Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

Улуттук программа – 2030: Коопсуздук жана агрардык мүмкүнчүлүктөр чыңдалууда

Кыргызстанды 2025–2030-жылдар аралыгында өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу чаралары экинчи баскычка өттү. Мамлекеттик органдар программанын алкагында ушул кезге чейин аткарган иштердин жыйынтыктарын чыгарып жатышат. “Кабар” агенттиги министрлер кабинетинин планы кандай жүзөгө ашырылып жа

0 görüşkabar.kg
Улуттук программа – 2030: Коопсуздук жана агрардык мүмкүнчүлүктөр чыңдалууда
Paylaş:

Кыргызстанды 2025–2030-жылдар аралыгында өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу чаралары экинчи баскычка өттү. Мамлекеттик органдар программанын алкагында ушул кезге чейин аткарган иштердин жыйынтыктарын чыгарып жатышат. “Кабар” агенттиги министрлер кабинетинин планы кандай жүзөгө ашырылып жатканы боюнча маалымат берүүнү улантат. Бул ирет өлкөнү кырсыктардан коргоо, куткаруу кызматтарын заманбапташтыруу, ошондой эле азык-түлүк коопсуздугун камсыздоо жана агротармакты санариптештирүү багытында жүзөгө ашырылган иштер туурасында айтып берет 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планынын алкагында Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 2026-жылга карата кадамдарды белгилеген. Ал жылдын биринчи 3 айында 24%га аткарылды Ага ылайык төмөнкү иштер аткарылды: Ысык-Көлгө куйган мөңгүлөрдүн аянтын аныктоо үчүн өрөөндөгү мөңгүлөрдү инвентаризациялоо тапшырмасы 30%га аткарылган. Учурда спутниктик сүрөттөр даярдалып, тарыхый маалыматтар топтолуп жатат Ала-Арча, Суусамыр, Кара-Дарыя суу бассейндеринде кар катмарын өлчөөчү аэровизуалдык рейкалар алынып келди Чүй дарыясынын кооптуу жээктерин бекемдөө иштери 80% аяктаган. Учурда дарыянын Аламүдүн, Ысык-Ата, Сокулук райондорундагы тилкелеринде курулуш иштери жүрүп жатат Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда курула турган “Ала-Тоо Резорт” кар көчкү станциясынын долбоордук документациясы иштелип чыгып, 2026-жылдын 20-майында президенттинин Иш башкармалыгына караштуу “Кыргыз курулуш тейлөө” ишканасы менен келишим түзүлдү Голубина, Турген-Аксуу, Абрамов, Батыш-Сөөк мөңгүлөрүн изилдөө үчүн экспедиция пландалды Токойлорду калыбына келтирүү жана кеңейтүү боюнча план 40% аткарылды. Алсак, токой чарбалары тарабынан мамлекеттик токой фондунда 1606,98 гектар жерге токой өстүрүлгөн. Алардын басымдуу бөлүгү Жалал-Абад, Ош жана Баткен облустарында Калдык сактоочу жайларды жана кен калдыктарын рекультивациялоону жүргүзүү тапшырмасынын алкагында Кызыл-Жар жана Төө-Моюн объекттеринде рекультивация иштери аяктаган Кооптуу табигый процесстер өнүгүп жаткан тилкелер боюнча маалыматтарды санариптештирүү жана изилдөө боюнча 200 кооптуу тилкени санариптештирүү толугу менен аткарылган. Ошондой эле 1200 кооптуу жайдын жарымынан ашыгы изилденип, тийиштүү чараларды көрүү боюнча сунуштар жергиликтүү башкаруу органдарына жөнөтүлгөн Ош жана Баткен облустарын климаттык өзгөрүүлөргө ыңгайлаштыруу долбоорлору иштелип чыкты Жолдордун жана туристтик маршруттардын коопсуздугуна үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү системасын киргизүү чараларын ишке ашыруу үчүн ӨКМдин расмий сайтында туристтерди каттоого онлайн арыз берүү модулу жайгаштырылган. Ошондой эле өзгөчө кырдаалдарга өз убагында чара көрүү жана туристтердин коопсуздугун камсыздоо максатында Каракол шаарында 112 чалуу борбору ачылды Туристтик каттамдарды жана аймактарды түзүү багытында өкмөт тарабынан 7000 метр бийиктикке чыгууга уруксат берүү системасын киргизүү максатында мекемелер аралык комиссия “Туризм жөнүндө” мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизүүдө. Ал санариптик экономика, альпинизм, ESG стандарттары, туристтик ишмердүүлүктү лицензиялоо, гиддерди жана инструкторлорду аттестациялоо, тоо жана ачык чөйрөдөгү башка иш-чаралардын коопсуздугун камсыз кылууну камтыйт. ӨКМ тарабынан тоого чыгууда коопсуздукту камсыз кылуу, милдеттүү коштоо жана камсыздандыруу талаптары иштелип чыкты Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен “Кабар” агенттигине билдиришкендей, 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасында белгиленген табигый кырсыктардын алдын алууга өзгөчө көңүл бурулууда Өзгөчө кырдаалдардын таасири өлкө экономикасынын жана социалдык турмуштун негизги багыттарынын бири болгон суу ресурстарына, айыл чарбасына жана өндүрүшүнө түздөн-түз таасирин тийгизери маалым. 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине бир катар маанилүү милдеттер коюлган Аталган министрлик “Кабар” агенттигине тапшырмалардын катарындагы асыл тукум мал чарбасын жөнгө салуу жана агрочөйрөдөгү тейлөө иштерин санариптештирүү боюнча аткарылган иштер боюнча маалымат берди “Кабар” агенттиги 2030-жылга чейин Кыргызстанды өнүктүрүүнүн улуттук программасын ишке ашыруу боюнча министрлер кабинетинин иш-чаралар планы мамлекеттик мекемелер тарабынан кандай аткарылып жатканы боюнча маалымат берүүнү улантат

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler