Кыргыз тилинин тагдыры: министрдин сунушу, коомдогу талкуу
Анын алдында өкмөт өкүлү соңку маектеринин биринде окуучуларга айрым сабактарды жалаң кыргыз тилинде берүү каралып жатканын айткан жана бул айрыкча соцтармактарда кызуу талаш-талкуу жараткан. Соңку кездери министрге байланыштуу сын-доомат күчөдү жана анын кызматтан кетишин талап кылгандар чыкты.Догд

Анын алдында өкмөт өкүлү соңку маектеринин биринде окуучуларга айрым сабактарды жалаң кыргыз тилинде берүү каралып жатканын айткан жана бул айрыкча соцтармактарда кызуу талаш-талкуу жараткан. Соңку кездери министрге байланыштуу сын-доомат күчөдү жана анын кызматтан кетишин талап кылгандар чыкты.Догдуркүл Кендирбаева Фейсбуктагы баракчасына мектептерде кайсы бир сабактарды жалаң кыргыз тилинде окутуу сунушу тууралуу түшүндүрмө берди. Муну мамлекеттик тилди өнүктүрүү аракети катары сыпаттап, учурда ондогон мектептерде билингвалдык программа, бир же бир нече тилди колдонуу тажрыйбасы бар экенин жана ал ийгиликтүү иштеп жатканын белгиледи "Биринчи радиодо түз эфирде мага берилген кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча суроого берген жообум чоң талкууга айланыптыр. Бир тарабы кетсин, бир тарабы калсын деп жаатташуу жүрүүдө. Эми суроого жообумдун өзөгү бул эле. Эмне үчүн кыргыз тилине өзгөчө көңүл бөлүп, камкордукка алуу керек? Окуучулардын кыргыз тили боюнча жетишкендигин изилдөөгө ылайык, 50% ашыгынын окуу жана түшүнүү көндүмү базалык талапка жооп бербейт. Кыргыз тили өзгөчө камкордукка алына турган, ушундай темп менен жүрсөк, жок боло турган коркунуч тобундагы чакан тилдердин катарын толукташы мүмкүн. Кыргызстандын ар бир атуулу кыргыз тилин өздөштүрө албаса, мамлекеттин саясий, экономикалык, социалдык, маданий жана бизнес тармагында ишенимдүү аралашып ийгиликтүү лидер боло албайт. Анткени мамлекеттик жана саясий, тейлөө, маданият жана башка кызматтарда да кыргыз тилин билүү, иш кагаздарын кыргызча алып баруу милдеттүү талабы бар. Мен ар бир бала мамлекеттик тилди билбей, өз мекенинде өксүшүн каалабайм. Сөзүмдө тил аркылуу биригүү, социалдык ынтымакты бекемдөө, тилди өздөштүрүүнүн ийгиликтүү ыкмаларынын бири айрым предметтерди, мисалы, кыргыз тарыхын же географиясын кыргыз тилинде өтүүнү келечекте кароону айттым. Анткени учурда бизде ондогон мектептерде билингвалдык программа же бир же бир нече тилди пайдалануу боюнча ийгиликтүү тажрыйба бар жана жемиштүү иштеп жатат. Кыргыз тилин өнүктүрүү боюнча конституциялык мыйзамга ылайык орус тилдүү мектептерде кыргыз тилиндеги биринчи класстар теңме-тең ачылып жатат. Өз өлкөбүздө өз тилибизди куугунтукка алышыбыз керекпи? Баса, орус тилин өнүктүрүү конституциялык колдоого ээ. Расмий тил деген статус берилген жана бул талап толугу менен аткарылууда. Кыргыз тили боюнча былтыр бир саат математикага берилген, быйыл ордуна алып келдик",-деп жазды Кендирбаева Мунун алдында министрдин сунушу айрыкча социалдык тармактарда кызуу талаш-талкуу жараткан жана аны сындагандар чыккан. Мисалы, Kaktus.media басылмасынын редактору Наталья Тимирбаева Фейсбуктагы баракчасына "Баламдын жакында мектепти бүтүп кетерине дагы бир жолу кубандым. Министр деле маанилүү нерселерди эч кандай тактыгы, системалуу көз карашы жок айтып жатат. Чынында менин эмне ойлоп жатканымды коомдук мейкиндикте айтууга болбойт",- деп жазды Редактордун бул билдирүүсү талкууга кошул-ташыл болду.Журналист Аскер Сакыбаеванын пикиринде, министрдин сунушуна каршы чыккан атайын топ болушу мүмкүн "Догдуркүл Кендирбаеванын ишине тоскоолдук кылган атайын топ бардай эле сезилип жатат. Ал топ орус тили билим берүүдө ушул бойдон калышын каалаган топ. Быйыл Кыргызстандын эгемендигинин 35 жылдыгын белгилейбиз. Бул адамдын жарым өмүрү, чындыгында. Биз ансыз деле көп нерсени кеч баштап, кеч өзгөртүп жатабыз. Азыр эми 10-20 жыл мурун жасалышы керек болгон, кеч калган иштерди айла жок эки-үч жылдын ичинде жасашыбыз керек болот. Мунун баары эл аралык стандарттарга, дүйнө багыт алып бараткан тарапка жасаган аракеттерибиз деп билем. Ошол эле учурда улуттук иденттүүлүк дегенди унутпашыбыз керек, анын сап башында кыргыз тили турат. Мен министрдин бул жааттагы аракетин толугу менен колдойм. Ал эми каршы болгон тараптар мындан 30 жыл мурдагыдай эле кыргыз тилин окута турган китептер жок, мугалимдер жок деген шылтоолорду айтып жатышат. Жок деп отура берсең 100 жылдан кийин дагы жок болот. Ушул шылтоолорду 35 жыл мурун айтышса чын эле абал ушундай деп моюнга алып калчубуз. Азыр болсо издеген киши табат, эң сонун китептер, эң сонун методикалар, мугалимдер бар. Албетте, мен баары сонун деп айта албайм, кемчилик деле бар. Бир системадан башкасына өткөндө сөзсүз кемчилик болот. Аракет болгон жерде ага бут тосмойлор, тоскоолдук кылмайлар дагы болот экен. Азыркы министрдин ишин колдошубуз керек Буга чейин соцтармактарда Агартуу министрлигинин ишин сындап, министрди кызматтан алуу талабын койгон петиция тууралуу маалыматтар пайда болгон. Догдуркүл Кендирбаева “Азаттыкка” курган маегинде мындай көрүнүштү сырттан "бут тосуу аракеттери" катары кабылдап жатканын билдирген.Деген менен юрист, укук коргоочу Эржан Сулайман түпкүлүгүндө министрдин сунушун колдой турганын айтты, бирок ага болгон шарт түзүлүшү керектигине токтолду "Мамлекеттик тилди өнүктүрүш үчүн айрым сабактар кыргыз тилинде окутулушу мүмкүн деген маалымат чыкты. Албетте, бул туура нерсе. Дүйнө жүзүндө ошондой тажрыйба бар. Мисалы, илимий сабактар англис тилинде окутулса дагы туура болот. Айрым сабактар, маселен, тарых, географияны кыргыз тилинде өтсө болот. Сөзсүз деген шарттардын бири ошол китептер актуалдуу, күнүмдүк турмушта колдонулган сөздөр менен жазылышы керек. Бизде азыр китеп менен турмуштун айырмасы абдан чоң болуп жатат. Адабият эми адабий тилде болсун, ал эми башка сабактарда китептер жөнөкөй, биз турмушта колдонгон сөздөр көп кездешүүсү керек. Китептер татаал, адабий тилде жазылып калгандыктан кыргыз тили "музей тилине" айланып калып жатат. Өтө эле көркөмдөлүп, өтө эле адабий тилде жазылган китептен окуучулар "саламатсыз, рахмат, жакшы" деген сөздөн башка эч нерсе билбей мектепти бүтүп жатат. Окуучулар 1-2-класста эле билүүнүн эч кандай кереги жок болгон сөздөрдү окуп жатышат. Сейрек кездешкен жаныбардын кыргызча аталышын жаттап жүрүшөт. Ал жаныбардын кантип аталарын билип деле кереги жок. Мисалы, 2-3-класстардын китебинде фразеологизмдерди талдоо дегенден көнүгүүлөр бар. Мен кандай фразеологизмдер экен деп карасам мен өмүрү укпагандар экен. Анан аны бала кантип талдайт? Жөнөкөй эле сөздөрдү окутуудан баштап 11-класста анан татаалдатып кетсе болот. Бизде болсо 1-2-класстардын китептери 11-класстардыкы менен эле бирдей болуп калып жатат. Мени ушул жагы таң калтырат. Китеп жазууда психологиялык ыкма дагы керек, балдардын жаш курагын эске алып, балдардын азыркы абалын, кызыгуусун эске алыш керек. Азыр бир класстан экинчи класска көчкөндө кыргыз тилинен экзамен тапшыруу талап кылынат. Ошентип эле көчүрбөй коебуз, кызматка койбой коебуз, кызматтан бошотуп жиберебиз деп эле талап кылуу менен тилди өнүктүрүүгө болбойт. Балдар пайдалана турган, практикалык сабак экенин түшүнүшүбүз керек, "музей тилине" айланбашы керек Расмий маалыматка ылайык, өлкөдө жалпы 2377 мектеп бар, анын ичинен 2173ү мамлекеттик, 204ү жеке менчик. Бардыгы болуп 1,5 миллионго чукул окуучу билим алат Кыргызстандагы мектептерде сабактар жалпысынан беш тилде: кыргыз, орус, өзбек, англис жана тажик тилдеринде окутулат. Жалпы 1668 мектепте окутуу бир тилде жүргүзүлөт. Тактап айтканда, жалаң кыргыз тилинде сабак берилген 1368 мектеп, орус тилинде 274, өзбек тилинде 18, тажик тилинде 3 ал эми англис тилинде окутулган 5 мектеп бар.Мындан сырткары 709 мектепте аралаш тилде окутулат, анын ичинен 548 мектепте сабактар кыргыз жана орус тилдеринде жүрөт.Бишкек шаарында 121 мектептин 16сында кыргыз тилинде, 20сында орус тилинде, 85инде аралаш тилде окутулат.Ош шаарында 71 мектеп бар (администрациялык-аймактык реформадан соң), анын ичинен сабактар кыргыз тилинде 10 мектепте, орус тилинде бир, кыргыз жана орус тилдеринде 32, кыргыз, орус жана өзбек тилдеринде 28 мектепте окутулат.окуу жылына карата орус тилдүү билим берүү мекемелеринде 307 кыргыз класстарын ачуу пландалган


