Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

Бишкек кинофестивалы: Борбор Азиянын үнү, Одри Тоту жана блогерлер

Нурсултан Капаров кинофестивалдын алкагында тасмаларды акысыз көрсө болорун интернеттен билиптир. Жалал-Абад облусунун тургуну “Дүнүйө” тасмасын көрүү үчүн досу менен келгенин айтып берди “Фестивалдын ачылышын интернеттен көрүп калдык. Акысыз кино дегенинен досум экөөбүз келдик. Өзүм Ноокенде турам

0 görüntülemeazattyk.org
Бишкек кинофестивалы: Борбор Азиянын үнү, Одри Тоту жана блогерлер
Paylaş:

Нурсултан Капаров кинофестивалдын алкагында тасмаларды акысыз көрсө болорун интернеттен билиптир. Жалал-Абад облусунун тургуну “Дүнүйө” тасмасын көрүү үчүн досу менен келгенин айтып берди “Фестивалдын ачылышын интернеттен көрүп калдык. Акысыз кино дегенинен досум экөөбүз келдик. Өзүм Ноокенде турам. Эки-үй айда бир кино көрүү үчүн Манас шаарына барып турабыз. Көбүнчө комедия көрөм. Айрыкча Дөөпараз (Эмил Токтошев-ред.) ойногон кинолор жагат. Сүйлөгөнү, аткарганы мыкты. Акыркы болуп “Бейиш эненин таманында” деген тасманы көрдүм” Нурсултан көргүсү келген “Дүнүйөнү” режиссер Нуржамал Карамолдоева тарткан. Бул анын толук метраждуу алгачкы дебюттук тасмасы. Фильм былтыр 61-жолу өткөн Чикаго эл аралык кинофестивалынын сынактык программасына кирген Тасмада башкы ролду казак актеру Даурен Ташкенбаев ойногон. Ал режиссер менен Чикаго шаарында таанышкан экен “Бул менин толук метраждуу тасмадагы дебюттук ролум болду. Кино тартуу учурунда бизге АКШдагы Борбор Азиядан баргандардын диаспоралары жардам беришти. Тасмада ойногондордун көбү кесипкөй актерлор эмес, дээрлик баары эмигранттар. Кинодо менин жубайымды аткарган кыргыз кызы дагы АКШда жашайт. Кино 15 күндөй тартылды. Кыргызстандан режиссер, продюсер барды. АКШдан дагы кино адистери катышты. Жалпы жонунан эл аралык тасма десек болот. Анда АКШга барган үй-бүлө туура эмес кадамдардын айынан оор жагдайга кириптер болушат. Кино биринчи жолу былтыр Чикаго кинофестивалында көрсөтүлгөн. Көрүүчүлөрдүн басымдуусу америкалыктар болгон. Тасмадан кийин көп суроолорду беришкен. Кинодо азыркы коомдун оор көйгөйүнө айланган лудомания маселеси көтөрүлгөн” Реалдуу окуяга негизделген тасма АКШда тартылган. Анда бул өлкөдөгү кыргыз мигранттарынын жашоосу баяндалат. “Сынчы” басмасынын автору Адам Алишер кино реалдуу окуялардын негизинде тартылганын белгиледи “Негизи мен дагы бир жылдай АКШда, Чикагодо жашадым. Андан кийин Кыргызстанга кайтууга туура келди. Кинонун атмосферасы жакты. АКШдагы кыргыздардын чыныгы жашоосун көргөзүптүр. Ал жакта полицияга чалыш керек болсо да чала алышпайт. Анткени андан кийин көйгөй башталарын билишет. Колдон келсе чыр-чатакты тынч жол менен жайгарганга аракет кылышат. Көбүнчө түнкүсүн көчөгө чыгышат. Тасмада социалдык обочолонуу жакшы берилген. Кыргыздар бири-бири менен аралашып эле жүрөт, бирок жакшы жаңылыктарын жашырышат. Айрыкча туугандарына айтышпайт. Кыскасы, тасма мага жакты" IV Бишкек эл аралык кино фестивалынын ачылышы 7-июнда өткөн. Фестивалга кадырлуу конок катары “Амели”, “Коко до Шанель”, “Код да Винчи” тасмаларында ойногон дүйнөгө таанымал француз актрисасы Одри Тоту келген. Анын бишкектик күйөрмандары менен жолугушуусу 8-июнда өткөн Кинофестивалдын пиар-менежери Нурбек Иманов актриса дүйнөлүк киного, искусствого салым кошкон инсан катары сыйланганын айтты. Кыргызстандан бул сыйлыктын быйылкы ээси актер Догдурбек Кыдыралиев болду “Бишкек эл аралык кинофестивалынын башкы максаты - кинону өнүктүрүү, Бишкекти Борбор Азиянын киноиндустриясынын борбору катары таанытуу. Борбор Азиянын киносу чоң фестивалдарга катыша албайт. Бишкек эл аралык кинофестивалы болсо чөлкөмдү бир аймак катары көрсөтүүнү максат кылат. Фестивалдын алкагында Кыргызстан, Казакстан, Өзбекстан, Тажикстандын тасмалары Борбор Азия сынагында, чет элдик тасмалар дүйнөлүк сынак бөлүгүндө көрсөтүлөт. Кыргыз тасмалары өзүнчө критерий менен тандалат. Фестивалдын мүчөсү катары өзүмө кайсы тасма жакканын айта албайм. Анткени бул сынак. Кызыкчылыктар кагылышы болуп калышы мүмкүн. Бирок бир нерсени айта алам. Азыр Бишкекте монгол киносунун жумалыгы да өтүп жатат. Арасында былтыркы кинофестивалдын лауреаты болгон “Тынч шаардын айдоочусу” деген тасма да бар. Ошону көрүүнү сунуштайм. Анан Догдурбек Кыдыралиев катышкан кинолорду көрүш керек. Ал киши “Кожожаштагы” жана “Отрардын кыйрашы” деген казак тасмасындагы ролу менен эле дүйнөлүк актерлордун катарына кирген” Бишкек эл аралык кинофестивалынын башкалардан бир айырмасы катышуучулар кызыл эмес, көк түстүү килемдин үстүнөн басышат. Нурбек Иманов муну Манастын туусу көк болгону жана келген конокторду көктөгү жылдыздарга теңешери менен түшүндүрдү Муну менен катар ал килемдин үстүнөн блогерлердин басканына байланыштуу сын пикирлерге да жооп берди “Асман килем ошондой иш-чара. Башка өлкөлөрдөгү кинофестивалдарда кызыл килемден ырчы, модел сыяктуу белгилүү адамдар да өтөт. Ошол эле Канн, Берлин же Венеция кинофестивалын карагыла. Экинчиден, биздин 70% блогерлер киного же өзү тартылган, же аны тарткан, же продюсер болгон. Социалдык тармакта алардын чакырылышына байланыштуу талкуу былтыртан бери жүрүп келет. Бизде эми автордук да, мамлекет каржылаган кинолор да тартылып жатат. Андан сырткары коммерциялык кинону тарткандар көп. Коммерциялык кино тарткандар жумшаган акчасын кайра топтоп алыш керек. Ошон үчүн көбү блогерлерди чакырышат. Бул эми бизде эле эмес, бардык жакта болуп жаткан процесс. Азыр дүйнөдөгү кинотеатрларда А24 деген киностудия тарткан үч кино турат. Үчөө тең өзүн өзү актаган, көп сатылган тасмалар. Үчөөнү тең Ютуб блогерлери тарткан. Албетте, кинонун деңгээли бийик болбошу мүмкүн, бирок элге жагып жатпайбы. Эл өзүнө жаккан адамды көргүсү келет экен да. Блогерлер да кайра-кайра тартыла берсе, кесипкөйлүгү өсөт. Алардын таанымал болуп интернетти каптап кетишине биздин күнөөбүз жок. Өз күйөрмандары бар экен, колдоп жатышат”, - дейт Иманов Бул жылы кинофестивалда Кыргызстанда тартылган “Буйрук”, Казакстанда тартылган "Карабүжүр”, "Кашкалдак" тасмаларынын премьерасы өтөт. Ал эми сынактык программага Борбор Азиядан социалдык драма, фантастика, сатира жанрында тартылган тогуз тасма ат салышууда. Андан тышкары коммерциялык максатта тартылган