"Катаал шарттагы камерада кармалууда". Абактагы Равшан Жээнбековдун уулу бийликке кайрылды
Азат Равшан уулу атасы тууралуу бийлик башчыларына, депутаттарга жана укук коргоочуларга жолдогон кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда атасынын абалына көңүл бурууга чакырган: "Менин атам, саясатчы Равшан Жээнбековдун катаал режимдеги, камералык типтеги, айнегине чейин жабылып чүмбөт

Азат Равшан уулу атасы тууралуу бийлик башчыларына, депутаттарга жана укук коргоочуларга жолдогон кайрылуусун Фейсбуктагы баракчасына жарыялады. Анда атасынын абалына көңүл бурууга чакырган: "Менин атам, саясатчы Равшан Жээнбековдун катаал режимдеги, камералык типтеги, айнегине чейин жабылып чүмбөттөлгөн террористтерди жана диний экстремисстерди кармаган түрмөдө жатканына сегиз айга жакындады. Атам 24 саат бою кичинекей камерада, күндү, асманды көрбөй, таза аба менен дем ала албай, террористтерди кармаган катаал шартта, ден соолугунан ажырап, камакта отурат. Кыргыз элибиздин белгилүү жазуучусу Төлөгөн Касымбековдун “Сынган кылычында” кыргыздын баатырларын Кокон хандыгы кармап барып, зынданда кармаганы айтылат, бирок, ал зындандан кыргыздын баатырлары жок дегенде күндү, асманды көрө алчу экен. Ал эми, XXI кылымда мамлекетибиз, кыргыз мамлекети саясий беренелер менен камалган менин атама күн менен асманды көрүүгө дагы тыюу салганы, мени, кыргыз жаранын тан калтырат, зээнимди кейитет. Буга кошумча, атам террористтерди кармаган түрмөгө келгенге чейин дагы 3 жыл 8 ай катаал, эч кандай шарты жок тергөө абагында жаткан. Урматтуу президент мырза, депутаттар, укук коргоочулар, эгер, менин жазгандарым жалган десеңиздер, мыйзам баарыңыздарга жол берет, барып өзүнүздөр көрүп келсеңиздер болот. Менин оюмча, жалган жалаа жана саясий өңүттө камалган саясатчыны, менин атам Равшан Жээнбековду террористтерди, диний радикал экстремисттерди камаган катаал режимдеги “зынданда” кармоо адилетсиз жана гумандуулукка жатпайт, коопсуздугуна кепилдик бербейт. Менин атам ушунчалык коркунучтуу кылмышкерби? Сиздерди, баарыныздарды атамдын азыркы абалына көңүл бөлөт деген ишенем", - деп жазды Азат Равшан уулу.Бул билдирүүгө байланыштуу Жаза аткаруу кызматы, президенттин администрациясы комментарий бере элек. Жогорку Кеңештин депутаттарынын арасынан дагы реакция кылгандар болгон жок Камалып чыккан укук коргоочу Рита Карасартова Равшан Жээнбеков отурган жайлардын шарты катаал болорун, түрмөнүн ичиндеги түрмө катары мүнөздөлөрүн айтып берди "Сөз айтып, сүйлөгөн адамдардын баарын эле "бийлик күч менен басып алууга аракет кылган" деп айыптап, мамлекеттин бүтүндүгүнө шек келтирди деп соттогондорго түмөнүн ичиндеги түрмө кылып коюшкан. Мисалы, айрымдар тергөө абагында бир эле бөлүмүнүн ичинен чыкпай отургандан кийин "мен эми колонияга кесилдим, ал жактан бассаң-турсаң болот" дегендей ойлошот да. Ал эми жанагындай беренелер менен кесилгендерге, экстремист-террорист деп соттолгондорго түрмөнүн ичинде түрмө кылып коюшкан. Бизди айыптап жаткан беренелер ошондой беренелердин бири. Ошондой шартта Каныкей Аранова, Равшан Жээнбековдун бир бөлмөдө отурганы албетте өкүнүчтүү. Кандай кыймыл-аракети үчүн деген суроо туулат. Кой-Таш окуясы маалында ал жакта толгон-токой журналист жүргөн. "Балдар токтогула, атпагыла, милицияларды сабабагыла" деп ортого түшүп, арачалап жүргөн адамды УКМКнын атайын даярдыктагы аскерлерин барымтага алды деп айыптап, оор берене менен 7,5 жылга кесип салганы кандай деген суроо туулат. Анысы аз келгенсип түрмөнүн ичиндеги түрмөгө отургузуп койгону кандай? Ал жерде саламаттыгына доо кетет. Мисалы мен бир жыл отургам, болгон тиштеримдин баары күбүлүп калды. Равшандын отурганына жалпы үч жылдан ашты окшойт", - деди Карасартова.Равшан Жээнбеков 2019-жылы Кой-Таш окуясына байланыштуу кармалып, 2020-жылы жокко чыккан парламенттик шайлоодон кийин башаламандык учурунда бошотулган. Бирок, үй камагынын талаптарын бузду деген негиз менен 2021-жылдын августунда кайра камалып, кайра декабрь айында Жазык-процессуалдык кодекске киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу бошотулган. 