Футбол 2026: "Улуттук гимндин жаңырганы Өзбекстан эли үчүн чоң сыймык"
Андан тышкары мундиаль согуштардын, саясий тирештин фонунда, АКШнын мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшү күчөп турган маалда өтмөкчү. Төрт курама, анын ичинде кошуна Өзбекстан дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө биринчи жолу чыкты Үч өлкө, беш жума, 48 команда, 104 оюн жана бир трофей. Ал кимге ти

Андан тышкары мундиаль согуштардын, саясий тирештин фонунда, АКШнын мыйзамсыз иммиграцияга каршы күрөшү күчөп турган маалда өтмөкчү. Төрт курама, анын ичинде кошуна Өзбекстан дүйнө чемпионатынын финалдык бөлүгүнө биринчи жолу чыкты Үч өлкө, беш жума, 48 команда, 104 оюн жана бир трофей. Ал кимге тиери 19-июлда белгилүү болмокчу Ал эми 11-июнда Мексика өз талаасында, "Ацтека" стадионунда өтчү ачылыш матчында Түштүк Африка менен беттешет Квалификациялык же иргеп алуучу оюндарга 211 өлкө катышса, алардын чейреги финалдык бөлүккө өттү. Командалар 12 тайпага бөлүнгөн 1930-жылы Уругвайда өткөн алгачкы биринчиликтен бери анын форматы бир нече ирет өзгөртүлгөн жана катышуучулардын саны улам өскөн. 2017-жылы Дүйнөлүк футбол ассоциациясы – ФИФА курамалардын санын 32ден 48ге көбөйтүү чечимин кабыл алган. Албетте, муну менен турнирге кетчү чыгым да өстү Ал эми 2018-жылы чемпионатты кабыл ала турган үчилтик – АКШ, Канада жана Мексика белгилүү болгон. Ошентип дүйнөлүк мелдеш 1994-жылдан кийин биринчи жолу Америкага кайтты. Мексика 1970 жана 1986-жылдары чемпионатты уюштурган.Быйыл турнирдин дебютанттары төрт өлкө - Күрасао, Кабо Верде, Иордания жана Өзбекстан Борборазиялык бир да команда буга чейин финалдык бөлүккө иргелип алынган эмес Шаршембиде алар италиялык машыктыруучу Фабио Каннаваро менен бирге АКШнын Жоржа штатындагы Мариетта шаарында жергиликтүү балдар менен топ тебишти.Рейтердин кабарчысы сөзгө тарткан өзбекстандык футболчу Аббосбек Файзуллаев алгачкы оюн абдан эмоционалдуу болорун айтат:"Мен үчүн биринчи матчты ойногон күн абдан эмоционалдуу болот деп ойлойм. Себеби Дүйнө чемпионатындай ири мелдеште улуттук гимндин жаңырганы Өзбекстан эли үчүн чоң сыймык. Биз бул учурду 34 жыл күткөнбүз. Менимче, кайталангыс сезим болот, ар бирибиз үчүн чоң сыймык" Файзуллаев "Алтын топ" сыйлыгын, дүйнө чемпионатын жеңген Каннавародой футболчунун жетекчилигинде машыгуу көп жетишкендиктерге алып келерин, тажрыйба топтоого, бир топ нерселерди үйрөнүүгө өбөлгө түзөрүн кошумчалайт Өзбекстандыктар биринчи матчты 17-июнда Мексика шаарында Колумбияга каршы ойномокчу. Мындан тышкары фавориттердин бири, Криштиану Роналду баш болгон күчтүү Португалия, андан кийин Конго демократиялык жумуриятынын командасы менен беттешет.Мундиаль АКШнын администрациясы мыйзамсыз миграцияга каршы күрөшүн күчөткөн маалга туш келди Өткөн ишембиде сомалилик арбитр Омар Абдулкадыр Артан Майами аэропортунда 11 саат бою иммиграциялык кызматка сурак бергенден кийин Кошмо Штаттарга кое берилбей койгонун билдирген. Тиешелүү америкалык органдар өз чечимин түшүндүргөн жок, бирок АКШ улуттук коопсуздукка таяп Сомали жарандарына кирүүгө толук тыюу салган “кара тизмеге” киргизилген Рефери өзү жана Могадишо бийлиги анын колунда "бардык зарыл документтер" менен "жарактуу виза" болгонун маалымдашты ФИФА америкалык бийлик менен сүйлөшкөндөн кийин Артан турнирди тейлебейт деген билдирүү жасады Арбитрди мекенинде салтанаттуу тосуп алышты "Болор иш болду. Тагдыр ушундай экен. ФИФА мени жакшы эле колдоду, сапарыма байкоо салып турушту. Болочок матчтарды мыкты өткөрүп, жакшы таасир калтырам деп убада кылам. Жакшы же жаман болобу, Сомали биздин мекенибиз. Жаштарга үмүтүңөрдү үзбөгүлө деп айтат элем, бул – биздин желек", - деп айтты Артан Буга чейин Ирандын футбол федерациясынын жетекчисине виза берилбей койгон. АКШ анын Ислам революциясынын сакчылар корпусу менен байланышы бар деп эсептейт. 26 футболчунун виза арыздары курама Мексикага аттанар алдында канааттандырылган, бирок алар оюндарга барып, артка, базасына кайтып турат . Ага чейин ирандыктардын базасы Аризонадан Мексикага которулган Шаршембиде АКШнын президенти Дональд Трамп визаларга байланыштуу суроого жооп берип, "Биз өлкөгө туура кишилердин келишин камсыздоонун үстүнөн жакындан иштеп жатабыз", - деп айтты Маалыматтарга караганда, күйөрмандарга да виза берилбей койгон учурлар аз эмес. Муну менен катар билеттердин кымбат баасы да көп суроо жаратууда.Оюндардын өзүнө кайтсак, фавориттер арасында 2022-жылкы чемпион Аргентина жана вице-чемпион Франция, Испания, Бразилия аталууда Ошондой эле бүгүнкү чемпионат футболдун соңку бир нече жылдардан берки тарыхындагы жылдыздар Лионел Месси менен Криштиану Роналду үчүн акыркы турнир болуп калышы ажеп эмес
Diğer Haberler

FIFA dünýä çempionatyny, Özbegistan milli ýygyndysynyň oýunlaryny onlarça makalada çap etmek üçin Gazeta

"Yasal Medya Merkezi": Bilinmeyen bir kişi Azattyk ve "VD Stroy mühendisliği" hakkındaki materyallerimizi Google'dan kaldırmaya çalıştı
