Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

"Жылына жүздөй бут кесилет". Кант диабети кантип ооздукталат?

5-июнда өткөн жыйында диабетикалык бутту дарылоодо бирдиктүү протокол кабыл алуу, кант диабетинин алдын алуу чараларын күчөтүү маселеси көтөрүлдү. Жыйынды диабетикалык бут боюнча адистердин “Асподис” ассоциациясы уюштурду Хирург Дүйшөн Сыргаевге диабетикалык бут синдрому деген диагноз 2017-жылы кою

0 görüşazattyk.org
"Жылына жүздөй бут кесилет". Кант диабети кантип ооздукталат?
Paylaş:

5-июнда өткөн жыйында диабетикалык бутту дарылоодо бирдиктүү протокол кабыл алуу, кант диабетинин алдын алуу чараларын күчөтүү маселеси көтөрүлдү. Жыйынды диабетикалык бут боюнча адистердин “Асподис” ассоциациясы уюштурду Хирург Дүйшөн Сыргаевге диабетикалык бут синдрому деген диагноз 2017-жылы коюлган. Жыйында ал бутту ампутация кылбай сактап калса болорун өз мисалында айтып берди “2017-жылы мага диабетикалык бут синдрому коюлуп, ампутация кылуу сунушу түшкөн. Балдарым Түркияга алып барып, ошол жактан операция жасалып, үч ай дегенде жакшы болдум. Рецидив алты жылдан кийин болду. Максат Кубанычбековду 2022-жылдан бери жакшы тааныйм. Меники өтүшүп, остеомиелитке айланып кеткен экен. Көрүп эле дарылоону баштады. Бүгүн анын колунан миңдеген адамдар ампутациясы жок айыгып жатат. 2017-жылы Түркиядан подиатр деген сөздү биринчи жолу уккам. Педиатрбы же подиатрбы десем, көрсө бул диабетти дарылоодо бир нече тармакты алып жүрчү адис экен. Бир эле адис хирург, эндокринолог, ангиохирург, невролог, психолог болот экен да” Дарыгерлер кант диабети буттагы нервдерди өлтүрө турганын, анын айынан бейтап жараат алганын сезбей, аягы ампутация менен бүтүшү мүмкүн экенин эскертишет Статистикалык маалыматтарга таянсак, дүйнөдө ар бир 20 секундда кант диабети бар адамдын буту кесилет. Кыргызстанда бул дартты алып жүргөн канча бейтап ампутация болгону азырынча белгисиз Хирург Элвира Мазарипова Ош шаарындагы №2 хирургиялык бөлүмдө иштейт. Ал облустук оорукананын өзүндө эле жылына жүздөй адамдын буту ампутация болорун айтты: “Бейтапканалардын иши аксап жатат да. Өтүшүп кеткенде бизге келишет. Облустук ооруканада жылына жүздөн ашык адамдын буту тизеден өйдө ампутация болот. Бөлүмдө кырк койка болсо, анын 70-80% кант диабети менен ооругандар ээлейт. Негизинен буту кесилгендер жатат. Колдон келишинче ооруну алдын алып, түшүндүрүү иштерин жүргүзөбүз. Онлайн консультация жүргүзүп турабыз. Быйыл бейтап келгенде эмне кылыш керек, тырмактарын кантип караш керек деп атайын колдонмо чыгарганы жатабыз. Бирок биз бутту карай бергенибиз менен кандагы канттын өлчөмү жогору болсо дарылоо эч кандай таасир этпейт. Эң башкысы бут кийимди туура тандоо. Кечээ бир агай Акыркы коңгуроого тар бут кийим кийген экен. Бейшемби күнү операция болуп, бешинчи манжасы кесилди. Ошондуктан диабетте туура бут кийим кийүү абдан маанилүү” Дарыгерлердин айтымында, Кыргызстанда ушу кезге чейин кант диабетин дарылоодо бирдиктүү протокол болгон эмес. Бул диагнозду бейтапка эндокринолог койгону менен бөйрөгү ооруса нефролог, көзү ооруса офтальмолог, буту-колу чымыраса невролог карап, өз-өзүнчө дарылап келген Диабетикалык бут синдрому боюнча адис, “Асподис” ассоциациясынын негиздөөчүсү Максат Бообеков бирдиктүү дарылоо протоколу дарттын кесепеттерин алдын алууда чоң роль ойноруна токтолду: “Бейтаптардын буту ампутация болбосо экен деген адистердин саны көп эмес деп ойлойм. Эң пайдалуу дарылоо – бул маалымат. Тилекке каршы, бейтаптарга да, дарыгерлерге маалымат жетишпегени үчүн дарылоодо кемчиликтер кетүүдө. Диабетти биз оору эмес, коомдук маселе катары кабыл алышыбыз керек. Биз азыр бутка гана басым кылгыбыз келип жатат. Бирок бөйрөк, жүрөк да бар дегендей. Ошондуктан бул оору менен бир эле адис күрөшө албайт. Өлкөдөгү бардык адистер бул маселени талкуулап, протокол түзүп аны жайылтсак, диабет болуп ооругандардын бутун кестирбегенге аракет кылсак, ийгиликке жетебиз деп ойлойм. Жакшы команда топтоп, иштөө тартибин түзүп алсак, коңшу өлкөлөрдөн дагы бейтаптар келип дарыланмак, бул өлкөгө салым болмок” Бейформал жыйынга келген саламаттык сактоо министри Дамир Осмонов ооруну алдын алууда жергиликтүү бейтапканалар жана адистер маанилүү ролду ойнорун белгиледи “Бейтаптын бөйрөгү иштебей, көзү көрбөй же буту жара болгондо гана кант диабети коркунучтуу экенин билебиз. Дарыгерлер кант диабетин өтүштүрбөй, бейтапканада аныктай турган болсок, балким мындай ассоциация түзүлбөйт эле. Саламаттык сактоо министрлигинин эң негизги максаты – ушул бейтапканалардын ишин күчөтүү. Дарт өтүшүп кеткенде эмне кылабыз эмес, ошого кантип жеткирбейбиз деген маселеге көңүл бурушубуз керек. Жүрөгү ооруп келген бейтапка стенд койсоң болот, инфекция менен келсе дарыласаң айыгып калат. Кант диабети андай эмес, өмүр бою көзөмөлдөй турган дарт” Дарыгер Максат Бообековдун белгилешинче, диабетикалык бут синдромун дарылаган подиатрия медицинадагы жаңы багыт. Европа өлкөлөрүндө азырынча бул жаатта Испаниянын гана тажрыйбасы күчтүү. Түркияда болсо жаңыдан өнүгүп жатат. Жыйынга катышкан түрк дарыгерлери Кыргызстан бул багытта Борбор Азияда биринчи болуп аракет көрүп жатканын белгилешти Адистер кант диабети буттун нервдеринен башка көздү, бөйрөктү иштен чыгарып, башка органдарга да терс таасир этерин айтышат Уролог-андролог Нурбек Моңолов кант диабети менен ооруган адамдын жакындары дагы кыйналып, үй-бүлөдөгү маанай бузуларын айтты: “Кант диабетинин айынан гемодиализге түшүп калышат. Андай учурда үй-бүлөнүн материалдык абалы дагы начарлайт. Кант диабетине чалдыккан бейтап кыжынып, нааразы болуп, анын айынан жакындары менен мамилеси бузулат. Айрыкча эркектин тукум улоочу органы жабыркайт. Ошол проблема болбошу үчүн диабетти көзөмөл кылышыбыз керек. Оозду тыябызбы, тамактын сапатын көзөмөлдөйбүзбү, айтор бул бир кишинин же медицинанын эмес, социалдык көйгөй болуп жатат. Уйкуга да көп нерсе көз каранды. Мен операция да жасайм да, ошол операцияга келгендердин 90% кант диабети бар. Чукул келген учурда жашоосун уланткыдай убактылуу операция кылып, канты түшкөнчө күтөбүз. Денеге эки жолу бычак тийген деле оңой эмес да. Диабети бар киши операция болгондо жараат дароо бүтпөйт. Же кесилген жер жибибейт, заарасын кармай албайт. Кыскасы, оору операцияны оорлотот да” Айрым адистер кант диабетинин алдын алуу үчүн алты айда бир ден соолукту текшертип, анализ тапшырып турууну эскертишет Республикалык эндокринологиялык борбордун жетекчиси Наталья Добрынина көп адамдар ооруну алдын алууга көңүл бурбай, дарты өтүшүп кеткенде келет дейт “Тилекке каршы, дүйнөдө кант диабети оор көйгөй. Диабеттин 2-түрү эч кандай белги бербей өрчүйт. Көпчүлүк бейтаптар дарт өтүшүп кеткенде гана дарыгерге кайрылат. Ошон үчүн диабетти өз маалында аныктоо маанилүү. Биринчиден, өз убагында медициналык текшерүүдөн өтүш керек. Азыр бардык клиникада электрондук санарип картасы иштейт. Аны медайымдар бейтапты сурап толтурат. Ал жердеги сегиз суроого жооп берген бейтаптын баллы жогору болсо, кант диабетине күмөн санаса болот. Бирок эң маанилүү текшерүү - кандагы канттын өлчөмүн билүү. Аны бардык лабораторияда жасайт. Башында диабет эч кандай белги бербеши мүмкүн. Бирок ооз кургап, бат-бат дааратканага барып, теринин жарааты көпкө чейин айыкпай жатса көңүл буруш керек. Аялдарда жана эркектерде эректилдик дисфункция же тукум улоо жөндөмү бузулат. Көздүн көрүүсү начарлап, жүрөк-кан тамыр оорулары, атеросклероз пайда болушу мүмкүн. Кант диабети – бул өкүм эмес. Өкүм – оорунун өтүшүп кетиши. Эгер бейтап өзүндө кант диабети барын билсе, ичкен-жегенин көзөмөлдөсө, адиске убагында кайрылса, дени сак адамдардай эле өмүр сүрөт” 2025-жылдагы маалыматка таянсак, Кыргызстанда 90 миңдей адам кант диабети менен каттоодо турат. 2024-жылы бул дарт 84 миңден ашуун адамдан табылган. Дарыгерлердин болжолунда, дарт 300 миңдей адамда болушу мүмкүн Кант диабети - кандын курамындагы глюкоза нормадан ашып кеткенде пайда болуучу өнөкөт оорулардын бири. Буга уйку безинен инсулин бөлүнүп чыкпай же аны сезе турган рецепторлордун жакшы иштебей калганы себеп болот Кант диабети бир канча түргө бөлүнөт. Эң олуттуусу биринчи жана экинчи типтегиси. Биринчи түрү көбүнчө тубаса болот жана балдарда кездешет. Экинчи түрү кийин пайда болот. Адистер жылдан жылга кант диабетинин 2-тиби жашарып баратканын ага кыймылсыз жашоо, туура эмес тамактануу, стресс ж.б. факторлор таасир этип жатканын белгилешет

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler

"Жылына жүздөй бут кесилет". Кант диабети кантип ооздукталат? | Tenqri