Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

Жакынкы Чыгыштагы чыңалуудан мунай кайра кымбаттады

Тегеран өз чабуулун израилдик аскерлердин Бейрутту бомбалаганына жооп чара деп атаган. Израил “Хезболла” согушкер тобунун Ливандагы буталарына чабуул койгонун айтууда. Бул - тараптар 2 ай мурун ок атышпоо тууралуу макулдашкандан кийинки эң ири эскалация болуп калды. 7-июнда ошондой эле Кошмо Штаттар

0 görüşazattyk.org
Жакынкы Чыгыштагы чыңалуудан мунай кайра кымбаттады
Paylaş:

Тегеран өз чабуулун израилдик аскерлердин Бейрутту бомбалаганына жооп чара деп атаган. Израил “Хезболла” согушкер тобунун Ливандагы буталарына чабуул койгонун айтууда. Бул - тараптар 2 ай мурун ок атышпоо тууралуу макулдашкандан кийинки эң ири эскалация болуп калды. 7-июнда ошондой эле Кошмо Штаттар менен Израил Иранга каршы согуш баштаганына 100 күн болду “Эки тарап тең, Израил жана Иран ок атууну кечиктирилгис токтотууну көздөп жатат! Акылсыздык жана сабатсыздык тоскоол болбосо эле “тынчтык” орнотуу сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыктоочу баскычы уланууда. Биротоло келишим түзүлмөйүнчө, блокада күчүндө калат жана толук көлөмдө кала берет. Окуялар тез өнүгүшү керек”, - деп жазды Трамп Truth Social социалдык платформасындагы постунда Көп узабай Иран Израилди аткылоону токтотконун жарыялады Эки айдан берки ири эскалация Израилдин армиясы – ЦАХАЛ дүйшөмбүгө караган түнү Ирандын аскердик жайларына жана Хузестан провинциясындагы мунай-химиялык ишканага баллистикалык ракета менен сокку урганын билдирди Ислам жумуриятынын мамлекеттик медиасы мунай ишканасына сокку урулганын тастыктады. Алардын жазганы боюнча завод жарым-жартылай жабыркады. Телеканалдар ошондой эле Тегеран, Тебриз жана Исфахан шаарларында жарылуулар болгонун кабарлашты Ошондон кийин Иран Израилдин аймагын, аскердик базаларды кайрадан аткылаганын билдирди Ислам революциясынын сакчылар корпусу Неватим жана Тел-Нофтогу авиабазаларга сокку урулганын, муну менен Ирандын “үч жериндеги бир нече радиолокациялык станцияны аткылоого” жооп кайтарышканын билдирди ЦАХАЛдын маалыматы боюнча ракеталар атып түшүрүлдү, эч кандай зыян келтирилген жок. Израилде түн ичинде аба соккусун эскерткен сиреналар бир нече жолу жаңырды Өз кезегинде Тегеран колдогон Йемендеги хуси козголоңчулардын "Ансар Алла" тобу Кызыл деңизде Израилге байланышы бар кемелерди аткылай турганын эскертти Ирандын Тышкы иштер министрлигинин басма сөз катчысы Эсмаил Багаи соңку атышуу үчүн Кошмо Штаттардын айыптады “Биздин куралдуу күчтөр Ирандын өзүн-өзү коргоо укугунун алкагында ар кандай бутага тайманбастык менен сокку урууну чечип келатат. Сауд Арабиясына чабуул тууралуу армиядан эч кандай билдирүү алган жокпуз. Биздин регион санкцияланбаган операцияларга туш болгонун дайыма эскертип келатабыз" Axios басылмасы буга чейин жазгандай, америкалык лидер Израилдин премьери Биньямин Нетаньяху менен телефондон сүйлөшкөндө ыктымал келишимди үзгүлтүккө учураптоо үчүн Иранга жооп кайтарбоону өтүнгөн Кийин Financial Times гезити менен маектешкенде Трамп Нетаньяхунун Вашингтон менен Тегеран ортосундагы келишимге көнүүдөн башка аргасы калбайт деп айтты “Чечимдерди мен кабыл алам, бардык чечимдерди мен кабыл алам. Ал (Нетаньяху) чечим кабыл албайт”, - деп кошумчалады Трамп Жекшембиде Ирандын куралдуу күчтөрү Израилдин түндүгүнө бир нече ракета учурган “Бул бир жолку операция эмес, душман өз кылмыштарын токтотпосо, алдыдагы жумада күнү-түнү ракета жана дрондордун соккуларына туш болот”, - деп эскертти Ислам революциясынын сакчылар корпусу "Израил Бейрутту бомбалоо менен чектен чыкты” , - деп кошумчалады Ирандын өкүлдөрү. Жекшембиде ЦАХАЛ “Хезболланын” Ливан башкалаасынын түштүк конуштарындагы буталарына сокку урганын маалымдаган."Хезболла" Израилдин түндүк райондорун тынымсыз аткылаганы үчүн Дахияга чабуул койдук. ЦАХАЛ террордук уюмга каршы Ливандын бүт аймагында аракет көрүүдө жана соккуларын күчөтөт "Израил мамлекеттинин жарандарын аткылоого жол бербейбиз", - деп айтты Израил армиясынын (ЦАХАЛ) басма сөз катчысы Эффи Дефрин.Ливандын Саламаттыкты сактоо министрлиги Израилдин соңку операциясынан 3 миңден ашуун киши каза тапканын маалымдаган. Уруш 2-мартта "Хезболла" Ирандын таламын талашып, Израилге ракета ата баштаганда тутанган 8-апрелде убактылуу жарашуу макулдашуусу күчүнө киргенден бери Иран менен Израил бири-бирине мынлдай ири сокку урган эмес. Эскалация кара май баасынын кайрадан кымбатташына алып келди. Дүйшөмбүдө Брент маркасындагы мунайдын бир баррели 5% өсүп, 97 долларга сатылды 8-июнда Фарс кабар агенттиги Тегерандагы Мехрабад эл аралык аэропорту аба каттамдарын убактылуу токтоктонун маалымдады Анын алдында Ирандын Жарандык авиация уюму өлкөнүн батыш тарабында аба мейкиндиги “коопсуздук” үчүн жабылганын кабарлаган. Башкалаадагы Имам Хомейни эл аралык аэропортунун да иши да үзгүлтүккө учураган "Баарыбыз кедей болуп калдык" Жекшемби, 7-июнда АКШ жана Израил Иранга каршы согуш баштаганына туура 100 күн болду Соккулардан Ирандын инфраструктурасы жана өнөр жай ишканаларынын бир тобу кыйрагандыктан инфляция күч алып, жумушсуздук өстү “Фарда” радиосу маектешкен ирандыктар экономикалык абал начарлаганын айтып беришти Масуд ушу тапта иши жок отурат, үйүндө сэндвич даярдап, Тегерандагы метронун жанында сатат “Жан сактоо үчүн эмеректерибизди сатууга туура келди. Үйдөгү майда электр жабдыктарды, килем, башка буюм-тайымды чогултуп саттык”, - деп айтты ал Мындай оор абалга Масуддан башка миллиондогон ирандык кептелди Өлкөнүн экономикасы жылдардан бери эл аралык санкциялардан жана өкмөттүн туура эмес башкаруусунан жабыркап келатат. Эми 90 миллион калктуу Иран экономикалык кыйроонун кырында турат Тегерандык экономисат Жавад Рахимпурдун айтымында, эл акчасы түгөнөт деп коркуп турат: “Көбү мурда жыйнап-тапкан акчасын жумшап келатат. Муну көчөдөн байкаса болот, киреше азайды, элдин мурдагыдай болуп кымгуут түшкөнү көрүнбөйт” Азык-түлүк, дары-дармек, коммуналдык тейлөө кымбаттады Масуд мобилдик байланыш, электр энергиясынын баасы эселеп өскөнүн айтат “Баарыбыз кедей болуп калдык. Мурда орто класстагылар же андан өйдөрөөктөр, эми акчасы жетпей жакырланды” Апрелде Ирандын эмгек министринин орун басары Голамхоссейн Мохаммади өкмөттүн баамында согуштун айынан бир миллион жумуш орду жоюлганын, эми миллиондой киши жумушсуз калганын билдирген Мындан тышкары Тегеран режими 88 күнгө интернетти өчүрүп, элдин кайсы бир бөлүгү кирешеден кол жууп калды Өлкөнүн Соода палатасынын расмий өкүлү Афшин Колахи 12-апрелдеги жыйында дүйнөлүк желени өчүрүүдөн күнүнө 40 миллион доллар жоготуп жатканын айткан. Ал кыйыр чыгаша 80 миллионго жетерин кошумчалаган

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler