Кыргызстанда кылмыштардын рецидиви институту калыбына келтирилди
Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Жаза аткаруу кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду Мыйзам 2026-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан

Бишкек, 12.06.26. /Кабар/. Президент Садыр Жапаров “Кыргыз Республикасынын айрым мыйзам актыларына (КР Жаза аткаруу кодексине, КР Кылмыш-жаза кодексине, КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине) өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзамга кол койду Мыйзам 2026-жылдын 30-апрелинде Жогорку Кеңеш тарабынан кабыл алынган Мыйзамдын максаты уюшкан кылмыштуулукка каршы элдешкис күрөшүү жана аны биротоло жок кылуу боюнча жүргүзүлүп жаткан саясаттын алкагында кылмыштардын рецидиви институтун кайтарып берүү болуп саналат Мыйзам менен төмөнкүдөй өзгөртүүлөр сунушталууда: 1) КР Жаза аткаруу кодексине төмөнкүдөй ченемдерди бекитүү менен: − рецидивде жана коркунучтуу рецидивде кылмыш жасаган адамдар жазасын катуу режимдеги түзөтүү абактарында өтөйт (73-берененин 6-бөлүгү); − өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыш жасаган адамдар жазасын өзгөчө режимдеги түзөтүү абактарында өтөйт (73-берененин 7-бөлүгү); − кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгондор чарбалык тейлөө боюнча жумуштарды аткаруу үчүн тергөө изоляторунда калтырылууга, түрмөгө же өзгөчө режимдеги түзөтүү абагына жиберилүүгө жатпайт (76-берененин 5-бөлүгүнүн 2-1-пункту); − кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде соттолгондор башка соттолгондордон бөлөк кармалат (79-берененин 3-бөлүгүнүн 5-пункту); − коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивде кылмыштарды жасагандыгы үчүн соттолгондорго кайтарылган аймактын чегинен тышкары жерде кайтаруусуз же коштоосуз жүрүүгө тыюу салынат (96-берененин 2-бөлүгүнүн 3-пункту); 2) КР Кылмыш-жаза кодексине; − кылмыштардын рецидиви жөнүндө түшүнүктү киргизүү − мыйзамды, буйрукту (тескемени), кызматы боюнча милдеттерди аткаруу жөнүндө түшүнүктү тактоо (50-берене); − жабырлануучу менен жарашкан жана келтирилген чыгымдын ордун толтурган учурда кылмыштардын коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасаган адамды кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотууга тыюу салууну аныктоо (57-берененин 2-бөлүгү); − эркиндигинен ажыратуу түрүндө жазаны мурда өтөгөн жана рецидивинде же коркунучтуу рецидивинде кылмыш жасагандыгы үчүн кайрадан соттолгондорго катуу тартиптеги түзөтүү абактарында жазаны өтөөнү дайындоону бекитүү (67-берененин 4-бөлүгүнүн 2-пункту); − кылмыштардын өзгөчө коркунучтуу рецидивинде жасаган кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга өзгөчө тартиптеги түзөтүү абактарында жазаны өтөөнү дайындоону киргизүү (67-берененин 4-бөлүгүнүн 3-пункту); − кылмыштардын рецидивинде кылмыш жасоону жазаны оордотуучу жагдай деп таануу (74-берененин 1-бөлүгүнүн 1-1-пункту); − кылмыштардын рецидивинде жазаны дайындоонун тартибин киргизүү (751-берене); − коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивде жасалган кылмыштар үчүн соттолгон адамдарга пробациялык көзөмөлдү колдонууга тыюу салууну аныктоо (82-берененин 2-бөлүгүнүн 1-1-пункту); − кылмыштардын рецидивинде жасаган кылмыштар үчүн соттолгон адамга жазаны өтөөдөн мөөнөтүнөн мурда шарттуу бошотууну колдонууга тыюу салууну бекитүү (89-берененин 4-1-пункту); − кылмыштардын коркунучтуу жана өзгөчө коркунучтуу рецидивинде айрым кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү киргизүү; − төмөнкү кылмыштарды жасагандыгы үчүн жоопкерчиликти күчөтүүнү аныктоо: рейдерлик (226-берене), бажы төлөмдөрүн, атайын, демпингге каршы, компенсациялык жана башка алымдарды төлөөдөн качуу (241-берене), бийликти күч менен басып алууга ачык чакырыктар (327-берене), экстремисттик уюмду түзүү жана каржылоо (331-берене); − 262-берененин 1-бөлүгүнүн диспозициясын кылмыштардын коркунучтуу же өзгөчө коркунучтуу рецидивинде кылмыштарды жасоо шарты менен тактоо; 3) КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине айыпталуучунун аракеттеринде кылмыштардын рецидивин моюнга алуу үчүн негиздер бар экендигин текшерүү менен өкүм чыгарууда сот чече турган маселелердин тизмесин толуктайт (346-берененин 1-бөлүгүнүн 5-1-пункту)
Diğer Haberler

2026-njy ýylyň Atalar güni haýsy gün? Atalar gününe çenli näçe gün? Haýsy senä düşýär? Ine jikme-jiklikler

Doruk Maden işçileriniň Beýpazardaky protestine gatnaşan magdançy çagasy: Her tomus kakamyň hukuklary ugrunda göreşmekden bizar boldum | T24
