Жасалма интеллект доорундагы кыргыз тили: Мүмкүнчүлүктөр жана чакырыктар
Жасалма интеллект күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып, билим берүү, бизнес, мамлекеттик башкаруу жана маалыматты иштеп чыгуу тармактарындагы ыкмаларды өзгөртүүдө. Технологиялардын глобалдык өнүгүүсү менен жасалма интеллектти киргизүү маселеси Кыргызстан үчүн да актуалдуу болууда. Алсак, бүгү

Жасалма интеллект күнүмдүк жашоонун ажырагыс бөлүгүнө айланып, билим берүү, бизнес, мамлекеттик башкаруу жана маалыматты иштеп чыгуу тармактарындагы ыкмаларды өзгөртүүдө. Технологиялардын глобалдык өнүгүүсү менен жасалма интеллектти киргизүү маселеси Кыргызстан үчүн да актуалдуу болууда. Алсак, бүгүнкү күндө жасалма интеллектти мамлекеттик тилде өнүктүрүүгө өзгөчө көңүл бурулууда. Анткени, заманбап нейротармактардын мүмкүнчүлүктөрүн дал ушул сапаттуу тилдик маалыматтардын бар болушу аныктайт Эксперттер кыргыз тилинин санариптик чөйрөдөгү келечеги аны заманбап жасалма интеллект технологияларына канчалык ийгиликтүү айкалыштырууга байланыштуу экендигин белгилешет И. Раззаков атындагы Кыргыз мамлекеттик техникалык университетинин Маалыматтык технологиялар институтунун директору, физика-математика илимдеринин доктору, профессор Гүлнара Кабаеванын айтымында, жасалма интеллекттин элементтери билим берүү чөйрөсүндө да, ар кыл багыттагы адистердин күнүмдүк иш-аракеттеринде да жигердүү колдонулуп келет Ошол эле учурда билим берүү материалдарын мугалимдер азыр деле өз алдынча иштеп чыгышууда. Жогорку окуу жайларында студенттердин жасалма интеллектти колдонуусуна көзөмөл да жүргүзүлүп келет. Алсак, бүтүрүүчүлөрдүн квалификациялык иштери текшерилет Профессордун пикиринде, өлкөнүн билим берүү тутумуна жасалма интеллектти толук кандуу киргизүү тууралуу айтууга азырынча эрте. Бул үчүн билимди баалоого, жекече билим берүү багыттарын калыптандырууга жана студенттер үчүн сунуштамаларды даярдоого колдонула турган атайын чечимдер керек Эң келечектүү багыттардын бири катары жасалма интеллект технологияларын кыргыз тилинде түзүү каралууда. Учурда И. Раззаков атындагы КМТУ бул багытта иштеп жаткан ата мекендик IT-компаниялар жана иштеп чыгуучулар менен кызматташууда Белгилей кетсек, университет кыргыз тилдүү жасалма интеллект чөйрөсүндө чечимдерди иштеп чыгуу менен алектенген “Улут Софт” компаниясы жана Кыргызстандын AI-коомчулугунун негиздөөчүлөрүнүн бири, алдыңкы дата-сайентист (Senior Data Scientist) Тимур Тураталинин жетекчилигиндеги Kramer Group командасы менен өз ара иштешүүдө. Ошондой эле университеттин өкүлдөрү профилдик хакатондорго, илимий-техникалык конференцияларга жана изилдөө долбоорлоруна катышууда Жаңы тармак үчүн кадрларды даярдоо “Жасалма интеллект жана машиналык үйрөтүү”, “Программалык инженерия” жана “Ири маалыматтарды талдоо” багыттары боюнча жүргүзүлүүдө. Көптөгөн студенттик долбоорлор ЖИ технологиялары менен түзүлүп, ал эми машиналык үйрөтүү ыкмалары маалыматтык коопсуздук жана киберкоргоо чөйрөсүндө жигердүү колдонулууда Жасалма интеллектти өнүктүрүүгө кызыгуу өсүп жатканына карабастан, негизги көйгөйлөрдүн бири кыргыз тилиндеги маалыматтардын жетишсиздиги болууда Гүлнара Кабаева белгилегендей, заманбап тилдик моделдер чоң көлөмдөгү тексттик жана аудио маалыматтардын базасында окутулат. Сапаттуу маалыматтардын көлөмү канчалык көп болсо, нейротармактар ошончолук так жана натыйжалуу иштейт Азыркы учурда адистер кыргыз тилиндеги тексттик жана аудио дататармактарды калыптандыруу менен алектенишүүдө. Бирок, бул процесс бир катар архивдик материалдарга жеткиликтүүлүктүн чектелүүсү, адабий булактарды пайдаланууга уруксат алуу зарылчылыгы жана санариптештирилген маалыматтардын көлөмүнүн жетишсиздиги менен татаалдашууда Бул көйгөйдү чечүү үчүн КМТУДа кыргыз илимий-техникалык тилинин корпусун түзүү боюнча долбоор ишке ашырылып жатат. Мындан