20 жылдан кийин Европага жол: Туризм, инвестиция жана экспорт үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөр
Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылды. 20 жыл бою биздин өлкө аталган тизмеде турган. Акыркы үч жылда аткарылган иштер өз натыйжасын берип, Европага түз каттамдарды ачууга жол ачылып отурат. Буга чейин Кыргызстанда катталган авиакомпаниялар Европа бири

Кыргызстан учуулар коопсуздугу боюнча Европа биримдигинин “кара тизмесинен” чыгарылды. 20 жыл бою биздин өлкө аталган тизмеде турган. Акыркы үч жылда аткарылган иштер өз натыйжасын берип, Европага түз каттамдарды ачууга жол ачылып отурат. Буга чейин Кыргызстанда катталган авиакомпаниялар Европа биримдигинин аймагына уча алышчу эмес. Буга эл аралык стандарттардын жана Европа биримдигинин талаптары сакталбаганы жолтоо болуп келген. Эми кыргыз авиакомпаниялары Лондон, Париж сыяктуу шаарларга уча алат. Экономисттер “кара тизмеден” чыгуу бир гана түз каттамдарды аткарууга гана эмес, соода-экономикалык, туристтик байланыштарды арттырууга өбөлгө түзөт деп белгилешүүдө. “Кабар” агенттиги Европага сапар тартуунун аркасында өлкө кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болору тууралуу айтып берет Кыргызстанды Европа биримдигине учууларга тыюу салынган аба аркылуу ташуучулардын тизмесинен чыгаруу чечим Европа комиссиясынын Мобилдүүлүк жана транспорт боюнча башкы директоратынын билдирүүсүндө белгиленет. Бул Европа биримдигинин Учуулар коопсуздугу боюнча комитетинин (ASC) 19-21-майдагы жыйынынын жыйынтыгы менен кабыл алынды Кыргызстан бул тизмеде 2006-жылдан бери турган. Акыркы жылдары президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы менен жарандык авиациянын улуттук системасын ИКАОнун эл аралык стандарттарына шайкеш келтирүү боюнча иштер жүргүзүлдү Жарандык авиация мамлекеттик агенттигинин директору Данияр Бостонов "Кабар" агенттигине билдиргендей, бул тизмеге Кыргызстандын учактары Европа биримдигинин аба мейкиндигинде эл аралык, европалык стандарттарга жооп бербегендиктен, Европа комиссиясы 20 жыл мурда Кыргызстанды ошол тизмеге кошкон Анын айтымында, мамлекет башчысынын жетекчилигинде бул маселе алдыга жылып, "кара тизмеге" байланыштуу бардык маселелерди чечүүнү Мамлекеттик жарандык авиация агенттиги үч жыл мурун колго алган Данияр Бостонов Кыргызстандын тизмеден чыкканы өлкөгө болгон ишенимдин жогорулаганын билдирерин белгиледи Кыргызстандын Европа биримдигинин авиациялык “кара тизмесинен” чыгарылышы өлкө үчүн жөн гана түз каттамдардын ачылышын эле эмес, ал экономика, туризм тармагына түз таасир эте турган маанилүү окуя болуп саналат. Бул тууралуу экономика илимдеринин доктору Алмаз Кадыралиев “Кабар” агенттигине билдирди Алмаз Кадыралиевдин айтымында, Кыргызстан “кара тизмеге” киргизилгенде дээрлик 20 жыл бою европалык рыноктон обочодо болуп, өлкө бир катар экономикалык мүмкүнчүлүктөрүнөн ажырап калган. Эми кайрадан Европага түз каттамдардын ачылышы менен иштер бир кыйла илгерилемекчи Европага түз каттамдарды ачууга жол ачылат Экономисттин пикиринде, “кара тизменин” айынан Кыргызстандын авиакомпаниялары Европа биримдигинин аймагына уча алышчу эмес. Эми кыргыз авиакомпаниялары европалык талаптарга жооп бергенден кийин Франкфурт, Берлин, Лондон, Париж, Вена сыяктуу шаарларга түз каттамдарды ачууга мүмкүнчүлүк алышат Азыр Бишкек - Европа багытындагы жүргүнчүлөр негизинен Алматы, Стамбул, Дубай, Астана же Ташкент аркылуу учушат. Түз каттам ачылса жол убактысы кыскарат. Билеттин баасы да төмөндөшү мүмкүн. Каттамдардын көбөйүшү менен жылына миңдеген кошумча жүргүнчүлөрдү ташууга шарт түзүлөт Туристтердин агымы жогорулайт Кыргызстанга чет элдик туристтердин басымдуу бөлүгү Европа өлкөлөрүнөн келет. Бирок түз каттамдардын жоктугу ортодогу аралыкты алыстатчу. Эми туристтердин биздин өлкөгө жетүүсү жеңилдейт. Учуу убактысы жана жол чыгымдары азаят. Бул жагынан алганда, кышы-жайы дебей Кыргызстандын кооз жаратылышына суктанган туристтердин агымы өсүшү күтүлөт. Анткени учурда Ысык-Көлгө, тоо туризмине жана экотуризмге кызыгуу артууда. Ошол эле маалда ар бир келген туристти тейлөө кызматтары болот. Бул албетте, жергиликтүү тургундарга жумуш орунун түзөт, ал эми эс алуу жайларынын кирешесинин өскөнүнө жараша жергиликтүү бюджетке түшкөн салыктык каражаттар жогорулайт. Кыргыз авиакомпаниялары Европа рыногуна чыгуу менен жаңы кардарларды тарта алышат. Алмаз Кадыралиев бул тармактагы атаандаштыкты күчөтүп, кызмат көрсөтүүнүн сапатын жакшыртат деп эсептейт Инвестициялык жагымдуулук жогорулайт Алмаз Кадыралиевдин баамында, Евробиримдиктин чечими Кыргызстандагы авиациялык коопсуздук системасы эл аралык стандарттарга шайкеш келгенин көрсөтөт. Бул чет элдик инвесторлор үчүн өлкөнүн ишенимдүүлүгүн арттырат Жүк ташуу мүмкүнчүлүктөрү кеңеет Европага түз аба каттамдары экспорттоочулар үчүн дагы пайдалуу. Айыл чарба продукцияларынан тартып текстиль товарларына чейин жеткирүү жеңилдейт. Бул экспорттун көлөмүн арттырат. Азыр товарлардын көбү дарегине жеткичекти бир катар өлкөлөр аркылуу жөнөп жаткандыктан, чыгымды көбөйтүүдө. Авиаташуу жогоруда айтылгандай эле убакытты үнөмдөйт Европа комиссиясы Кыргызстандын 3 жыл ичинде жүргүзгөн иштерин оң баалады. Бул убакыт аралыгында мурдагы кемчиликтер жоюлуп, бардык иштер эл аралык стандарттарга шайкеш келтирилди. Бул өлкөнүн авиация тармагындагы өзгөрүүлөрү дүйнөлүк деңгээлде таанылганын билдирүүдө. Бул өлкөнүн имиджин дагы да жогорулатат Жыйынтыгында, бул чечим Кыргызстан үчүн жаңы аба дарбазаларын ачып, туризмди, инвестицияны жана эл аралык байланыштарды өнүктүрүүгө олуттуу түрткү бере турган тармак катары бааланууда


