Саякат кемесинде кооптуу вирус жайылды. Үч турист көз жумду
Расмий Мадрид шейшембинин кечинде кемени кабыл алууга уруксат бергенин тастыктады El País гезити жазганына караганада, ооруга чалдыккан эки киши Нидерландга жөнөтүлүп, “бейтаптар менен тыгыз байланышта болгон” үчүнчүсүн Германияга алып кетишет Кабарларга караганда, нидерланддык жубайлар менен герм

Расмий Мадрид шейшембинин кечинде кемени кабыл алууга уруксат бергенин тастыктады El País гезити жазганына караганада, ооруга чалдыккан эки киши Нидерландга жөнөтүлүп, “бейтаптар менен тыгыз байланышта болгон” үчүнчүсүн Германияга алып кетишет Кабарларга караганда, нидерланддык жубайлар менен германиялык жүргүнчү каза болгондон кийин экөөнүн диагнозу бышыкталды, үчүнчү кишинин анализдери такталууда. Дагы бир киши оор абалда Түштүк Африканын ооруканасына жеткирилген Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму (ДССУ) менен Еврошаркет Испаниядан 150дөй киши бараткан кемени кабыл алууну өтүнгөн Ал портко келери менен экипаж жана жүргүнчүлөр дарыгерлердин текшерүүсүнөн өтүп, зарыл болгондорго жардам көрсөтүлөт. Oceanwide Expeditions компаниясы экипаж медициналык тейлөөгө муктаж деп билдирди. Алардын маалыматына ылайык, борттогу 23 өлкөнүн өкүлдөрүнө изоляция жана башка санитардык нормаларды сактоо көрсөтмөсү берилди. Кеме Лас-Пальмас же Тенерифе портторуна кирет деп пландалууда Нидерландга таандык круиздик лайнер шейшембиде Кабо-Верденин жээгине жакын жерде болчу. Канар аралдарына чейинки жолго 3-4 күн кетет Адегенде ал Кабо-Верденин портуна кириши керек болчу, бирок жергиликтүү бийлик коопсуздук жүйөсүнөн улам жүргүнчүлөргө жээкке түшүүгө тыюу салды Интернетте жүргүнчүлөр жардам берүүнү өтүнүп кайрылган видеолор пайда болду Кеме мындан бир ай мурун Аргентинадан сапарга чыккан “Вирус аныкталган биринчи бейтаптар, биринчи бейтап жана жубайы кемеге Аргентинада отурган. Инкубация мөөнөтү бир аптадан алты аптага чейин жетиши мүмкүн. Муну эске алганда алар вирусту кемеге түшкөнгө чейин эле жуктуруп алган деп болжолдонууда", - деп айтты ДССУнун Пандемия жана эпидемияларга даярдык көрүү бөлүмүнүн жетекчиси Мария ван Керкхове Ал тапта Испаниянын курамына кирген Канар аралдары автоном аймагынын президенти Фернандо Клавихо Испаниянын саякат кемесин кабыл алуу чечимине макул эместигин билдиргенин 6-майда Би-Би-Си жазды "Мен кеменин Канар аралдарына киришине жол бере албайм. Бул чечим эч кандай техникалык критерийлерге негизделген эмес жана биз жетиштүү маалымат алган жокпуз", - деди Клавихо COPE радиостанциясында Reuters агенттигинин маалыматына караганда, Клавихо маселени Мадридде Испаниянын премьер-министри Педро Санчес менен чукул талкуулоону көздөп жатат Дүйнөлүк саламаттыкты сактоо уюму оору сейрек жол менен – адамдан адамга жуккан болушу мүмкүн деп эсептейт Керкхове адегенде вирус кемирүүчүлөрдөн жугуп, кийин жакын контактта болгон адамдар арасында тараган деп болжолдонгонун айтты: "Вирусту түгөйлөр, бир каютада жаткан адамдар бири-бирине жуктурган деп ойлойбуз. Ушундай божомолдон улам илдеттин белгилери бар адамдарды, бейтаптарды баккан кишилерди оорудан коргогон бардык каражаттар менен камсыздоого аракет көрүп жатабыз. Кемеге барган медициналык кызматкерлер да кошумча каражаттарды жеткиришти. Бул жөн гана биздин версиябыз. Хантавирус адатта мындай жол менен жукпайт. Инфекция кемирүүчүлөр жайылтат" Хантавирус адатта кемирүүчүлөрдүн заңы, шилекейи же заарасы аркылуу жугат The Lancet медициналык журналы илдеттин аталышы Түштүк Кореядагы Хантан дарыясынан келип чыкканын жазат. Вирус алгачкы жолу 1970-жылдарда ошол болгон аймакта аныкталган Хантавирус эки илдетке алып келиши мүмкүн: биринчисинде адамдын өпкөсү сезгенет, экинчисинде бөйрөктөрү жабыркайт. Өпкө оорусуна өзгөчө көңүл бурулат, себеби 40% учурда өлүм менен аяктайт Өпкөнүн хантавирус синдрому Түндүк жана Түштүк Америкада көп катталат Канада өкмөтүнүн маалыматы боюнча, жыл сайын дүйнө жүзүндө мындай синдромго 2 миңдей киши чалдыгат Хантавирус кадимки сасык тумоодой башталып, адам тез чарчайт, дене табы көтөрүлөт. 4-10 күндөн кийин жөтөл пайда болот, дем алуу кыйындап, өпкөгө суу толо баштайт Адистердин айтымында, алгачкы 72 саатта диагнозду аныктоо татаал болот. Эмне дегенде симптомдору сасык тумоодон анча айырмаланбайт Инфекциядан дарылоонун атайын жол-жобосу жок. Дарыгерлер эс алуу жана көбүрөөк суюктук ичүү кеңешин беришет. Бейтаптарга дем алууга жардам берген жабдуулар зарыл болушу мүмкүн ДССУ вирустун алдын алуу үчүн эл топтолгон жерлерди кемирүүчүлөрдөн тазалап туруу, абага жайылбашы үчүн жандыктардын кургак заңын шыпырбоо керек деп айтышат
Diğer Haberler

Häzirki wagtda Özbegistanda altmyş jahan urşunyň weteranlary we deň derejeli adamlar ýaşaýar

Tarafsızlık, yaptırımlar ve mahkumların kaderi. Ukrayna'nın Kırgızistan Büyükelçisi ile - savaş ve Orta Asya ile ilişkiler hakkında