тышкары, кыргыз тилинде жасалма интеллект жана санариптик технологиялар чөйрөсүндөгү ата мекендик иштеп чыгуучулардын жетишкендиктери көрсөтүлө турган атайын интернет-ресурс иштелүүдө Долбоорду ишке ашырууга окутуучулар, изилдөөчүлөр жана студент-ыктыярчылар катышууда. Бүгүнкү күндө иш негизинен университеттин ички ресурстарынын эсебинен аткарылууда Жасалма интеллект чөйрөсүндө кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча иштер мамлекеттик деңгээлде да жүргүзүлүүдө Президентке караштуу Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын санариптештирүү жана инновациялар бөлүмүнүн башкы адиси Талгат Садырбеков билдиргендей, бүгүнкү күндө кыргыз тили интернетте жана социалдык тармактарда кеңири сунушталган. Бирок, заманбап нейротармактардын толук кандуу иштеши үчүн бул маалыматтардын көлөмү азырынча жетишсиз Анын айтымында, негизги көйгөй технологиялардын жоктугунда эмес, сапаттуу, системалаштырылган тилдик ресурстардын жетишсиздигинде болууда Бул милдетти чечүү үчүн Улуттук комиссия эки ири долбоорду ишке ашырууда Алардын биринчиси — “Санариптик Кыргызстан” концепциясынын алкагында иштелип чыккан “Айтил” жасалма интеллекттин улуттук платформасы. Маалымдалгандай, учурда аталган платформанын үстүндө иштөө улантылып, анын мүмкүнчүлүктөрү да кеңейтилүүдө Бүгүнкү күндө “Айтил” текстти аудиого, аудиону текстке айландырууга, кыргыз тилдүү материалдарды талдоого жана жаңы тексттик мазмунду түзүүгө мүмкүнчүлүк берет. Эң көп суроо-талапка ээ болгон функциялардын бири — видеоматериалдарды кыргыз тилине автоматтык түрдө которуу менен үн коштоо жана субтитрлерин түзүү Экинчи масштабдуу долбоор — президенттин колдоосу менен түзүлүп жаткан Кыргыз тилинин улуттук корпусу Садырбековдун айтымында, бул корпус заманбап тилдик технологияларды өнүктүрүүгө багытталып, кыргыз тилиндеги сапаттуу тексттерди бириктирген ири санариптик маалымат базасы болот Азыркы учурда өлкөдө китептерди, журналдарды жана башка басылмаларды санариптештирүү боюнча масштабдуу иштер жүргүзүлүүдө. Иштелип чыккан соң материалдардын электрондук варианттары бирдиктүү маалымат базасына киргизилип, келечекте ата мекендик жасалма интеллект тутумдарын үйрөтүүгө пайдубал болуп калмакчы Корпусту маалыматтар менен толтуруу ишине окумуштуулар, билим берүү мекемелери, мамлекеттик уюмдар жана бардык кызыккан жарандар кошула алышат Ишке ашырылып жаткан долбоорлорго карабастан, адистер бул тармактын андан ары өнүгүшү үчүн системалуу мамиле жана узак мөөнөттүү мамлекеттик пландаштыруу керек деп эсептешет Гүлнара Кабаеванын айтымында, Кыргызстанда азырынча жасалма интеллектти өнүктүрүүнүн улуттук стратегиясы жок, ал эми дүйнөнүн жана аймактын көптөгөн өлкөлөрүндө мындай документтер эчак кабыл алынып, ишке ашырылууда Мындай стратегиянын болушу тармакты өнүктүрүүнүн артыкчылыктуу багыттарын, изилдөөлөрдү мамлекеттик колдоо механизмдерин, кадрларды даярдоону жана экономиканын ар кыл чөйрөлөрүнө инновациялык чечимдерди киргизүүнү аныктоого мүмкүнчүлүк бермек Мындан тышкары, КМТУда Колдонмо жасалма интеллект жана киберкоопсуздук изилдөөлөрү жана инновациялары борборун түзүү боюнча иштер жүрүп жатат, ал ата мекендик технологияларды өнүктүрүүдө негизги аянтчалардын бирине айланышы зарыл Адистердин пикиринде, мамлекеттин, илимий коомчулуктун жана IT-бизнестин күч-аракеттерин бириктирүү гана кыргыз тилинде жасалма интеллекттин толук кандуу өнүгүшүн камсыз кылууга мүмкүнчүлүк түзөт Улуттук тилдик корпустарды түзүү, “Айтил” платформасын өнүктүрүү, квалификациялуу адистерди даярдоо жана ченемдик базаны калыптандыруу өлкөнүн санариптик экономикасынын келечеги үчүн негиз салууда. Бирок, андан аркы прогресс Кыргызстан маалыматтардын жетишсиздиги көйгөйүн канчалык натыйжалуу чече аларына жана жасалма интеллект чөйрөсүндө системалуу саясатты кантип кура аларына байланыштуу болот

