Кобахидзенин сапары: Кыргызстан Грузиядан кандай сабак алат?
Бир учурда постсоветтик мейкиндикте демократиялык баалуулуктарга умтулуп, соңку жылдары Кремлдин таасирине кайтканы айтылган Грузия менен учурдагы алака кандай? Президенттик администрация Ираклий Кобахидзенин келиши тарыхый мааниге ээ экенин жана эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөнд

Бир учурда постсоветтик мейкиндикте демократиялык баалуулуктарга умтулуп, соңку жылдары Кремлдин таасирине кайтканы айтылган Грузия менен учурдагы алака кандай? Президенттик администрация Ираклий Кобахидзенин келиши тарыхый мааниге ээ экенин жана эки өлкө ортосунда дипломатиялык мамилелер түзүлгөндөн берки Грузия өкмөтүнүн Кыргызстанга биринчи расмий сапары болуп каларын белгилеп жатат Садыр Жапаров менен Ираклий Кобахидзенин жолугушуусу 12-июнда болуп өттү Кыргыз президенти эки өлкөнүн дипломатиялык алакасы соңку жылдары бир топ солгундап кеткенин, Грузия премьеринин сапары аны жогорку деңгээлге чыгарууга мүмкүнчүлүк берерин билдирди Садыр Жапаров өз сөзүндө Грузиянын реформалык тажрыйбасы Бишкектин кызыгуусун жаратарын белгиледи “Бул сапар эки өлкө ортосундагы саясий диалогдорду мындан ары тереңдетүүгө, соода-экономикалык байланыштарды кеңейтүүгө жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты жаңы деңгээлге чыгарууга чоң түрткү берерине ишенемин. Урматтуу Кобахидзе мырза, сиздин жетекчилигиңиз алдында Грузия социалдык-экономикалык өнүгүү, мамлекеттик институттарды бекемдөө жана инвестициялык чөйрөнү жакшыртуу боюнча маанилүү реформаларды ишке ашырууда. Бул багыттагы Грузиянын тажрыйбасы жана жетишкендиктери биз үчүн кызыктуу. Өз кезегинде Кыргызстанда акыркы жылдары мамлекеттик башкарууну бекемдөө, экономикалык туруктуулукту камсыз кылуу, инфраструктураны өнүктүрүү жана өлкөнүн эл аралык аренадагы аброюн жогорулатуу боюнча олуттуу кадамдарды жасадык. Ушуга байланыштуу эки өлкөдө реформалар жаатында тажрыйба алмашуу жана өз ара пайдалуу демилгелерди колдоо үчүн кеңири мүмкүнчүлүктөр бар деп эсептейбиз” Ираклий Кобахидзе Бишкек менен Тбилиси бири-бирин эл аралык аренада да жакшы колдоп келатканын айтып, Кыргызстандын Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешине туруктуу эмес мүчө болуп шайланышы менен куттуктады. Алдыда Грузия дагы Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун төрагалыгына ат салышып жатканын, ал жаатта Бишкектин колдоосуна ишенерин билдирди. Соода, туризм, айыл чарба жана санариптештирүү жаатындагы кызматташтыктын мүмкүнчүлүктөрү зор экенин белгиледи “Ынтымак Ордодон” билдиргендей, жогорку деңгээлдеги Биргелешкен билдирүүгө, ошондой эле саясий, экономикалык, гуманитардык, билим берүү, укуктук жана башка тармактарда кыргыз-грузин кызматташтыгын мындан ары чыңдоого багытталган бир катар эки тараптуу документтерге кол коюлду Алардын арасында мамлекеттик мүлктү башкаруу, ветеринария жаатында, радиациялык коргоо, ядролук коопсуздук жана коргоо маселелери, билим берүү жаатындагы кызматташуу, ташылып өтүүчү товарлар жана транспорт каражаттары жөнүндө маалыматтарды алдын ала алмашууну уюштуруу, спорт жана укуктук чөйрөдөгү кызматташуу боюнча меморандумдар бар Грузин өкмөт башчысы Бишкекте 13-июнга чейин болот. Кыргызстан менен Грузия жакшы дипломатиялык алакада экенине карабай, бири-биринде элчиликтери жок. Экөөнүн ортосунда визасыз режим саясаты иштейт Саясат таануучу Эмил Жороев грузин өкмөт башчысынын сапары геосаясий кызыкчылыктарды сүрөп турганын боолголойт “Грузиянын премьер-министринин бүгүнкү сапарында биринчи кезекте саясий эмес, экономикалык, соода жана азыр өзгөчө талкууланып жаткан “Ортоңку коридор” деген транспорттук байланыш темасы көбүрөөк орун алды деп ойлойм. Канткенде да, эки мамлекеттин ортосундагы ушундай окшоштуктар жана эки тараптуу кызыкчылыктар бар экендиги, албетте, дайын” Айткандай эле, Кобахидзе эки тараптуу кызматташтык “Ортоңку коридор” аркылуу бекемделе турганын айтты. Муну менен катар, "Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолу менен Грузиянын порттук инфраструктурасын байланыштыруу маселелерине көңүл бурулганы" белгилүү болду 2000-жылдардын башынан бери бир катар ыңкылаптарды башынан кечирген Кыргызстан менен Грузиянын тагдырында бир топ окшоштуктар жана олуттуу айырмачылыктар бар. Эки өлкөнүн саясий системасы либералдуулукка умтулуусу, массалык нааразылыктар жана жарандык активдүүлүктүн айынан бийликти бат-баттан алмаштыруусу боюнча бири-бирине үндөшүп турат Грузия 2003-жылдагы «Розалар ыңкылабы» жана андан кийинки парламенттик шайлоолордун натыйжасында бир нече жолу президент алмаштырган. Бийликти алмаштыруу көп учурда өлкөнүн саясий багытынын кескин бурулушуна алып келген. Кыргызстан Борбор Азияда элдик толкундоолор аркылуу үч жолу бийлик алмаштырган жалгыз өлкө.Грузия – парламенттик республика. Аткаруу бийлиги негизинен Министрлер кабинетинин колуна чогулган. Президент көбүнчө өкүлчүлүк мүнөздөгү кызмат болуп эсептелет. Кыргызстан 2021-жылдан тарта президенттик башкарууга өткөн. Аткаруу бийлиги толугу менен президенттин карамагында болуп, бийликтин вертикалы кескин күчөгөн Эки өлкө тең өз аймагында жарандык коом менен сөз эркиндигинин деңгээлинин бийиктиги менен өзгөчөлөнүшөт. Бирок, экөөндө тең соңку жылдары бейөкмөт уюмдар менен жалпыга маалымдоо каражаттарын муунткан мыйзамдар көбөйүп келет. Эки өлкө тең эл аралык отчеттордо демократиянын тамыр алышы солгундаган жана сот системасынын көз карандысыздыгы кыйынчылыктарга тушуккан мамлекеттер катары аталып келет Саясат таануучу Эмил Жороев Михаил Саакашвили бийлик башына келип, Грузияда кардиналдуу реформаларды ишке ашырган кездери кыргыз саясатчылары да алардан үлгү алып, ал жакка байма-бай каттап калышканын эске салат. Бирок, соңку жылдары орусиячыл олигархтар башкарган Тбилисиге Кремлдин үстөмдүгү Бишкекке караганда да күчтүүрөөк болуп кеткенин айтат.“Азыр болсо Грузиянын Саакашвилиден кийинки жетекчилиги Орусияга ыктаган олигархтары негиздеген партиясы үстөмдүк кылып, азыркы кезде кайра эле кайсы бир деңээлде биз сыяктуу демократиянын, жарандык эркиндиктердин, адам укуктарынын приоритетин азайтып, анын ордуна геосаясий, кайсы бир деңгээлде экономикалык кызыкчылыктарды алдына коюп, Батышка бир сын көз менен тирешип карап, көбүрөөк орус тарабына ыктап турган кези” Грузиянын тышкы саясаты мурдараак Батышка ыктап, Евробиримдик менен НАТОнун мүчөлүгүн көздөп келсе, Михаил Саакашвилиден кийин келген бийликтери Кремлге көбүрөөк кылчактайт. Кыргызстан дагы Орусия менен стратегиялык союздаштыкты артык көрүп, ал жетелеген ЕАЭБ менен ЖККУнун мүчөлүгүн сактап келет. Муну менен катар көп багыттуу мамиле тутканга аракет кылат Кыргызстан менен Грузиянын өз ара соодасынын көлөмү 2025-жылга чейин ырааттуу өсүп келди. Беш жылдык маалыматтарга көз чаптырсак, сооданын көлөмү 2021-жылы 20 млн долларга жакын болсо, 2024-жылы 85 млн долларга чукулдаган. Бирок, 2025-жылы көрсөткүч дароо 40% төмөндөп кеткен Быйылкы биринчи чейректеги көрсөткүчтөр боюнча да эки өлкөнүн соода алакасы кескин кыскарып кеткенин көрөбүз. Кыргызстандын экспорту дээрлик 30%, импорту 88% азайган
