Темирлан Султанбековдун иши, тергөөчүлөргө нааразылык
Саясатчы былтыр ноябрдын соңунда “массалык башаламандыкка чакырык жасаган” деген айып менен кармалган. Анын бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеосу жарыяланып, милиция анда өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган. Бул ишке байланыштуу Султанбековдон сырткары мурдагы

Саясатчы былтыр ноябрдын соңунда “массалык башаламандыкка чакырык жасаган” деген айып менен кармалган. Анын бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеосу жарыяланып, милиция анда өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган. Бул ишке байланыштуу Султанбековдон сырткары мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадырбек Атамбаевге жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен айып тагылган.Бишкектеги Биринчи май райондук соту 8-июнда Темирлан Султанбековдун тергөөчүлөргө байланыштуу арызын карады. Саясатчы сотко кирип баратканда журналисттердин суроолоруна учкай жооп берип, өзүнө козголгон кылмыш ишин "бийликтин басымы" катары сыпаттады жана учурда саламаттыгы жайында экенин билдирди.Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева "Азаттыкка" комментарий берип жатып ал тергөөчүлөргө байланыштуу бир канча жолу арызданып келгенин билдирди "Сотко Султанбеков тергөөчүлөрдүн иш-аракетине байланыштуу кайрылган. Чынында ишти сотко өткөрүшө элек. Ал тергөөчүлөрдүн аракетине нааразы болуп сотко арыз жазган. Өткөн жолу сот караганда Султанбековго болгон документтерди, анын ичинде тинтүү жүргүзүүдөгү протоколду берүүнү милдеттендирген. Бирок Султанбеков ал документтерди дагы деле алган жокмун деп дагы арыз менен кайрылган. Мен кечээ өзүм башка процессте болуп калдым, ошондуктан тактай алган жокмун. Балким ушул айдын аягында иш сотко жетип калышы мүмкүн".Ички иштер министрлиги (ИИМ) Султанбековдун ишинин тергелиши, анын тергөөчүлөр тууралуу дооматы тууралуу азырынча комментарий бере элек Өткөн айда, 16-майда Биринчи май райондук соту Султанбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-июлга чейин узарткан Султанбековдун камалышы, ага козголгон кылмыш иши талкуу жаратып келет Ал тергөө абагындагы шартка, басым-кысымга жана орой мамилеге бир канча жолу нааразылыгын билдирген, ачкачылык кармаган учурлары дагы болгон Жазаларды аткаруу кызматы мындай дооматтарды четке каккан Саясат талдоочу Эмил Жороев Фейсбуктагы баракчасына анын ишинде саясий өңүт бар экенин жазды "Жакса да, жакпаса да моюнга алыш керек, бизде Темирлан Султанбеков жаштыгына карабай эң күчтүү, накта саясатчылардын катарында турат. Анын көп позицияларына, тандоолоруна каршы болуу турган эле нерсе, бирок бул жигитте саясатчылыкка жарамдуу коркпостук, туруктуулук, кругозор, ораторлук, мүмкүн, лидерлик да бар (акыркысын бир аз даана көрө элекпиз, анткени адеп соттошуп, камалып эле жүрөт). Азыркы жүрүп жаткан соту да, буга чейинкидей эле, негизсиз саясий куугунтук эле. Токтотуш керек эле ушул тажрыйбаны, февралдын ар жагында калтыруу керек эле".2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган.Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес.Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган.ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон.Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан Кадырбек Атамбаевге, Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган.Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда.Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов ушул жылдын башында, 25-январда үй камагына чыгарылган


