Tenqri
Baş sahypa
Ykdysadyýet

Минкаб башчысы финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады

Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады “Урматтуу финансы жана экономика кызматкерлери! Министрлер кабинетинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Финансы жана эко

0 görüşkabar.kg
Минкаб башчысы финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады
Paylaş:

Бишкек, 07.06.26. /Кабар/. Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев финансы жана экономика кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктады “Урматтуу финансы жана экономика кызматкерлери! Министрлер кабинетинин атынан жана өзүмдүн атымдан Сиздерди кесиптик майрамыңыздар – Финансы жана экономика кызматкерлеринин күнү менен чын жүрөктөн куттуктаймын! Финансы-экономика тармагынын кызматкерлери өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнүн негизги кыймылдаткыч күчтөрүнүн бири болуп саналат жана мамлекеттик реформаларды ишке ашырууга, Кыргыз Республикасынын туруктуу өнүгүүсүнө багытталган маанилүү демилгелерди иштеп чыгууга түздөн-түз катышып келишет Сиздердин кесипкөйлүк, ишке берилгендик жана ак ниет эмгегиңиздер мамлекеттин каржылык туруктуулугу чыңдалып, экономикалык өсүштүн жогорку темпи камсыздалып, бизнести өнүктүрүүгө жана калктын бакубатчылыгына жагымдуу шарттар түзүлүүдө Бүгүнкү күндө өлкөнүн финансы-экономикалык системасы жогорку туруктуулукту, динамикалуу өнүгүүнү жана ишенимдүү өсүштү көрсөтүүдө 2025-жылдын жыйынтыгы боюнча Кыргызстан 11,1 пайыз деңгээлинде экономикалык өсүшкө жетишип, региондогу алдыңкы өлкөлөрдүн катарына кирди. 2026-жылдын биринчи төрт айында да оң тенденция сакталып, экономиканын өсүшү 12,4 пайызды түздү Өлкөнүн бюджети 2025-жылы 1 трлн сомдон ашык көлөмдө түзүлүп, профицит менен аткарылды, ал эми кирешелер 40 пайыздан ашык өсүп, экономиканын ачык-айкындуулугунун жогорулаганын жана салыктык базанын кеңейгенин көрсөттү Инвестициялык саясат олуттуу натыйжаларды берди – 2021–2025-жылдар аралыгында Кыргыз Республикасына 34,5 млрд АКШ доллары өлчөмүндө инвестиция тартылып, эл аралык өнөктөштөрдүн ишениминин өсүп жатканын ырастоодо Индустриялаштыруу саясатын ишке ашыруунун алкагында 2025-жылы эле 119 жаңы ишкана ишке берилди, 8 миңден ашык жумуш орундары түзүлдү, ал эми 2026-жылы дагы 113 өнөр жай объектисин ачуу пландалууда Ошону менен катар ички экономикалык активдүүлүк да кеңейүүдө: керектөө суроо-талабы, насыялоонун көлөмү жана калктын кирешелери өсүүдө, бул ички рыноктун туруктуулугун бекемдеп, экономиканын андан ары өнүгүшүнө кошумча өбөлгөлөрдү түзүүдө Ошону менен бирге экономика калыбына келүү этабынан туруктуу индустриалдык-инновациялык өнүгүүгө өтүүчү сапаттык трансформация этабын башынан өткөрүүдө. Бул эл аралык ишенимдин өсүшү жана Moody’s, Fitch жана S&P рейтинг агенттиктеринин баалоолорунун жакшырганы менен да ырасталууда Ошол эле учурда инфляциялык процесстерди жана тышкы баа факторлорун камтыган айрым сыноолордун бар экенин түшүнөбүз. Бул багытта мамлекет тарабынан баа туруктуулугун, азык-түлүк коопсуздугун жана макроэкономикалык туруктуулукту камсыз кылууга багытталган комплекстүү чаралар көрүлүүдө Сиздердин мындан ары да Кыргызстандын 2030-жылга чейинки Улуттук өнүгүү программасынын максаттарын жана милдеттерин ишке ашырууга татыктуу салым кошо берериңиздерге ишенем Өлкөнүн мындан аркы өнүгүп жана масштабдуу өзгөрүүлөр ишке ашып жаткан шартта финансисттердин жана экономисттердин эмгегинин ролу жана мааниси улам жогорулап барат. Бүгүнкү күндө каржы-экономикалык система алдында мамлекеттик каржыны санариптештирүү, заманбап каржы инструменттерин киргизүү, туруктуу жана «жашыл» каржылоо механизмдерин өнүктүрүү, каржы ресурстарына жеткиликтүүлүктү кеңейтүү жана мамлекеттик каражаттарды башкаруунун натыйжалуулугун жогорулатуу сыяктуу жаңы милдеттер турат Сиздердин билимиңиздер, кесипкөйлүгүңүздөр жана тынымсыз өркүндөөгө болгон умтулууңуздар мындан ары да бул милдеттерди ийгиликтүү ишке ашырууга, мамлекеттин каржылык туруктуулугун чыңдоого, өлкөнүн социалдык-экономикалык өнүгүүсүнө жана калктын жыргалчылыгынын жогорулашына өбөлгө түзөрүнө ишенем Сиздерге чың ден соолук, бакубат жашоо, жаңы жетишкендиктерди, түгөнгүс күч-кубатты жана Кыргызстандын жыргалчылыгы үчүн жооптуу ишиңиздерге ийгиликтерди каалайм!”, - деп белгиледи минкаб жетекчиси

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler