Согушка айдалган мигранттар, санкциялар, туткундар... Украин элчисинин "Азаттыкка" маеги
Валерий мырза, кепти өлкөңүздөгү, Украинадагы кырдаалдан баштасак. Өлкөдө жана фронтто абал кандай? Бурулуш болду деп айтууга болобу же бул узакка созулган фазабы? Адегенде өткөн кыш тууралуу айтайын. Украина үчүн быйылкы кыш өтө суук, катаал болду. Орусиялык армия ошол учурда элди электр энергиясы

Валерий мырза, кепти өлкөңүздөгү, Украинадагы кырдаалдан баштасак. Өлкөдө жана фронтто абал кандай? Бурулуш болду деп айтууга болобу же бул узакка созулган фазабы? Адегенде өткөн кыш тууралуу айтайын. Украина үчүн быйылкы кыш өтө суук, катаал болду. Орусиялык армия ошол учурда элди электр энергиясы, жылуулуксуз калтырыш үчүн энергетикалык инфраструктураны жок кылууга болушунча жан үрөдү. Биз, украиналыктар, колдон келишинче туруштук берип, кыштан аман чыктык. Коомдун маанайы, украиндерче айтканда, “незламное”. Бул сөз түзмө-түз которулбайт, бирок майтарылгыс, чөгөлөтүү мүмкүн эмес деген маанини берет Бүгүнкү кырдаал тууралуу айтсак, орусиялык тарап Донецк жана Луганскини Орусиянын аймагы деп Конституцияга киргизип алды. Баш мыйзамына Запорожьени дагы киргизип алышканы нонсенс болду. Ошол расмий жарыялаган билдирүүсүн жүзөгө ашыруу үчүн канчалык жан үрөбөсүн, фронттогу аракети ийгиликсиз болууда Өткөн жылы орусиялык армия жүз миңдеген адамдарды жоготконуна карабай (мен бул сандарды атагым да келбейт) фронттогу абал дээрлик өзгөргөн жок. Фронт сызыгы өз ордунда турат Эгер биз орусиялык пропаганданын “тигил жерде алга жылдык, тигил жерди басып алдык” деген билдирүүлөрүн эске алсак, алар эч нерсени басып ала алган жок. Алдыга 400 метр же 5 километр жылуу эч кандай чечүүчү ролду ойнобойт Бирок, айта кетүү керек, 2026-жылы украин аскерлери алдыга жылып, Украинанын калктуу конуштарын бошото баштады Картадан караганда фронттогу бул сызык жылбай эле тургандай. Биздин, украин тараптын азыркы көздөгөнү - Орусиянын аскердик инфраструктурасын бүлүндүрүү Орусия аянты жагынан да, элинин саны жагынан да Украинадан алда канча чоң өлкө. Ракета жана башка куралы түгөнмөйүнчө атыша берсең болот. Андан ары эмне болот? Ошол себептүү атышуунун өзүн жана Орусиянын армиясын камсыздап, атууга жол берген инфраструктураны жок кылыш керек. Акыркы кезде орусиялык армияны күйүүчү май менен камсыздаган мунай иштетүүчү заводдордун талкаланышы резонанстуу угулууда. Акыркысы, мына, Туапсе заводу, Z-аскердик кабарчылар өздөрү айткандай, улуп жатат. Биз, украин тарап орусиялык армия алсырап, согуша албаган абалга келиши үчүн ырааттуулук менен иштеп жатабыз Азыр Украинага эмне жетпей жатат? Курал-жаракпы, саясий колдообу же экономикалык жардамбы? Сиз билсеңиз керек, Европа Биримдиги жакында эле Украинага 90 млрд евролук жардам пакетин берүү чечимин кабыл алды. Бул экономикалык жардамдын биринчи жарымы быйыл, экинчи бөлүгү кийинки жылы берилет. Жардам биздин куралдуу күчтөрдү колдоо жана элибиздин бардык социалдык-экономикалык көйгөйүн чечүү үчүн сезилерлик Курал боюнча айтсак, ооба, бизде абадан коргонуу күчтөрү үчүн ракеталар жетишсиз. Анткени биз аларды көп коротуп жатабыз. Бирок азыр баары бизден согуш тактикасын үйрөнүп жатат. Анткени украин күчтөрү орусиялык армияга эски ыкмалар менен каршы туруу майнапсыз экенин түшүндү Биз дрон деп айтылып жүргөн учсузсуз учуучу аппараттарга басым жасоону чечтик. Бизде азыр өндүрүш бар жана ал жалгыз эмес. Бизде адамдын катышуусу жок эле байланыш аркылуу иштеген заманбап дрондор бар. Өз кезегинде, байланыш спутник системасы аркылуу координация болуп турат Жогоруда Орусиянын аскердик инфраструктурасы чабал болушу үчүн болгон аракеттерди көрүп жатканыбызды айттым. Биздин дрондор чакырым аралыктагы мындай объекттерди иштен чыгарууда. Кеп биздин дрондордун мынча алыстыкка уча алганында деле эмес, кеп өзүн даңазалуу эсептеген орусиялык абадан коргонуу күчтөрүнүн колунан эч нерсе келбей калганында Анткени дрондор жапыз учуп, орусиялык аскерлер элестете албаган аймактарга чейин жетүүдө. Туапсе тууралуу айттым, буга чейин Фин булуңундагы мунайды кайра иштетүүчү эки завод эсиңизде чыгар. Татарстан, Башкырстан, эми Уралга жетти. Мунун зарылдыгы канчалык? Зарылдык аскердик операция жүргүзүүдө каршылаш тарап туруштук бере албаган технологиялык жаңы жол-жоболорду киргизүү Согуш төрт жыл мурда танк, оор аскердик техника, артиллерия менен башталды эле. Бул согушта кандайдыр бир технологиялык революция болду. Азыр фронттогу башкы аскердик техника, сиз айткандай, дрондор, ракеталар болуп калды. Фронттук сызык деген дагы түшүнүк өзгөрдү. Ал эми Украинанын фронтко жакын аймактарындагы жашоо кантип өзгөрдү? Менимче, сиз кандай кырдаал же дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, фронттук аймактарда жашоо оор экенин түшүнсөңүз керек. Украин мамлекети мындай аймактагы жашоочуларды эвакуация кылуу үчүн колунан келгенин кылып жатат. Жалаң эле кары-картаңдарды эмес, өмүрүнө жана жашоосуна коркунуч келбеши үчүн бардык адамдарды. Биз фронттук аймактардын тургундары жашоосун тобокелге салбашы үчүн, аздыр-көптүр адамча шартта жашашы үчүн колубуздан келгендин баарын кылуудабыз Орусиялык артиллерия тынымсыз аткылаган шаарларга жана шаарчаларга азык-түлүк, байланыш каражаттарын, ичүүчү сууну, жылуулукту кантип жеткирсе болот? Бул мүмкүн эмес. Фронттук аймактагы адамдарга кам көрүү мамлекеттин милдети Алар дагы деле ошол жакта калып жатышабы? Ооба, абдан көп. Айрыкча жашы улгайып калган адамдар. Алар өмүр бою украин шаарларында жашап келишкен. Балалуу үй-бүлөлөрдү токтоосуз чыгарып кеттик. Айрым адамдардын кеткиси келбейт, бирок биз аларды көндүрүүгө аракет кылып жатабыз Эми Украина менен Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн ортосундагы алакага өтөлү. Бишкек менен Киевдин ортосундагы азыркы мамилелерге кандай баа бересиз? 2022-жылдын февралынан кийин алар жакшырдыбы, начарладыбы же мурдагы калыбында эле калдыбы? Түз эле айтайын, эки тараптуу мамилелердин динамикасы биздин өлкөлөр эгемендик алган жылдардан бери толкун сымал өзгөрүп келди. Ага ички жана эл аралык окуялар таасир этти. Менде 1996-жылдан берки Борбор Азия өлкөлөрү менен соода-экономикалык мамилелердин графиги бар. Анын эң жогорку чеги, бул чектин ичинде Кыргызстан дагы бар, 2013-жылга туура келет. Ал бейгам убак болчу 2014-жылы Орусия Украинага каршы агрессиясынын биринчи баскычын баштап, Крымды жана Луганск, Донецк облустарынын бир бөлүгүн өзүнө каратып алганда бул көрсөткүч кескин төмөндөгөн 2013-жылы Украина менен Кыргызстандын ортосундагы товар жүгүртүү 146 миллион доллар болсо, 2021-жылы 53 миллионго чейин түшкөн 2022-жылы, Орусия Украинага масштабдуу согуш баштаганда, көрсөткүч андан да ылдыйлады. Азыр, соңку жылдын жыйынтыгы болгону 38 миллион долларлык товар жүгүртүү болгонун көрсөтүп турат. Эмне үчүн мындай болду? Мурда Украинадан жана Европадан чыккан товар Борбор Азияга Орусия аркылуу жеткирилчү. 2014-жылы Орусиянын Бажы кызматы Европадан товар өткөрүү ишин оорлоштурганга карабай, кайсы бир деңгээлде логистика иштеп турган. Согуш башталганда бул жол толугу менен буулду Натыйжада украиналык дагы, кыргызстандык дагы бизнес жаңы багыттарды издөөгө мажбур болду. Азыр логистика абдан татаалдашып кетти. Дары-дармек эле учакка салынбаса, негизги жүк автоунаа менен ташылат. Украина – Румыния – Болгария - Түркия - Грузия - Азербайжан маршруту менен жүрүп отуруп, Каспий деңизинен паром аркылуу Казакстанга кирип, анан Кыргызстанга жетет. Бул кеминде 30–40 күндүк убакытты алат. Жүк жеткирүү да кескин кымбаттады. Мунун баары соода жүгүртүүнүн көлөмүнө терс таасир этүүдө Украина Кыргызстандын жана Борбор Азия өлкөлөрүнүн согушка байланыштуу позициясына канааттанабы? Айрыкча БУУдагы принципиалдуу маселелерде калыс добуш бергенине? Киев расмий Бишкектен тагыраак позицияны күтпөйбү? Борбор Азия өлкөлөрү буга чейин нейтралдуу позицияда экенин жарыялашкан. Биз Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын суверенитетин урматтап, башкача көз карашты таңуулабайбыз Бирок ошол эле маалда Кыргызстан баштаган Борбор Азия өлкөлөрү бул согуштун глобалдык коркунучун түшүнсө дейбиз. Бул Украинанын гана мүшкүлү эмес, бизде азыр Кудайдын куттуу күнү ок атылып жатат. Азыр дүйнөлүк коопсуздукка байланыштуу теңсалмактуулук бузулду Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө да таасир этүүдө. Менин байкоомдо, Борбор Азия өлкөлөрүнүн, анын ичинде Кыргызстандын саясий жетекчилиги муну жакшы түшүнөт. Азыр алар заманбап дүйнөдө теңсалмактуулукту орнотуунун жаңы жолдорун издеп жатышат. Анткени Борбор Азия, анын ичинде Кыргызстан глобалдык оюнчу болбогону менен Кытай, Орусия жана “чоң Батыштын” (Европа Биримдиги жана АКШ) таасири астында Мындай шартта Кыргызстан толук көз карандысыз боло албайт. Азыркы тапта Орусия бир гана согуштун айынан эмес, экономикалык рецессиядан улам да “заардуу” өлкөгө айланды. Муну орусиялыктар өздөрү да тана албайт Мен Кыргызстандын учурдагы саясий жетекчилиги теңсалмактуулуктун ар кандай формаларын издеп жатканын байкоодомун. Биз бул жерде Кытай, Европа Биримдиги жана АКШ менен жигердүү байланыштарды, иш сапар, жолугушуулар өткөнүн көрүп жатабыз. Бул дүйнө түп-тамырынан өзгөрүп жатканын көрсөтөт No media source currently available Жаңы дүйнөдө ар бир өлкө өз ордун табышы керек. Борбор Азиянын орду кандай? Тарыхка кайрылсак, Улуу Жибек жолу доорунан тартып, Чыгыш (Кытай жана башка өлкөлөр) менен Батышты (Европа, кийин АКШ) байланыштырган чөлкөм. Бүгүн дагы байланыш аянтчасы катары милдетин аткарууда. Украина үчүн да бул чөлкөм маанилүү, анткени Европанын өкүлүбүз жана Борбор Азия өлкөлөрү менен туруктуу алака кургубуз келет Биз бул өлкөлөрдүн ийгиликтүү өнүгүшүн каалайбыз. Мисалы, Кыргызстанда соңку жылдары ИДӨ өскөнүн көрүп жатабыз. Биз жакшы алака куруу үчүн өнөктөштөрүбүздүн туруктуу жана ийгиликтүү болушун каалайбыз. Ал эми Орусия сыяктуу “заардуу” өнөктөштөр менен ишенимдүү мамиле куруу кыйын. Азырынча Кыргызстан менен Орусиянын алакасы инерттүү уланып жатат, бирок менин оюмча, бул доор соңуна чыгууда Урматтуу элчи, сиз Бишкек менен Москванын ортосундагы тыгыз байланыш тууралуу айтып өттүңүз. Кийинки суроом ушуга байланыштуу болсун, жакында Европа Биримдиги санкциялардын 20-пакетин кабыл алды. Ошол эле учурда бул чектөөлөр Орусиянын өнөктөшү катары Кыргызстанга, айрым компанияларга жана каржы мекемелерине дагы киргизилди. Украина бул санкцияларды кандай баалайт? Киевдин Бишкекке карата дооматы барбы? Санкциялардын 20-пакетин кабыл алуу - бул Европа Биримдигинин суверендүү чечими. Биз бул чечимге саясий баа бербейбиз. Бирок Европа Биримдигинин санкциялык саясат жүргүзүп жатканына, айрыкча Украинага каршы согуш ачкан Орусия Федерациясына каршы чара көрүп жатканына оң баа беребиз Кыргызстанга байланыштуу болсо, бул дагы Европа Биримдигинин чечими. Мен буга комментарий бере албайм. Балким, Европа Биримдигинин жетекчилигинде буга негиз болчу себептер бар. Менин түшүнүгүмдө, Кыргызстандын жетекчилиги мындан ары бул жагдайга кандайдыр бир жооп берип, түзүлгөн кырдаалдан чыгуу жолдорун издөөгө тийиш Украина Европадагы өнөктөштөрү менен экинчи даражадагы санкцияларды (анын ичинде Кыргызстанга дагы) киргизүү мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатабы? Билесизби, биз бул маселеге бир аз тереңирээк карайбыз. Мен санкциялык саясат тууралуу айтып жатам. Биз санкциялар айрым учурларга гана багытталбай, жалпысынан натыйжалуу болушун каалайбыз. Эгер Европа Биримдиги же АКШ тууралуу айтсак, биз санкциялык саясат Орусия Федерациясын Украинага каршы согуша албаган абалга жеткиришин каалайбыз Жалпысынан алганда, Орусиянын аскердик машинасы от албай, токтошу керек. Менин оюмча, Европа Биримдигинин жана Америка Кошмо Штаттарынын санкциялык саясатынын негизги максаты ушул Европа Биримдиги Кыргызстанды Орусияга каршы санкцияларды айланып өтүүгө жардам берип жатат деп ачык айыптады. Сиз бул пикирге кошуласызбы? Мен Европа Биримдигинин чечимдерин четке кага албайм. Анткени Европа Биримдиги чечимдерди абдан жоопкерчиликтүү жана кылдат кабыл алат. Алар кандайдыр бир чечим чыгаруу алдында тыкыр жана терең изилдөө жүргүзөт. Биз муну жон терибиз менен сезип жатабыз. Анткени Украина Европа Биримдигине талапкер, азыр мүчөлүккө кабыл алууга байланыштуу олуттуу жана татаал сүйлөшүүлөр жүрүп жатат Жакында Украинанын мамлекеттик “Хочу жить” долбоору согушта каза болгондор тууралуу маалымат жарыялады. Анын ичинде Кыргызстан жана биздин аймактагы башка өлкөлөрдүн жарандары да бар экен. Жүздөгөн адамдар, сандар чындап эле жогору турбайбы Айтыңызчы, Бишкектеги сиздердин элчиликке биздин жарандар, ата-энелер кайрылып, согушта жоголгон же каза болгон баласын табууга жардам сурашабы? Сиздин сурооңузга суроо менен жооп берейинчи. Эгер Орусия бул согушту баштабаганда, каза болгон адамдардын жакындары кайсы бир жерге кайрылат беле? Эгер согуш болбосо, жоголгондор да, каза тапкандар да болбойт эле. Бул трагедиялардын негизги себеби - Орусиянын Украинага каршы агрессивдүү согушу жана жалпы Батыш цивилизациясына каршы саясаты. Муну түшүнүшүбүз керек Алардын риторикасында «НАТО душман, Европа Биримдиги душман» деген сөздөр көп жаңырат жана бул жаңылык деле болбой калды. Адамдардын согушта каза болушунун башкы себеби – Орусиянын саясий жетекчилигинин согушту баштаганы Эмне үчүн адамдар, тактап айтканда, кыргыз жарандары бул согушка барып жатат? Себептер көп. Айрымдары акча үчүн барышат. Бирок адам өлтүрүү үчүн акча алуу - моралдык түшүнүккө жат эмеспи. Башкалары Орусияда иштеп жүргөндө ар кандай оор жагдайларга кабылат. Орусия учурдан пайдаланып, аларды дароо согушка жөнөтөт. Бул, албетте, адилеттүү кадам эмес Мындан тышкары, Орусия башка өлкөлөрдүн жарандарын, айталы Африкадан, Азиядан келгендерди да согушка салууда. Башка өлкөлөрдүн адамдарын түшүнүксүз себептер менен ажалга айдап жатышат Белгилей кетсем, Кыргызстанда жалданмачылык үчүн кылмыш жоопкерчилиги каралган. Ошого карабастан, Орусиядагы ондогон, жүз миңдеген мигранттар айрымдары мажбурланса, айрымдары орус Коргоо министрлиги менен ыктыярдуу келишим түзүп, согушка айдалып жатат. Кээ бирлери окко учса, кээ бирлери туткунга түшүүдө Айтыңызчы, Борбор Азия өлкөлөрүнөн чыккан аскер туткундары боюнча маалымат барбы? Алардын саны канча? Алар туткун алмашуу программасына киреби? Ооба, сиз айткан “Хочу жить” деген портал бар, анда согушта каза болгондор тууралуу маалымат берилет. Ошондой эле “Хочу найти” деген дагы бир портал бар. Ал жерде Украинада туткунга түшкөндөр тууралуу маалымат жарыяланат. Сиздер билгендей, кыргызстандык журналисттер буга чейин бир нече жолу аскер туткундары кармалган жерлерге барып, алар менен сүйлөшүп келген. Бул маалыматтар Кыргызстанда да жеткиликтүү. Ал эми кыргыз жарандарын туткундан кайтаруу Кыргызстандын маселеси Украина бул адамдарды сактап, аларга жакшы шарт түзүп берген. Мен ачык айта алам, алар мындай шартты Орусияда иштеп жүргөндө көргөн эмес. Андан тышкары, алар иштеп да жатышат, эмгек акылары төлөнөт Кеп жарандык тууралуу да болуп жатат. Эгер аскер туткуну кыргыз жараны болсо, анда бул маселе менен Кыргызстандын расмий органдары алектениши керек деп жатасыз. Ал эми Борбор Азияда туулуп-өсүп, кийин Орусиянын жарандыгын алган адамдар тууралуу эмне айтууга болот? Бул, албетте, Орусиянын маселеси. Бизде аскер туткундарын алмашуу процесси тынымсыз жүрүп жатат, туруктуу көрүнүшкө айланды десек да болот. Бирок Орусияга кайтарылган адамдардын тагдыры өзүнчө маселе. Менин билишимче, аларды көп учурда кайра эле фронтко жөнөтүшөт Эгер жарандык тууралуу айтсак, механизм түшүнүктүү - ар бир мамлекет өз жарандарын коргойт. Эгер алар башка өлкөдө кыйын кырдаалга кабылса, мамлекет аларды кайтарып алууга аракет кылат Ал эми Борбор Азиядан чыккан кыргыз же өзбек улутундагы, бирок Орусиянын жарандыгын алган адамдарга мындай механизм иштебейт. Анткени Орусия согушуп жатат жана фронтко адам ресурсу жетишпейт. Ошондуктан кайтып келген адамдарды кайра эле согушка айдап жатат. Б ул адамдардын тагдыры тууралуу маалыматтар кээде социалдык тармактарга жарыяланып калат. Жалпысынан алганда, алардын тагдыры оор. Албетте, акча үчүн согушка кайра барууга даяр адамдар да жок эмес. Алар үчүн бул чоң акча болуп көрүнөт чыгаар. Бул эми алардын жеке чечими Бул суроо эмнеден улам келип чыкты? Себеби бизге, журналисттерге, ал жакта жоголгон адамдардын ата-энелери кайрылат. Алар балдарын табууга, тагдырын билүүгө жардам сурашат. Биз болсо, өз кезегинде, кесиптеш журналисттерге, “Хочу жить” долбоорунун кызматкерлерине кайрылабыз, алар бизге маалымат беришет. Ошентсе да, суроону дагы бир жолу кайталайм, Бишкектеги Украина элчилигине мындай кайрылуулар болгонбу? Мындай маселелер менен анын ичинде кыргыз жарандары боюнча да негизинен биздин консул иш алып барат. Менин билишимче, андай учурлар болгон. Бирок адамдар көп учурда туура эмес жерге кайрылышат. Эгер алар туткунга түшкөн же дайынсыз жоголгон кыргыз жарандарын издеп жатышса, анда Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына кайрылышы керек. Ал эми эгер орус жарандары болсо, кечиресиздер, анда бул жерде Орусия Федерациясынын элчилиги бар Сиз дипломатсыз, ар кайсы өлкөлөрдө элчи болуп иштегенсиз. Кыргызстанда элчи болуу кыйынбы? Мамлекеттик органдар, жергиликтүү эл менен иштешүү кандай? Мамиленин мүнөзү кандай? Жөнөкөй, бирок дипломатияда иштегендер түшүнгөн бир эле мисалды айтайынчы, элчи болуу, жалпы эле дипломат болуу оңой эмес. Кичинекей бир эпизод айтып берейин Мен Украинада, борбордук аппаратта иштеп жүргөндө Тышкы иштер министрлигинин имараты Михайлов аянтында эле. Ал жакта адамдар көп жүрөт. Бир жолу түшкү тыныгууга чыкканыбызда, жаныбыздан өтүп бара жаткан жаштар “Оо, Тышкы иштер министрлиги, булар жакшы жашайт экен, шампан ичишип, кабыл алууларга эле барып жүрүшөт” деп айтып калышты Көпчүлүк адамдар дипломаттарды ушинтип элестетет. Чынында дипломатия оор кызмат. Биринчиден, аскерлердей эле мамлекетке кызмат кыласың. Экинчиден, документтер, сүйлөшүүлөр ж.б. күнүмдүк иштер чачтан көп. Үчүнчүдөн, башка өлкөдө иштейсиң. Башка коом, башка чөйрө, башка адамдар дегендей. Бул психологиялык жактан да таасир этет Кыргызстан тууралуу айтсам, жолум болду десем жаңылбайм. Кыргыздар абдан жакшы, мээрман, калыс эл. Алар менен баарлашуу жагымдуу. Көпчүлүгү тарбиялуу келет, улууну урматтайт, аялдарды сыйлайт, балдарды жакшы көрүшөт. Айрыкча мени таң калтырганы үй-бүлөлөрдөгү балдардын саны. Парктарда же соода борборлорунда төрт-беш балалуу жаш жубайларды көрөсүң, бул жакшы да. Эгер Украинада ушундай болсо, калкыбыз таптакыр башкача болмок Элчинин иши оор жана жоопкерчиликтүү, бирок, ошол эле учурда, кызыктуу, дүйнөнү көрөсүң, ар кайсы өлкөлөрдүн жашоосу менен ичинен таанышасың. Мен дипломатиялык кызматта иштегениме кубанычтамын. Ким бул кесипти кыялданса, эл аралык мамилелерди окуп, дипломатиялык кызматка кирүүгө аракет кылууга тийиш. Бул жакшы кесип Абдан жагымдуу болду, рахмат. Сиз кыргызстандыктардын кантип жашап, эмне сезип жатканын, эмне тууралуу сүйлөшөрүн, парктарда же башка жерлерде кантип эс алып жүрүшкөнүн көрүп, түшүнүп калганыңызды айттыңыз. Кыргызстандыктарга кайсы бир өлкөнүн пропагандасынын таасири күч экени сезилеби? Сыналгы көргөндөр орус пропагандасынын күчтүү таасири алдында калганы байкалат. Бул Орусиянын Украинага каршы согушу эмес, бул жалпы процесстерди бурмалап, адамдардын аң-сезимин өзгөртүү. Ал эми социалдык тармактарды колдонгон адамдар башкача келет. Эмне үчүн сыналгыны өзгөчө белгиледим? Анткени ал жерде негизинен орус каналдары үстөмдүк кылат. Кээде коңшу өлкөлөрдүн каналдарын дагы табууга болот. Дагы эмне бар? Euronews бар. Айтмакчы, биздин Freedom деген канал да иштейт. Аны ким көрөрүн билбейм, бирок жакшы канал, жалаң эле Украина тууралуу эмес, жалпысынан объективдүү маалыматтарды берет Социалдык тармактарды колдонгон адамдарда салыштыруу мүмкүнчүлүгү бар. Анткени соцтармактарда ар кандай маалымат чыгат. Сынчыл ой жүгүртө алган, коомдо эмне болуп жатканын түшүнгүсү келген адамдар Кыргызстанда болобу, дүйнөдө болобу, өз алдынча тандоо жасай алышат Мен Кыргыз Республикасында интернет мейкиндиги эркин болушун колдойм. Бул жакшы фактор жана коомго оң таасирин тийгизет деп ойлойм Киев менен Бишкектин ортосундагы саясий-дипломатиялык байланыштар тууралуу сөз кылсак. Акыркы жолу мамлекет башчыларынын деңгээлиндеги жолугушуу качан болгон? Жакын арада жогорку деңгээлде жолугушуулар пландалып жатабы? Саясий диалог жанданышы мүмкүнбү же азырынча баары инерция менен эле жүрүп жатабы? Эгер эл аралык аянтчалар тууралуу айтсак, мындай жолугушуулар болгон. Анын ичинде президенттердин деңгээлинде да. Мисалы, эл аралык саммиттерде, Анталья форумунда, БУУнун аянтчасында, ошондой эле Кыргызстан менен Украинанын тышкы иштер министрлеринин деңгээлинде жолугушуулар өткөн Ал эми расмий сапарлар тууралуу айтсак, согушка чейин, 2013-жылы Кыргызстанга Украинанын тышкы иштер министри келген Азыр биз Борбор Азия менен кызматташууну жандандырып жатабыз. Башында айткандай, чөлкөм Чыгыш менен Батышты байланыштыруучу көпүрө катары өтө маанилүү. Ошондой эле чөлкөмгө дүйнөнүн негизги оюнчулары — Кытай, Европа Биримдиги, АКШ өзгөчө көңүл буруп жатышат Биз дагы ушул процесстерден артта калбай, активдүү катышууну каалайбыз жана бул багытта конкреттүү кадамдарды жасап жатабыз. Мисалы, өткөн жылдын соңунда Украинанын Тышкы иштер министрлигинде Борбор Азия боюнча өзүнчө башкармалык түзүлдү. Бул беш өлкө менен өзүнчө, максаттуу иш алып баруу үчүн түзүлгөн бөлүм Андан тышкары, быйыл Украинанын тышкы иштер министринин орун басары Александр Мищенко Казакстанга жана Өзбекстанга иш сапар менен барды. Анын жанында Борбор Азия боюнча атайын өкүл, Украинанын Казакстандагы элчиси Виктор Майко жүрдү. Бул Борбор Азия өлкөлөрүнө жасалган биринчи олуттуу сапарлардын бири, бирок акыркысы эмес Жакын арада бул байланыштар чөлкөмдөгү башка өлкөлөргө да жайылат деп ойлойм. Биз бул өлкөлөрдүн жашоо ритмин, абалын жакшы түшүнүп, Украина менен Борбор Азия ортосундагы мамилелердин стратегиясын туура түзүүнү каалайбыз Бүгүнкү согуш жана өлкөлөр ортосундагы мамилелер тууралуу сөз болгондо Кыргызстандын коомчулугуна кандай кайрылуу жасагыңыз келет? Өтө жөнөкөй. Биз жашап жаткан дүйнө буга чейин эле туруксуз абалга өткөн. Сиздер дүйнөдө болуп жаткан олуттуу окуяларды, анын ичинде аскердик жаңжалдарды көрүп жатасыздар Мен кыргызстандыктарды Кыргызстандын айланасында, Борбор Азия чөлкөмүндө жана жалпы дүйнөдө болуп жаткан окуяларга байкоо салууга чакырам. Булардын баарын сынчыл ой жүгүртүү менен талдап, өзү жашап жаткан Кыргыз Республикасынын келечеги жөнүндө олуттуу ойлонууга убакыт келди. Кыргызстанга да, жалпы Борбор Азияга да ийгилик каалайм Бул аймак азыр туруктуу өнүгүүнү көрсөтүп жатат жана ошол туруктуулукту сактап калганы абдан маанилүү. Бул каалоо ишке ашышы үчүн мен Кыргызстанга ийгиликтүү өлкөлөр менен алаканы өнүктүрүп, “заардуу” өлкөлөр менен байланыштарды акырындык менен токтотууну каалайм Согуш качандыр бир убакта аяктайт. Андан кийин Украинанын Кыргызстан, деги эле жалпы Борбор Азия менен мамилесин кандай көргүңүз келет? Кайсы багыттар приоритеттүү болот? Жогоруда айткандай, бизде Борбор Азия боюнча атайын башкармалык түзүлгөн. Азыр Украина Борбор Азия чөлкөмү менен мамилелердин стратегиясын олуттуу иштеп чыгууда. Бул кызматташтык биринчи кезекте экономикалык багытта болот. Анткени экономика мамлекеттин өнүгүүсүнүн кыймылдаткычы Мисалы, Украина менен Кыргызстандын ортосундагы экономикалык мамилелер. Биз украин технологиясын Кыргызстанга алып келүүгө кызыкдарбыз. Азыр Украина технологиялардын бардык тармактарында, анын ичинде аскердик эмес тармактарда да, өнүгүүнүн драйвери. Мисалы, санарип технологиялары Украина бул тармакта дүйнөлүк лидерлердин бири, алдыңкы он өлкөнүн катарында. Кыргызстан да санарип технологиялардын маанисин туура түшүнүп жатат. Биз бул багытта тажрыйба бөлүшүүгө жана жардам берүүгө даярбыз Дагы бир багыт - айыл чарбасы. Кыргызстанда табигый, таза, сапаттуу продукция бар. Бирок эл аралык рынокто ийгиликтүү болуу үчүн бул өнүмдөрдү туура иштетип, заманбап стандарттарга ылайык, туура таңгактоо, белгилөө, сапат талаптарына ылайык келтирүү зарыл. Бул багытта биз жардам берүүгө даярбыз, анткени Украина бул процесстерден өткөн Биз Европа Биримдиги менен ассоциацияланган мүчөбүз, 2017-жылдан бери украин бизнеси сертификациянын бардык баскычынан өткөн. Биз тажрыйба бөлүшүп гана тим болбостон, иш жүзүндө да жардам көрсөтүүгө даярбыз. Азыр деле Кыргызстанда украин адистери иштеген компаниялар бар, айрыкча айыл чарба тармагында жүрүшөт. Ошондой эле биз кыргызстандык компанияларга Батыш рыногуна чыгууга жардам берүүгө даярбыз Эми акыркы суроомду берейин. Согуш качан бүтөт? Согушту токтотуунун эң жөнөкөй жолу - Путин чоң стратегиялык ката кетиргенин түшүнүп, аскерлерин Украинанын аймагынан чыгарып кетиши керек. Бул ыкчам жана эң жөнөкөй жол Менин байкашымча, алар азыр көңүлдү Украинадагы ийгиликсиз, балким утулуп жаткан согуштан башка аймактарга буруу жолдорун издеп жатышат. Алар бул маселени чечүүгө азырынча даяр эмес Сүйлөшүүлөр токтоп турат. Биздин максат - Орусиянын жаалын токтотуу менен эле чектелбестен, аны эл аралык укуктун негизинде сүйлөшүүгө мажбурлоо. Эл аралык укук боюнча ар бир суверендүү мамлекет агрессиядан корголгон Мамлекеттердин чек аралары бузулбашы керек, территориялар кол тийгис. Бул Бириккен Улуттар Уюмунун токтому. Ал эми Орусия Федерациясы БУУнун мүчөсү гана эмес, Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөсү жана вето укугуна ээ Ошондуктан өзү чечим кабыл алышы керек. Биз болсо союздаштар, биринчи кезекте Америка Кошмо Штаттары жана европалык өнөктөштөр менен биргеликте иштеп, анын ичинде санкциялар аркылуу Орусиянын жетекчилигин бул беймаани, канды суудай төгүүгө алып келген согушту токтотууга мажбур кылууга аракет кылабыз Бул согушта Орусия адам ресурстары боюнча да, аскердик техника боюнча да абдан чоң жоготууларга учурап жатат Маегиңиз үчүн чоң рахмат Маектешкен Манас Айжигитов Маекти кыргызчага которгон Санжи Туйтунова
Diğer Haberler

“SpaceX” -e garşy kazyýet işi: Jaýlarymyza zeper ýetdi - “Kıbrıs” gazet - Kıbrıs habarlary, TRNC soňky minut we gün tertibi habarlary

Tokaýew ECewropa Bileleşiginiň işiniň esasy ugurlary barada hasabat eşitdi
