Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

Темирлан Султанбековдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарды

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-майда “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-июлга чейин узартуу чечимин чыгарды Бул тууралуу Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева билдирди. Анын айтымында, райондук соттун тергөө судьясы К.Кангелдиев т

0 görüşazattyk.org
Темирлан Султанбековдун камактагы мөөнөтү дагы эки айга узарды
Paylaş:

Бишкектин Биринчи май райондук соту 16-майда “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-июлга чейин узартуу чечимин чыгарды Бул тууралуу Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева билдирди. Анын айтымында, райондук соттун тергөө судьясы К.Кангелдиев тергөөнүн Султанбековдун абактагы мөөнөтүн узартып берүү тууралуу өтүнүчүн канааттандырды "Сот мындай чечимди өтүнүчтү кароонун жүрүшүндө ачык көрүнгөн жана айтылган бардык олуттуу процессуалдык эреже бузууларга карабай кабыл алды", - деди Аргымбаева Ал райондук сот Султанбеков боюнча тергөөчүлөрдүн арызын 15-майдын түнү караганын, жараян түшкө белгиленгенине карабай, сегиз саат күтүшкөнүн, түнкү саат 22.00дө башталып, 12 мүнөткө гана созулганын жана ишембиге жылганын айткан. Күнөөсү далилдене элек айыпталуучуну ачка кармаганы жана соттун аракети мыйзамсыз экенин билдирген Биринчи май райондук соту адвокаттын айткандарына комментарий бере элек Быйыл 13-мартта аталган инстанция “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, аталган партиянын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана алардын тарапташы Эрмек Эрматовдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-майга чейин узарткан Адвокаттар алар камалган төрт айдан бери тергеп-иликтөөнүн алкагында эч кандай иштер жүрбөгөнүн, сурак болбогонун, тергөөчүлөр сотто бир катар экспертизаларды дайындоону пландап жатышканын айтып келгенин билдирип келишет ИИМ буга байланыштуу комментарий берген эмес 2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан Кадырбек Атамбаевге, Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов 25-январда үй камагына чыгарылган

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler