Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

Султанбековдун иши: Адвокат сегиз саат күттүрүп, 12 мүнөткө созулган сот жылганын айтты

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-майдын түнү “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүлөрдүн арызын карады Бул тууралуу Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева билдирди. Ал сот 13:30га белгиленип, айыпталуучу ошол убакка

0 görüşazattyk.org
Султанбековдун иши: Адвокат сегиз саат күттүрүп, 12 мүнөткө созулган сот жылганын айтты
Paylaş:

Бишкектин Биринчи май райондук соту 15-майдын түнү “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун тергөө абагындагы мөөнөтүн узартуу боюнча тергөөчүлөрдүн арызын карады Бул тууралуу Султанбековдун адвокаты Асел Аргымбаева билдирди. Ал сот 13:30га белгиленип, айыпталуучу ошол убакка жеткирилип, адвокаттар, Евробиримдиктин өкүлү да убагында келгенин, бирок 8 саат бою күтүшкөнүн Фейсбукка жазды. Еврошаркеттин өкүлү саат 17:00дө кетүүгө аргасыз болгонун, отурум түнкү саат 22:00дө башталып, 12 мүнөткө гана созулганын, андан соң бир күнгө тыныгуу жарыяланганын кошумчалады Адвокаттын айтымында, материалдар сотко 12-майда түшүп, каттоого алынган "Кыргыз Республикасынын Кылмыш-процессуалдык кодексинин 115-беренесинин 4-бөлүгүнө ылайык, судья өтүнүч келип түшкөн күндөн тартып үч күндөн кечиктирбестен отурум өткөрүп, чечим кабыл алууга милдеттүү. Бул мөөнөт 15-майда аяктамак. Камактагы мөөнөттү узартуу маселеси жөн жерден чыккан жок, тергөө өтүнүчтү алдын ала берген, ал эми сот жараянды алдын ала белгилеген. Айыпталуучуга карата мамиле да өзгөчө көңүл бурууну талап кылат. Күнөөсү али далилдене элек киши сотко жеткирилип, түн бир оокумга чейин, түшкү жана кечки тамаксыз 12 мүнөттүк соттук формалдуулук үчүн кармалып турду", - деп жазды Аргымбаева Биринчи май райондук соту адвокаттын айткандарына комментарий бере элек Быйыл 13-мартта аталган инстанция “Социал-демократтар” партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун, аталган партиянын мүчөсү, мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Кадыр Атамбаевдин жана алардын тарапташы Эрмек Эрматовдун тергөө абагындагы мөөнөтүн 17-майга чейин узарткан Аргымбаева алар камалган төрт айдан бери тергеп-иликтөөнүн алкагында эч кандай иштер жүрбөгөнүн, сурак болбогонун, тергөөчүлөр сотто бир катар экспертизаларды дайындоону пландап жатышканын айтып келгенин билдирген ИИМ буга байланыштуу комментарий берген эмес 2025-жылдын 22-ноябрынын таңында социалдык тармактарда бир катар саясатчылардын үйү тинтилип, кармалганы тууралуу маалыматтар тараган. Көп өтпөй Ички иштер министрлиги (ИИМ) Темирлан Султанбеков массалык башаламандыкка чакырык жасаган деген шек менен милицияга жеткирилгенин билдирип, ал бир бөлмөдө эки адам менен сүйлөшүп отурган видеону жарыялаган Тасмадан Темирлан Султанбековду, Эрмек Эрматовду жана славян улутундагы дагы бир кишини көрүүгө болот. Үчүнчү адамды ИИМ “белгисиз жаран” катары белгилеп, ал боюнча маалымат берген эмес Милиция видеодо өлкөдө башаламандык уюштуруу тууралуу сөз болгонун кабарлаган ИИМ ушул эле күнү жапырт кармалган адамдарга байланыштуу маалымат таратып, алардын үй-жайын тинтүүдө курал-жарак, ок-дары, гранаталар, байланыш каражаттары, 150 миң доллар, тополоңду каржылоо боюнча документтер жана баңги заттар алынганын маалымдаган. Мекеме шектүүлөргө Жогорку Кеңешке шайлоодон кийин өлкөдө тополоң уюштурууну максат кылган деген айып койгон Кийинчерээк 150 миң доллар “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын лидери, экс-депутат Адахан Мадумаровдуку экени белгилүү болгон. Оппозициялык саясатчы каражат анын үй-бүлөсүнө таандык экенин айтып, ИИМдин кызматкерлери акчаны далил зат катары алып кеткенин билдирген. Бул иш боюнча Адахан Мадумаров күбө катары сурак берип чыккан Кадырбек Атамбаевге, Темирлан Султанбековго жана экс-депутат Кубанычбек Кадыровго “Бийликти күч менен басып алуу” беренеси менен кине коюлган Эрмек Эрматов, Алмазбек Атамбаевдин мурдагы жеке жансакчысы Дамир Мусакеев, активист Турсунбай Шарапов, экс-депутат Шайлообек Атазов жана ишкер Урмат Барктабасов, ошондой эле толук аты-жөнү белгисиз (К.Н.К. жана У.у.Э.) дагы эки адам “Массалык башаламандыктар” беренеси боюнча шек саналууда Кармалгандар жана алардын жакындары коюлган айыптарды четке кагышкан. Экс-депутаттар Кубанычбек Кадыров менен Шайлообек Атазов 25-январда үй камагына чыгарылган

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler

Султанбековдун иши: Адвокат сегиз саат күттүрүп, 12 мүнөткө созулган сот жылганын айтты | Tenqri