Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздык жолунда: миф эмес, реалдуулук

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ГЭСтерди жана ЖЭБдерди кошкондо жылына 14 млрд 500 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бул электр энергиянын 85%дан ашыгын гидроэлектр станциялар, калган 15%ын жылуулук электр станциялары иштеп чыгат. Мында жалпы электр энергиясынын 65%ын Токтогул ГЭСи камсыздайт. Бир

0 görüşkabar.kg
Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздык жолунда: миф эмес, реалдуулук
Paylaş:

Бүгүнкү күндө Кыргызстанда ГЭСтерди жана ЖЭБдерди кошкондо жылына 14 млрд 500 млн кВт саат электр энергиясы өндүрүлөт. Бул электр энергиянын 85%дан ашыгын гидроэлектр станциялар, калган 15%ын жылуулук электр станциялары иштеп чыгат. Мында жалпы электр энергиясынын 65%ын Токтогул ГЭСи камсыздайт. Бирок, өлкөдө талап кылынып жаткан электр энергиясы 20 млрд кВт саатка жакын болуп, натыйжада таңкыстык 4 млрд 300 млн кВт сааттын тегерегинде болууда Энергетика тармагы боюнча эксперт Чоробай Акунов учурдагы таңкыстык өлкөдөгү өндүрүш, курулуш тармактарынын өсүшүнөн келип чыгып жатканын “Кабар” агенттигине билдирди Энергетика министрлиги электр энергиясына болгон суроо-талап өсүп, керектөөнүн өсүшү 7%дан ашканын жыл башында билдирген. Маалымдалгандай, жалпы КМШ өлкөлөр боюнча чоң мамлекет Россияда керектөө 1,5–3 пайызга чейин көтөрүлсө, бизде керектөөнүн өсүшү 7%дан ашып кеткен Эң негизгиси Кыргызстандын гидроэнергетикалык потенциалы жогору экендигин адистер белгилешет. Ресурс жагынан алганда өлкө ири жана чакан долбоорлорду ишке ашыруу менен электр энергиясына толук көз карандысыз болуу мүмкүнчүлүгүнө ээ Энергетика министрлигинен билдиришкендей, кубаттуулугу 1860 МВт түзгөн Камбар-Ата-1 ГЭСин куруу долбоору боюнча иштер жүрүп жатат. Учурда ГЭСтин курулушунун даярдык этабы жыйынтыктоочу баскычында. Долбоор боюнча техникалык-экономикалык негиздеме жана социалдык-экологиялык баалоо толук жүргүзүлгөн. Долбоорду каржылоо булактары катары эл аралык банктар жана донорлор тарабынан алдын ала аныкталган. Мындан тышкары, Казакстан жана Өзбекстан менен өкмөттөр аралык келишимдин долбоору макулдашуу баскычында турат. Ошондой эле 2027-жылы 120 МВт кубаттуулуктагы Камбар-Ата-2 ГЭСнин экинчи гидроагрегаты ишке киргизилмекчи Президент Садыр Жапаров Сокулук районундагы аталган ГЭСтерди ишке киргизүү аземинде учурда өлкөдө жалпы кубаттуулугу 180 МВтты түзгөн 48 чакан ГЭС иштеп жатканын жана алар энергетикалык көз карандысыздыкты чыңдоодо маанилүү экендигин айткан Жашыл энергетика фондунан билдиришкендей, өлкөдөгү чакан гидроэлектр станциялар Кыргызстандын ички инвестициялары тарабынан курулса, күн жана шамал электр станциялары тышкы инвестициялар аркылуу ишке ашырылууда Белгилей кетсек, өлкөдө биринчи жолу энергиянын кайра жаралуучу булактары долбоорлору ишке ашырылып, өткөн жыл соңунда Кемин шаарында 100 МВт кубаттуулуктагы күн станциясы ишке киргизилген. Мында мамлекеттик мекемелердин чатырларына жана ГЭС-5 суу сактагычынын үстүнө күн панелдери орнотулду Жыйынтыктап айтканда, Кыргызстан энергетикалык көз карандысыздыкка жетүү жолунда реалдуу кадамдарды жасап жатат. Бүгүнкү күндөгү электр энергиясынын таңкыстыгы өлкөдөгү экономиканын өсүшү менен түз байланыштуу болсо да, ири гидроэнергетикалык долбоорлордун ишке ашырылышы, чакан ГЭСтердин көбөйүшү жана күн менен шамал сыяктуу кайра жаралуучу энергия булактарынын өнүгүшү бул көйгөйдү акырындап жоюуга негиз түзүүдө. Камбар-Ата-1 ГЭСи сыяктуу стратегиялык мааниге ээ долбоорлор ишке кирсе, Кыргызстан өзүн толук электр энергиясы менен камсыздап гана тим болбостон, келечекте экспорттоочу өлкөгө айлануу мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Демек, энергетикалык көз карандысыздык – бул жөн гана максат эмес, жакынкы жылдарда ишке аша турган реалдуу келечек

Kaynak: kabar.kg

Diğer Haberler