2025-жылдын 3-июнунда “Кой-Таш ишине” байланыштуу Бишкектин Биринчи май райондук соту аны 7 жыл 8 айга кескен. Ошол күндөн бери абакта отурат. Сот жараяны маалында Равшан Жээнбеков кыргыз бийлигине кайрылып, өзүнүн камалышы саясий чечим болгонун белгилеп, өлкө жетекчилигине атайын комиссия түзүүнү да сунуштаган.Ал камалганга чейин бийликке, УКМКнын ошол кездеги төрагасы Камчыбек Ташиевдин дарегине катуу сын айтып, ал колундагы бийликти ашыкча пайдаланып жатканын айтып келген Кой-Таш ишине байланыштуу ошол кездеги бийлик башчыларынын, ошол кездеги күч түзүмдөрүнүн жетекчилеринен жоопкерчилиги каралбай калганына байланыштуу маселе көтөрүлүп келет. Талдоочу Турат Акимовдун пикиринде, буга байланыштуу суроолор жоопсуз калса адилеттүүлүк, акыйкаттуулукка доо кетет "Ошол кездеги ИИМдин башчысы Кашкар Жунушалиев, УКМКнын төрагасы Орозбек Опумбаевдер албетте суралышы керек. Эки тарапты тең сотко бирдей чакырып, баарын бирдей угушу керек эле. Кимдин күнөөсү канчалык экенин иликтеп чыгыш керек. Жунушалиев, Опумбаевдер кетип калып, ошол бойдон эле жоголуп, сотко келип көрсөтмө беришпейт, же аткарган кызматына жооп бербесе, бул адилеттүүлүккө жатпайт. Бул Садыр Жапаровдун жеке трагедиясы. Сот отурумдарына чакырылбаса, көрсөтмө бербесе, анда бул адилеттүүлүккө жатпайт. Баарынын жоопкерчилиги каралышы керек. Ошол операцияны өткөргөн, даярдаган, буйрук берген адамдар болгон да, Жунушалиев менен Опумбаевдер болгон да. Булардын аракеттерине укуктук баа берилиши керек. Сотто тараптар бири-бирине суроо бериши керек. Ошол эле Равшан Жээнбековдун мисалы Опумбаевге суроосу бардыр. Ошону баары сотто айтылышы керек эле. Сотто жарыш сөз деген болот, ошого эки тарап бирдей катышышы керек. Бир тарабы жоголуп кетти, экинчи тарабы камалып калды. Бул жерде түшүнүксүз юридикалык ыкмалар колдонулду".2019-жылы августта мурдагы президент Алмазбек Атамбаевди кармоо операциясы баш аламандык менен коштолуп, өлкөнүн эгемен тарыхында "Кой-Таш окуясы" деген ат менен калган. Өлкөнү жылдары башкарган экс-президентке ошол маалда кримтөбөл Азиз Батукаевдин мөөнөтүнөн мурда абактан бошоп кеткенине байланыштуу козголгон кылмыш ишинине негизинде айып тагылган.Бишкектин четиндеги Кой-Тай айылында 2019-жылы 7-8-август күндөрү Алмазбек Атамбаевди үйүнөн колго түшүрүү операциясында мурдагы президенттин тарапташтары менен күч кызматкерлери кагылышып, УКМКнын офицери Үсөнбек Ниязбеков мерт болуп, Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси Самат Курманкулов башынан катуу жараат алган. Баш-аягы 225 адам жабыркаган. Анын ичинен 91и ИИМдин, УКМКнын 40 кызматкери, калганы жөнөкөй жарандар Бишкектин Биринчи май райондук соту былтыр 3-июнда бул ишке байланыштуу экс-президент Алмазбек Атамбаевди 11 жыл 6 айга кесип, мүлкүн конфискация кылган. Анын бийлиги тушунда президенттик аппараттын башчысы болуп турган Фарид Ниязов, экс-депутат Равшан Жээнбеков 7 жыл 8 айга эркинен ажыратылган. Мурдагы депутат Ирина Карамушкинанын буга чейин жергиликтүү шайлоодогу добуш сатып алууга байланыштуу берилген жаза мөөнөтү кошулуп, ага жалпы сегиз жыл берилген. Алмазбек Атамбаевдин тарапташы Фархад Баабиев 5 жыл 6 айга кесилген. Бишкек шаардык соту былтыр 23-октябрда Кой-Таш иши боюнча биринчи инстанциянын чечимин дээрлик өзгөртүүсүз калтырган.Мурдагы президенттин тарапташтары Канат Сагымбаев, Асел Кодуранова, Кундуз Жолдубаева, Мээрбек Мискенбаев, Канат Осмоналиев, Рысбек Карыпбек уулу, Нооруз Капарбек уулу, Марат Шаменов, Амангелди Какебаев 3-5 жылдык пробациялык көзөмөл түрүндөгү жаза алышкан.Алмазбек Атамбаевге саламаттыгына байланыштуу чет өлкөдө дарылануусуна уруксат берилип, ал Испанияга чыгып кетип, ошол бойдон кайтып келе элек.Фарид Ниязов жакында эле президенттин ырайымы менен абактан чыккан. Ал эми экс-депутат Ирина Карамушкинага Садыр Жапаров ырайым берүүдөн баш тартканы белгилүү болду


