Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Эрте бышкан мөмө-жемиштер: Ден соолукка пайдасы жана кооптуулугу

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ар бир адамга күн сайын кеминде 400 грамм жашылча жана мөмө-жемиш керектөөнү сунуштайт. Анткени бул азыктар адам ден соолугунун негизги азыгы болуп саналат. Бирок алардын пайдалуулугу менен катар коопсуздугу да маанилүү. Кыргызстанда өстүрүлгөн жана сырттан ташылып ке

0 görüntülemekabar.kg
Эрте бышкан мөмө-жемиштер: Ден соолукка пайдасы жана кооптуулугу
Paylaş:

Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму ар бир адамга күн сайын кеминде 400 грамм жашылча жана мөмө-жемиш керектөөнү сунуштайт. Анткени бул азыктар адам ден соолугунун негизги азыгы болуп саналат. Бирок алардын пайдалуулугу менен катар коопсуздугу да маанилүү. Кыргызстанда өстүрүлгөн жана сырттан ташылып келинген айыл чарба өсүмдүктөрү кандай көзөмөлдөнөт жана алардын адам ден соолугуна тийгизген таасири кандай? Бул суроолорго адистер жооп беришет Айыл чарба, суу ресурстары жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, жергиликтүү айыл чарба өндүрүүчүлөрү мөмө-жемиш, жашылча жана бакча өсүмдүктөрүн өстүрүүдө өлкөдө колдонууга уруксат берилген каражаттарды колдонушат Алардын катарында төмөндөгүлөр колдонулат: Анда белгиленгендей, өсүмдүктөрдү эрте бышыруу негизинен агротехникалык ыкмалар аркылуу камсыздалат. Алардын катарына күнөсканалар, көчөт өстүрүү, эрте бышуучу сортторду колдонуу, тамчылатып сугаруу технологиясы жана өсүмдүктөрдүн өсүшүн стимулдаштыруучу уруксат берилген каражаттарды пайдалануу кирет. Айыл чарба өндүрүшүндө мамлекеттик каттоодон өткөн жана колдонууга уруксат берилген каражаттарды гана пайдаланууга жол берилет Ал эми импорттолгон мөмө-жемиштерде жана жашылчаларда төмөнкү заттардын калдыктары кездешиши мүмкүн: Евразия экономикалык биримдигинин жана Кыргызстандын санитардык-эпидемиологиялык талаптарына ылайык, азык-түлүк продукциясындагы мындай заттардын өлчөмү белгиленген чектен ашпоого тийиш. Импорттолгон продукциялар фитосанитардык, санитардык жана лабороториялык көзөмөлдөн өткөрүлөт Баткен облусунун Кадамжай районуна караштуу Ак-Турпак айылынын тургуну, агроном жана кулпунай өстүрүү боюнча консультант Бактыбек Насыбалиев кулпунай өстүрүүдө колдонулган каражаттар жана алардын коопсуздугу тууралуу айтып берди Анын айтымында, өзү бир гектарга жакын аянтка кулпунай өстүрөт. Ошол эле учурда жергиликтүү дыйкандарга кеңеш берип келет. Анын көзөмөлүндө аталган мөмөнү өстүргөн дыйкандар жалпысынан тогуз гектардай жердин ар бир гектарынан орточо 24–26 тонна түшүм алышат. Өндүрүлгөн продукциянын 85–90 пайызы Россия менен Казакстанга экспорттолот Насыбалиевдин белгилешинче, кулпунайдын өсүшүн тездетүүчү атайын каражаттар колдонулбайт. Аймактын кургак климаты өсүмдүктүн жакшы өсүшүнө ыңгайлуу шарт түзөт. Ал эми нымдуулук жогору болгон жерлерде зыянкечтер менен оорулардын пайда болуу коркунучу болушу ыктымал Ошондой эле экспортко жөнөтүлө турган продукциялар лабораториялык текшерүүдөн өткөрүлүп, зыянкечтердин жана ар кандай оорулардын бар-жогу көзөмөлдөнөт. Мындай талаптар сыртка чыгарылган айыл чарба продукциясынын сапатын жана коопсуздугун камсыздоого мүмкүндүк берет И. Ахунбаев атындагы Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясынын №1 Академиялык клиникасынын жалпы практикалык дарыгери Кадича Кочкорованын айтымында, айыл чарба өсүмдүктөрүн өстүрүүдө колдонулган химиялык каражаттардын адамдын ден соолугуна тийгизген таасирине көңүл бурбай коюуга болбойт. Анын белгилешинче, айрым учурларда жер семирткичтер жана башка химиялык заттар белгиленген нормадан ашык колдонулушу мүмкүн

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler