Активист Мавлян Аскарбеков "кастыкты козутууга" шектелип кармалды
Бишкекте жарандык активист Мавлян Аскарбеков кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде айып тагылып жатканын 13-июнда "Азаттыкка" адвокаты Эрик Ирискулбеков билдирди Бөгөт чарасы 13-июнда Лен

Бишкекте жарандык активист Мавлян Аскарбеков кармалып, ага Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде айып тагылып жатканын 13-июнда "Азаттыкка" адвокаты Эрик Ирискулбеков билдирди Бөгөт чарасы 13-июнда Ленин райондук сотунда каралып, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына эки айга камакка алуу тууралуу чечим чыкты Жактоочу Эрик Ирискулбеков иштин жагдайы тууралуу "Азаттыкка" буларды билдирди: "12-июнда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде айып такты. Буга Фейсбукта жарыяланган маалымат боюнча жүргүзүлгөн лингвистикалык корутунду негиз болду. Бүгүн Ленин райондук сотунун судьясы УКМКнын тергөөчүсүнүн Аскарбековду атайын кызматтын тергөө абагына 12-августка чейин камакка алуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырды. Бизде беш күндүк убактыбыз бар, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беребиз" Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин жогоруда жактоочу айтып өткөн биринчи бөлүгүндө "Расалык, этникалык, улуттук, диний же аймактар аралык кастыкты (пикир келишпестикти) козутууга, улуттук кадыр-баркты кемсинтүүгө, ошондой эле жарандардын диний, улуттук же расалык таандыктыгына жараша өзгөчөлүгүн, артыкчылыгын же төмөндүгүн пропагандалоого багытталган аракеттер ачык же маалымат каражаттары, же интернет аркылуу жасалганда" деп жазылган Мындай кылмыштын жаза чарасы – 100 миңден баштап 200 миң сомго чейинки өлчөмдөгү айып пул же беш жылга чейинки мөөнөткө эркинен ажыратуу Активисттин иниси Бакыт Аскарбеков сотто тандалган бөгөт чарасына каршы кийинки инстанцияга арыз берилерин айтты. Анын билдиришинче, агасын үйүнөн атайын кызматтын өкүлдөрү кармап кетишкен: "Азыр соттук процессте өзү менен сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк болгон жок. Кармап кеткенин мен да кечээ соцтармактардан билдим. Өзү бүгүнкү соттук процессте "Үйдө кичинекей эки кызым менен отургам, эшикке чыксам эле УКМКнын он чакты кызматкери келип, эч кандай расмий кагаз жок эле кармап кетишти" деп айтты. Иш күн башталганда бүгүнкү райондук соттун аны камакка алуу тууралуу чечимине каршы апелляциялык арыз беребиз" Активист кармалганы 12-июндун кечинде белгилүү болгон. Аны кызматкерлери кармап кетишкенин социалдык түйүндөр аркылуу журналист Адилет Айтикеев билдирген. Ал активисттин эмне иш боюнча кармалганын тактаган жок.УКМК бул боюнча расмий маалымат бере элек Аскарбековдун жубайы да ал кармалганын ырастаган."Азаттыктын" кабарчысы жеринен маалымдагандай, сот имаратынын алдында Аскарбековдун тарапташтарынан, жакындарынан 20 чакты киши чогулду 12-июнда активист Фейсбуктагы баракчасына өзүнө карата провокациялык мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын жазып чыккан эле "Премьер-министрге кайрылып, Кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө үч УКМК кызматкери келип мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап азыр чыгарып жатышат", - деп жазган ал жума күнкү постунда жана интернетте тараган видеону кошо тиркеген 13 мүнөттүк "Жалган маалыматтын изи менен. Мавлян Аскарбековдун далилсиз сенсациясы" деген видеодо активисттин буга чейинки билдирүүлөрү сынга алынып, "...өлкөнү эч ким каптап кеткен жок, улуттук коопсуздук маселеси мыйзам менен темирдей корголгон" деп айтылат 47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген.Аскарбеков буга чейин парламенттин шайлоосуна бир нече жолу талапкерлигин койгон. Былтыр Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин ал талкуулардын биринде айткандары боюнча атаандаш талапкердин арызынын негизинде милицияга чакырылганын билдирген. Өзү талкууда эч бир адамдын кадыр-баркына шек келтирбегенин айткан. 30-ноябрда өткөн шайлоого активист №23 округдан катышып добуштардын 0,81% (285 добуш) алган


