Tenqri
Ana Sayfa
Dünya

37 жыл мурдагы зомбулук. Кытай Тяньаньмен окуясын эскерүүгө жол бербей келатат

Укук коргоочулардын айтымында, ошондо жүздөгөн, а балким, миңдеген киши набыт болгон. Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Бээжиндин цензурасы аскерлердин зомбулугун элдин эсинен жок кыла албайт деп билдирди Кытай башкалаасындагы борбордук аянттын айланасында коопсуздук чаралары күчөтү

0 görüntülemeazattyk.org
37 жыл мурдагы зомбулук. Кытай Тяньаньмен окуясын эскерүүгө жол бербей келатат
Paylaş:

Укук коргоочулардын айтымында, ошондо жүздөгөн, а балким, миңдеген киши набыт болгон. Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Бээжиндин цензурасы аскерлердин зомбулугун элдин эсинен жок кыла албайт деп билдирди Кытай башкалаасындагы борбордук аянттын айланасында коопсуздук чаралары күчөтүлдү. Рейтер агенттигинин кабарчысы жазгандай, 4-июнь жакындаган сайын Тяньаньмен жана Байыркы шаардын айланасында полиция кызматкерлеринин көбөйгөнү байкалып жатат. Бирок туристтер, зыяратчылар ал жерлерге ээн-эркин өтүүдө, жолдор ачык турат Өз кезегинде Гонконгдогу Козуэй-Бэй районунда Виктория паркына жакын жерлерде да коопсуздук күчөтүлдү. Мурда ал жакта он миңдеген киши катышкан эскерүү иш-чаралары өткөрүлүп, Тяньаньмен окуясында курман болгондордун урматына шамдар жагылчу. Бээжин коомдук тартипти сактоого шилтеп шаарда улуттук коопсуздук мыйзамын киргизгенден бери андай жыйындар уюштурулбай калды. Анын ордуна кытайчыл топтор альтернативалуу иш-чараларды өткөрүп жүрөт.Шаршембиде АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Бээжиндин цензурасы аскерлердин зомбулугун элдин эсинен өчүрө албайт деп айтты: “Өз оюн эркин билдирүүгө, тынч жыйындарга чогулууга болгон укугун коргоо үчүн өмүрүн садага чапкан адамдар бир күнү акталат” Эртеси Кытай Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Мао Нинг анын комментарийин өлкөнүн ички иштерине кийлигишүү деп сындады:"1980-жылдардын аягындагы саясий олку-солкунун шартында кытай өкмөтү так жыйынтыкка келген. Кытайлык мүнөзгө ээ социализм жолу – тарыхтын жана элдин тандоосу болгон, аны Кытайдын калкы кеңири колдойт жана эл аралык коомчулук тааныйт. Кытай бул жолдон тайбайт жана улуттук кайра жаралууну сүрөөнгө алат. Бир дагы мамлекет же күчтөр кытай элинин алдыга жылуусуна тоскоол боло албайт".Трагедиянын 37 жылдыгын утурлай Тайвандын президенти Лай Циндэ Кытай ал окуялар тууралуу “чындыкты моюнга алууга” тийиш деп билдирди:"Кытай 37 жыл мурун 4-июнда болгон окуяларга кайрадан ой жүгүртөт, чындыкты тааныйт, кайгыны басаңдатат жана жарашууга, диалогго жол ачат, адамдарга өз пикирин эркин айтууга, ар кыл муундардын жана түрдүү позициядагы жарандарга мамлекеттик чечимдерди кабыл алууга катышууга шарт түзөт" деп чын жүрөктөн үмүттөнөм... Билимдүү өкмөт жана коом жаштардын кыялдарын жок кылуунун, аңдып, зомбулук колдонуунун ордуна келечек муунга колдоо көргөзүшү керек" 1989-жылы жазында Тяньаньмен аянтында коммунисттик Кытайдын тарыхындагы эң чоң саясий протест башталган. Борбордук аянтка чогулган 1 миллиондон ашуун киши, көбү студенттер өлкөдө саясий реформа жүргүзүүнү талап кылышкан. Алты жумага созулган демонстрацияны 3-4-июнь күндөрү аскерлер танктардын коштоосунда ок ачып, күч менен баскан Адам укугун коргоочу уюмдар менен күбөлөр коогалаңда жүздөгөн, айрымдар миңдеген адам набыт болгонун айтышат Ошол маалдагы бийлик тополоңду Коммунисттик партияны төңкөрүүнү көздөгөн контрреволюциячыл күчтөр уюштурган деп айыптаган Кытайда ал окуя табуга айланган жана катуу цензураланып келет. Жаштардын көбү 37 жыл мурун Тяньаньменде эмне болгонун билбейт Ал кездеги бир топ студент репрессиялардан улам башка өлкөлөргө качкан Өткөн айда курман болгондордун жакындары түзгөн "Тяньаньмен энелери" уюму онлайн билдирүү жасап, бийликти демонстрация маалындагы зомбулук тууралуу чындыкты ачыкка чыгарууну, кенемте төлөөнү, күнөөлүүлөрдү жоопко тартууну талап кылышты No media source currently available

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler