Tenqri
Baş sahypa
Dünýä

Аскарбековдун камалышы, Абдирасулованын суралышы пикир үчүн куугунтукпу?

Милиция ал күбө катары суралганын ырастап, иштин өзү жөнүндө маалымат берген жок. Абдирасулова саясатчы Мавлян Аскарбековдун кармалышына байланыштуу бийликти сындап жазган соң өздөрүн “Коопсуздук кызматынанбыз” деген бейтааныш кишилер телефондон коркутуп жатканын социалдык тармактарга жазган Эки кү

0 görüşazattyk.org
Аскарбековдун камалышы, Абдирасулованын суралышы пикир үчүн куугунтукпу?
Paylaş:

Милиция ал күбө катары суралганын ырастап, иштин өзү жөнүндө маалымат берген жок. Абдирасулова саясатчы Мавлян Аскарбековдун кармалышына байланыштуу бийликти сындап жазган соң өздөрүн “Коопсуздук кызматынанбыз” деген бейтааныш кишилер телефондон коркутуп жатканын социалдык тармактарга жазган Эки күн мурун Аскарбеков “Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты козутуу” беренесинин негизинде айыпталып, эки айга камакка алынган "Кылым шамы" бейөкмөт уюмунун негиздөөчүсү Азиза Абдирасулова Жалал-Абад облусунун Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө 15-июнда суракка чакырылды. Эртең менен милицияга барган укук коргоочу бир нече саат күтүп отуруп, түшкө жуук бир сааттай сурак берип чыкты Ортодо кан басымы көтөрүлүп кетип, ага "Тез жардам" кызматы дагы чакырылды. Алар келип укук коргоочуга дары берип, укол сайышкандан кийин абалы турукташкан Абдирасулова өзү Фейсбуктагы постторуна байланыштуу суралганын билдирди: "Фейсбуктагы зектер тууралуу жазган постум боюнча күбө катары сурак бердим. Тергөөчү менден бул постумду өчүрүшүмдү талап кылды. Себеби ал постту 300дөй киши жактырып, жүздөй киши түрдүү пикир калтырган экен. Эми ошол пикир калтыргандарды да милиция издеп жатыптыр, алар дагы суракка чакырылат деди. Ошондуктан, посттун алдына калтырган пикири үчүн мекендештерим доого жыгылып кетишин каалабадым. Азыр үйгө жетип, анан постту өчүрүүгө мажбурмун" 15-июнда Абдирасулова өздөрүн Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетинин (УКМК) жана Ноокен райондук милициясынан деп тааныштырган белгисиз адамдар телефон чалып, коркутуп жатканын Фейсбукка жазган Ал атайын кызматтан жана милициядан куугунтуктоолор жарандык активист Мавлян Аскарбеков камалганына байланыштуу Фейсбукка жазган постторунан кийин башталганын белгиледи. Укук коргоочу ал посттордо мыйзам бузуу жоктугун айтууда Ички иштер министрлигигинин Жалал-Абад облустук башкармалыгынын басма сөз кызматы Абдирасулованын суралганы жөнүндө мындай комментарий берди: “2026-жылдын 15-июнь күнү Ноокен районунун А.А. аттуу тургуну, Ноокен РИИБдин тергөө кызматы тарабынан күбө катарында суракка чакырылган. Азыркы маалда күбө катары сурак берип жатат. Учурда тергөө амалдары жүрүүдө”, – деп айтылат анда Азиза Абдирасулова отуз жылга жакын убактан бери укук коргоочулук менен алектенет. Ал түзгөн "Кылым шамы" бейөкмөт уюму 2002-жылдан бери өлкөдөгү саясий, социалдык жана башка окуяларга, шайлоолорго, жабык жайлардагы, армиядагы адам укуктарына мониторинг жүргүзүп, адам укугун коргоо жаатында иштеп келген Бир нече жыл мурда уюмдун жетекчилигин кызына өткөрүп берген Абдирасулова 2024-жылы укук коргоочулук ишмердигине байланыштуу өмүрүнүн коопсуздугу үчүн мекенинен чыгып кетүүгө мажбур болгонун билдирген. Бир жылга чамалуу убактан кийин өлкөгө кайтып келген Укук коргоочу Кыргызстанга кайтып келгенден кийин да өлкөдө суракка алынган, кармалган же камакка алынгандар тууралуу постторду байма-бай жазып турат. Акыркы ирет саясатчы Мавлян Аскарбековдун кармалышына байланыштуу бийликти сындаган 47 жаштагы Мавлян Аскарбеков өлкөдөгү окуяларды активдүү комментарийлеген саясатчылардын бири. Ал соңку жылдары бийликтин айрым иштерин сынга алган пикирлери менен бөлүшүп келген Саясатчы 12-июнда Фейсбуктагы баракчасына өзүнө каршы чагымчыл мүнөздөгү маалыматтар таратылып жатканын, үйүнө Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) кызматкери барганын жазып чыккан "Премьер-министрге кайрылып, кытай жарандары кичи, орто бизнеске аралашып жатканы тууралуу айттым эле. Конструктивдүү талкуулап, эл алдында түз эфирде дебатка чакыргам. Базар күнү үйүмө УКМКнын үч кызматкери келип мени менен сүйлөшүп, жашыруун камерага тартышып, монтаждап азыр чыгарып жатышат", - деп жазган ал жума күнкү постунда. Муну менен катар ал интернетте тараган видеону кошо тиркеген 13 мүнөттүк "Жалган маалыматтын изи менен. Мавлян Аскарбековдун далилсиз сенсациясы" деген видеодо активисттин буга чейинки билдирүүлөрү сынга алынып, "өлкөнү эч ким каптап кетпегени, улуттук коопсуздук маселеси мыйзам менен темирдей корголгону" айтылат Мындан көп узабай ошол эле күндүн кечинде Аскарбеков кармалганы белгилүү болгон. Бишкектин Ленин райондук сотунда 13-июнда анын бөгөт чарасын аныктоо боюнча сот отуруму өтүп, ал эки айга Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) тергөө абагына камакка алынган Саясатчынын адвокаты Эрик Ирискулбеков Аскарбековго Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин (Расалык, этностук, улуттук, диний же региондор аралык кастыкты (араздашууну) козутуу) негизинде айып тагылганын билдирген: "12-июнда УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгы Кылмыш-жаза кодексинин 330-беренесинин биринчи бөлүгүнүн негизинде айып такты. Буга Фейсбукта жарыяланган маалымат боюнча жүргүзүлгөн лингвистикалык корутунду негиз болду. Бүгүн Ленин райондук сотунун судьясы УКМКнын тергөөчүсүнүн Аскарбековду атайын кызматтын тергөө абагына 12-августка чейин камакка алуу тууралуу өтүнүчтү канааттандырды. Бизде беш күндүк убактыбыз бар, Бишкек шаардык сотуна апелляциялык арыз беребиз" – деди Ирискулбеков 2024-жылдын аягында Кытай–Кыргызстан–Өзбекстан темир жолунун курулушу расмий башталгандан кийин өлкөдө кытай жарандары көбөйгөнү тууралуу сөздөр чыккан. Кытайлык жарандар аралашкан ар кандай окуялар катталган. Президент Садыр Жапаров ал кезде кытай жарандары ири долбоорлорго байланыштуу убактылуу келгенин, ар бир мигрант көзөмөлдө экенин билдирген Жапаров 14-июнда Балыкчы шаарында Балыкчы – Тамчы – Чолпон-Ата темир жолунун курулушуна мезгил кутусун салган учурда сөз сүйлөп жатып, Кыргызстандагы чет элдик жумушчулар темасына токтолду Ал темир жол тармагындагы жетишкендиктерди мисал келтирип, ири долбоорлорго Кыргызстан чет жактан жумушчуларды тартканга мажбур экенин айтты: “Ошондуктан, блогерлер дейбизби, оппозиция дейбизби же өзүн көрсөткөн популист саясатчылар дейбизби, “каптап кетти, жайнап кетти” деген сөздөрдү чыгарып, тоскоолдук жаратып жатышат да. Ушундайларга чекит коюп, кескин токтотушубуз керек. Албетте, мына биз ушундай өзүбүздүн күчүбүз жеткен жер болсо өзүбүз салып жатабыз, ал эми инженерлерибиз жок, тажрыйбасы жок, колубуздан келбеген нерселерди кошуна мамлекеттерден суранып, жасатып жатабыз. Ал эми “өзүбүз курабыз” деп жата берсек, биздин инженерлердин курулуштары 15-20 жылда араң даяр болот. Ошондуктан, азыр андай чагымчылдык аракеттерге барбагыла деп блогерлерибизди чакырып кетем”, – деди Садыр Жапаров Кыргызстанда мурдагы бийликтердин тушунда да саясий себептер менен саясатчы-активисттер кармалып-камалган учурлар болгон. 2020-жылдагы Октябрь окуяларынан кийин өлкө башына келген бийликтин тушунда да ондогон адамдар ар кандай иштер боюнча камалып чыгышты “Азаттык” 2020-жылдын ноябрь айынан бери социалдык түйүндөргө жазган билдирүүсү, бөлүшкөн маалыматы, жаcаган материалы үчүн суракка чакырылган, кылмыш жоопкерчилигине тартылган 50дөн ашык жарандын ишин тизмектеген. Башка басылмалар болсо пикири үчүн соңку төрт-беш жылда 140 киши камалып же куугунтукка алынганын эсептеп чыккан Бирок быйыл февралда президент Садыр Жапаров менен атайын кызматтын төрагасы Камчыбек Ташиевдин саясий тандеми урап, Ташиев иштен алынган соң айрым кылмыш иштерде жеңилдетүү байкалгандай болгон. Муну айрымдар саясий тирештин фонунда бийликтин саясий иштерге жумшартуу аракети катары карашса, кээлери келерки жылы өтө турган президенттик шайлоого байланыштырышкан Айталы, 2022-жылы кыргыз-өзбек чек ара келишимине байланыштуу нааразы болуп, Кемпир-Абад суу сактагычынын жери коңшу өлкөгө өтүп жатканына каршылык билдирген отуздай саясатчы, укук коргоочу жана активист кармалып, алды дээрлик эки жылча камакта отурушту. 2026-жылдын мартында Бишкек шаардык сотунда көпчүлүгү акталышты Мындан сырткары Temirov Live жана “Айт, айт десе” долбоорлорунун негиздөөчүсү Болот Темиров 2023-жылы өлкөдөн мажбурлап чыгарылган. 2024-жылы долбоорлордун 11 журналистинин жапырт кармалды. Алардын жетөө акталып, эки журналист абакка кесилсе, дагы экөө пробациялык сыноо менен бошотулган Абакка кесилгендерден Азамат Ишенбеков былтыр апрелде президенттин ырайымы менен эркиндикке чыкса, долбоорлордун жетекчиси Махабат Тажибек кызы быйыл мартта эч жакка чыкпоо тилкаты менен камактан бошотулду Деген менен ар кандай пикири же посту үчүн саясатчылар, активисттер жана укук коргоочулар кайрадан суракка алынып жатканы кармоо-камоолор боюнча ача пикирлерди жаратып келет Укук коргоочу Бурул Усманалы “Азаттыкка” мындайча комментарий берди: “Саясий тандем урагандан кийин Кыргызстанда куугунтуктар токтоп, адам укуктары сакталып, адамдар кенен дем алып калат экен деген үмүттөр болуп жатты эле. Сыягы жумшартуу жок окшойт. Мавлян Аскарбековдун камалышы, ага байланыштуу посту үчүн Азиза Абдирасулованын суракка алынышы ошону күбөлөндүрүп тургансыйт. Мурдагыдай эле тыйган, оозду жапкан, адамдын конституциялык эркиндиктерине басымдар уланууда. Менимче, Мавляндын сөзүндө эч кандай улуттар аралык кастыкты козутуу жок. Ал “кытайлар көбөйүп жатат” деген тынчсыздануусун гана айтыптыр. Мисалы, адамдар Орусия, АКШбы, Кытайбы, же кайсы бир өлкөлөрдүн Кыргызстанда таасири артып бара жатат дегенди айта алышат да, бул деле ошол сыяктуу нерсе деп эсептейм. Ошондуктан анын камалышы абдан туура эмес. Ал эми Абдирасулова өз постунда "зек" деп жазып, эмоционалдуулукка өтүп кетиптир, анткени бийликте турган адамга ушинтип айтуу кооптуу. Укук коргоочу “Мавлянды да зек кылган атат” деген мааниде жаны ачып, өзөгү өрттөнгөндөн улам жазыптыр. Бирок бул деле чоң укук бузуу катары каралбашы керек. Аз убакыт мурдараак эле биз Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланып, сыймыктанып жатканбыз. Бирок мунун сыймыгы менен кошо жоопкерчилиги да бар, ал дал ушул адам укуктарын сактоо. БУУ талап кылган адам укуктарын, демократия принциптерин карманууга мажбурбуз, биз аны өзүбүз суранып жатып, мойнубузга илип алдык. Тилекке каршы аны көзгө илбестен активист-укук коргоочуларды кармап-камап, суракка алуу уланып жатканы эки жүздүүлүк жана бетпактык” 3-июнда Кыргызстан эгемен тарыхында биринчи ирет Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланган. Туруктуу жана туруктуу эмес 15 мүчө мамлекеттин ичинде расмий Бишкек жылдары анда дүйнөлүк маселелерди талкуулоого жана чечим кабыл алууга мүмкүнчүлүк алган Кыргыз бийлиги муну чоң жоопкерчилик катары карап, эл аралык талаш-тартыштарды тынчтык жолу менен жөнгө салууга салым кошорун билдирсе, укук коргоочулар Кыргызстан адам укуктары жаатындагы милдеттемелерин аткарууга басым жасашы керектигин эскертишкен No media source currently available

Kaynak: azattyk.org

Diğer Haberler