кыргыз тасмалары үчүн өзүнчө сынак өтүүдө Киносынчы Гүлбара Төлөмүшова дээрлик бардык тасмалар чөлкөмгө таандык көйгөйлөрдү козгогонун айтты: “Кечээ, 8-июнда түрк режиссеру Сунай Терзиуулунун “Тектер, түйүндөр жана кумар”, тажик режиссеру Изабел Каландардын “Кайрадан жаралуу” тасмасы көрсөтүлдү. Түрк тасмасы Түркиянын аймагына топтолуп, Европага мыйзамсыз кеткиси келген мигранттар жөнүндө экен. Абдан курч көйгөйдү козгоптур. Тажик режиссеру Изабел Каландар АКШда чоңоюптур, бирок эне тилин унутпаш үчүн күн сайын эртең менен фарсы тилиндеги ырларды окучу экен. Азыркы киносун тартууга фарсы тилинде ыр жазган акын аял дем бериптир. Анын киносунда Бадахшандагы мигранттын үй-бүлөсү, атасын сагынып, көргүсү келген секелек кыздын окуясы баяндалат. Кыскасы, ар кандай жанрдагы тасмалары көрсөтүлүүдө. Жалаң эле автордук тасмалар катышкан жок. Мисалы, Өзбекстандын “Шамсикамар” тасмасы мелодрама. Анда күн балдары жөнүндө маселе козголгон” Кинофестивалга жалпысынан 39 өлкөнүн өкүлү келген. Маданий иш-чара алкагында режиссерлор жана сценарий жазгандар тажрыйба алмашып, кино жаатында билим алган студенттер үчүн мастер-класстар, көрүүчүлөр менен талкуулар өтөт Эл жазуучусу Топчугүл Шайдуллаева кинотеатрга ошондой талкууга катышуу үчүн келген экен. Фестивалдын алкагында анын үч аңгемесинин негизинде Актан Арым Кубат тарткан “Кара. Кызыл. Сары” тасмасы да көрсөтүлүүдө Жазуучу кыргыз киносунун азыркы арышына оң баа бергени менен козголо элек темалар дагы көп экенин белгилей кетти “Негизи ар бир доордун үнү, ар бир доордун тагдыры искусство чыгармаларында калышы керек. Калбай калган учурларды тарыхтын актай барактары деп жатпайбызбы. Биздин элдин тарыхында көп учурлар чагылдырылбай калып кеткен да. Бүгүнкү күндө кинодо тематикалык жактан чектелүү бардай. Эмнегедир Кыргызстандын бир системадан экинчи системага өтүп, жаңы заманды курган, элдин аң-сезими өзгөрүп жаткан мезгили искусстводо жакшы чагылдырылбай жатат. Айрыкча, эгемендик алгандан кийин баштан өткөн кыйын учурлар дагы, жакшы учурлар дагы китепте, кинодо калышы керек деп ойлойм. Азыр мен ошол учурду жазып жатам. Себеби, биз ошол доорду көрдүк, ошол доордун каармандарыбыз. Кинодо жеңил-желпини эле ойлобой, тереңирээк, фундаменталдуу маселеге да кайрылсак жакшы болмок. Албетте көрүүчүлөрдүн дагы талабын эске алыш керек. Ошого жараша кино жаралып жатат. Ушундай мезгилди да баштан өткөрүшүбүз керек. Бирок менин баамымда кыргыз киносу акырындап иргеле баштады” Уюштуруучулардын айтымында, Бишкек эл аралык кинофестивалдын жалпы байкеси 4,5 млн сом. Сынактын мыктыларын эл аралык калыстар тобу тандайт. Жеңүүчүлөргө 1,5 млн сом жана “Жаабарс” статуэтикасы тапшырылат Кыргызстанда кино жаатында жүргөндөр үчүн 2012-жылы"Ак илбирс" кино сыйлыгы негизделген. Ал көбүнчө улуттук киного салым кошкон маданий ишмерлерге ыйгарылат Соңку жылдары мамлекет кинону өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бура баштады. Өкмөттүн соңку маалыматына таянсак, 2026-жылы киного 928 млн сом бөлүнгөн. Төрт жыл бул сумма 80 млн сомду түзгөн

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler