” агенттигине AIRUN компаниясынын аткаруучу директору Чыңгыз Арзиев айтып берди — Бүгүнкү күндө кыргыз тилиндеги жасалма интеллект кандай өнүгүп жатат? — Бүгүнкү күндө кыргыз тилиндеги жасалма интеллект тездик менен өнүгүп жатат. Негизги жетишкендиктердин бири катары AIRUN — кыргыз тилинде толук кандуу иштеген биринчи ЖИ өзөгү түзүлдү. Ал жөн гана тилди формалдуу түрдө колдобостон, кыргыз тилинин өзгөчөлүктөрүн эске алып, мазмунун сапаттуу түшүнүп жана иштеп чыга алат Бул Кыргызстанда жасалган жана жергиликтүү шарттарды, колдонуучуларды жана мамлекеттик иштерди эске алган биринчи мындай деңгээлдеги система болуп саналат Сыноолордун жыйынтыгы боюнча AIRUN кыргыз тили менен иштөөдө жогорку сапатты көрсөтүүдө. Бул натыйжага тилдик маалыматтар, диалекттер жана кыргыз речинин өзгөчөлүктөрү менен тереңден иштешип жатып жеттик Кыргызстан үчүн өзүнүн суверендүү жасалма интеллектин өнүктүрүү өтө маанилүү. Бул жерде сөз технология тууралуу гана эмес, тилди сактоо, маданий контекст, санариптик көз карандысыздык жана критикалык инфраструктураны көзөмөлдөө жөнүндө да болуп жатат. Өлкө өзүнүн маалыматтарынын негизинде жана өз кызыкчылыктары үчүн ЖИни өнүктүрүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушу керек — Кыргызстанда кыргыз тилинде продукт иштеп чыккан компаниялар барбы? — Ооба, Кыргызстанда жасалма интеллект тармагында бир катар долбоорлор ишке ашырылууда. Ошол эле учурда биздин изилдөөлөр жана ички тесттер көрсөткөндөй, бүгүнкү күндө AIRUN кыргыз тили менен иштөө сапаты боюнча алдыңкы орунда турат Биз кыргыз тилинин диалекттерин, грамматикалык өзгөчөлүктөрүн жана алфавитин, анын ичинде “ү”, “ө”, “ң” сыяктуу өзгөчө тамгаларды эске алган уникалдуу тил өзөгүн түздүк — Жасалма интеллектти кыргыз тилине үйрөтүүдө кандай кыйынчылыктар болду? — Негизги кыйынчылыктардын бири диалекттер менен иштөө болду. Сүйлөөнү таануу системасын түзүүдө кыргыз тилинин аймактык өзгөчөлүктөрү бар экени аныкталды Бул маселе сапаттуу датасеттерди чогултуу жана так маркировкалоо аркылуу чечилди. Биз ар түрдүү үн (сүйлөө) маалыматтарына өзгөчө көңүл буруп, системаны өлкөнүн бардык аймактарындагы колдонуучуларды туура түшүнө тургандай деңгээлге жеткирдик — Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде нейрон тармактарды үйрөтүүгө жетиштүү маалымат барбы? — Тилекке каршы, азырынча жетиштүү эмес. Кыргызстан тил топтору аз өлкө болгондуктан, кыргыз тилиндеги санариптик контент дүйнөлүк тилдерге салыштырмалуу аз. Ошентсе да биз бардык жеткиликтүү маалыматтарды чогултуп, системалаштырып жана сапаттуу белгилеп чыктык. Бул моделдерди окутууда жакшы натыйжа берди — AIRUN базасында кандай долбоорлор ишке ашырылды? — Бүгүнкү күндө AIRUN жасалма интеллектке негизделген сегизге жакын продуктуну өнүктүрүп жатат. Негизги долбоорлордун бири — AIRUN “Кайрылуу” платформасы. Ал мамлекеттик органдардын коомдук кабылдамаларын санариптештирүүгө багытталган. Бул система жарандарга кыргыз тилинде кайрылууларды, сунуштарды жана даттанууларды туура түзүүгө жардам берет. Түзүм Жогорку Кеңеште ишке киргизилип, практика жүзүндө колдонулууда Дагы бир маанилүү багыттардын бири — сүйлөөнү таануу жана синтездөө технологиялары. AIRUN кыргыз тилиндеги сүйлөөнү сапаттуу таанып, үн контентин жарата алат. Бүгүнкү күндө кыргыз тилинде 16 түрдүү үн моделдери түзүлдү. Алар мамлекеттик кызматтарда, колл-борборлордо, билим берүүдө жана медиада колдонулушу мүмкүн Ошондой эле биз кыргыз тилиндеги санариптик аватарды иштеп чыктык. Келечекте бул технология жарандарды автоматтык түрдө маалымат менен камсыз кылууда жана мамлекеттик кызматтарды көрсөтүүдө колдонулушу мүмкүн. Учурда Жогорку Кеңеште санариптик алып баруучулар Мырза жана Айым колдонулуп жатат Өзүнчө багыт — фильмдерди жана видеоконтентти субтитр аркылуу которуу. Колдонуучулар тасмаларды кыргызча субтитр менен же орусча субтитр менен көрө алышат. Долбоор Этномедиа медиакомпаниясы менен биргеликте ишке ашырылууда жана ал компаниянын платформасында жеткиликтүү Ошондой эле биз банк сектору, финансылык техникалык компаниялар, телеком операторлор жана ири соода тармактары менен кызматташып, колл-борборлорду жана кардарлар менен иштөө кызматтарын автоматташтырууга жардам берип жатабыз — Мындай технологияларды өнүктүрүүдө мамлекеттик колдоо канчалык маанилүү? — Мамлекеттик колдоо абдан маанилүү роль ойнойт. AIRUN чечимдерин алгачкылардан болуп Жогорку Кеңеш колдонуп баштады. Кыргыз тилин жана жасалма интеллектти өнүктүрүү долбоорлорун колдогону үчүн Жогорку Кеңештин төрагасы Марлен Маматалиевге жана анын командасына ыраазычылык билдиребиз Ошондой эле Бишкек мэриясынын жана Санариптик технологиялар борборунун колдоосун белгилеп кетүү керек. Бул алардын санариптик трансформацияга кошкон маанилүү салымы болуп саналат Бүгүн Кыргызстан үчүн маанилүү этап башталды. Өлкө жасалма интеллектти жөн гана колдонбостон, өзүнүн технологияларын түзө алган мамлекет катары эл аралык деңгээлде таанылышы керек Учурда көпчүлүк ЖИ чечимдери чет өлкөлүк моделдерге таянат. AIRUN — өлкөнүн ичинде түзүлгөн кыргызстандык жасалма интеллект. Азырынча региондо мындай деңгээлдеги суверендүү тил моделдери жок Кыргызстан Борбор Азияда өзүнүн улуттук жасалма интеллект инфраструктурасын түзгөн биринчи өлкө болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ. Бул үчүн жергиликтүү технологиялык иштеп чыгууларды колдоо жана аларды ишке киргизүү абдан маанилүү Ошондой эле эсептөө инфраструктурасын өнүктүрүү маселеси да маанилүү. Улуттук жасалма интеллектти мындан ары өнүктүрүү үчүн жабдууларга, маалымат борборлоруна жана эсептөө кубаттуулугуна инвестициялар керек. Мамлекеттик колдоо бул багытта чоң роль ойнойт жана өлкөнүн санариптик көз карандысыздыгын бекемдейт

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler