Алымкул аталык. Коогалуу доордун каарманы
Аталык, аскер башы деп таанылган Алымкул Асан уулу тууралуу көптөр атактуу жазуучу Төлгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романы аркылуу билет. Бул көркөм чыгармада 1865-жылы Алымкул аталык орус генералы Черняевден Ташкентти коргоп салгылашкан учурун окуй алабыз. Тагыраагы, Орус падышачылыгы чө

Аталык, аскер башы деп таанылган Алымкул Асан уулу тууралуу көптөр атактуу жазуучу Төлгөн Касымбековдун “Сынган кылыч” тарыхый романы аркылуу билет. Бул көркөм чыгармада 1865-жылы Алымкул аталык орус генералы Черняевден Ташкентти коргоп салгылашкан учурун окуй алабыз. Тагыраагы, Орус падышачылыгы чөлкөмдү каратып ала баштаган мезгил. Эми көркөм чыгармадан тарыхтын өзүнө келсек. Кыяз агай, Алымкул аталык тууралуу архивдерден кандай маалыматтарды тапканбыз? Ал киши ким болгон? Чынын айтканда, Кокон хандыгынын тарыхын кыргыз тарыхы катары эсептеген эмеспиз Азыр эми эсептелип калды. 167 жылдык тарыхты чоочун, кыргыздарды басып каратып алган бөтөн мамлекет катары карап келгенбиз. Төлөгөн Касымбековдун өзгөчөлүгү мына ошол Кокон хандыгын кыргыз жыттантып, кыргыздардын да мамлекети экендигин көркөм берип койгондугу болду. Ушул Алымкул аталык, Алымбек датка, Полот хан (молдо Искак Асан уулу, 1844–1876) сыяктуу тарыхый инсандардын бардыгы өз мамлекети үчүн кызмат кылганын тарыхый көркөм чыгарма аркылуу чагылдырган. Биз тарыхчылар эгемендүүлүктөн кийин гана ошол доорду изилдөөгө кириштик Мен өзүмдүн башымдан өткөн бир окуяны дайыма айтып жүрөм. 1994-жылы өзүмдүн кандидаттык диссертациямда “Кокон хандыгы - Борбордук Азиядагы орток мамлекет. Кыргыздардын дагы мамлекети. Кийин Орус империясы “Кокон хандыгынын зомбулугунан куткарып, биз силерге эркиндик бердик” деген идеологияны сиңирген. Ошол боюнча совет бийлигинин учурунда дагы ушундай кабылданып калды. Бул Борбордук Азиядагы орток мамлекет. Анын түптөлүшүнө, сакталышына, өнүгүшүнө дагы кыргыздар дайыма жигердүү аралашып келди” деп жазганым үчүн диссертациямды көпкө чейин кармашты. “Эгер ошол жерин оңдобосоң, анда диссертацияңды бекитпейбиз” дешкен. “Нак ошол жерин оңдобойм. Мага анда кандидаттык диссертациянын кереги жок” деп баш тарткам. Кийин Кокон хандыгы кыргыздарга тиешелүү экендигин түшүнүшүп, менин көз карашымды кабыл алып, кандидаттык диссертациямды кайра бекитип беришкен. Алымбек датка, Курманжан датка, Зыйнат датка, Жаркын айым, Алымкул аталык, Полот хан (молдо Искак Асан уулу) сыяктуу ошол мезгилдеги көптөгөн тарыхый инсандардын бардыгы илимий ишимде камтылган. Ушул тарыхый инсандар Кокон хандыгын кантип сактап, кайра өнүктүргөнү тууралуу жазгамын Сиз ысымын атаган кишилер ошол хандыктагы таасирдүү, бийликтин бир бутагын кармаган кишилер болгон эмеспи Албетте. Кокон хандыгында бийлик талашып, жаатташа бербесин деп, “Алтынбешиктин урпактары гана хан болсун” деген эреже киргизишкен. Калгандары таасирине карап, бийлик бутактарын ээлешкен. Алим хандын учурунан тарта ушундай эреже болгон. Хандан кийинки эле бийлик кыргыздарга көп жолу тийген. Миң башы, башкы вазир, аталык болушкан. Бул өлкөдөгү экинчи киши, реалдуу бийлик колунда турган киши. Ошолордун бири - Алымкул аталык. Эң көзгө көрүнгөн бараандуусу, Кокон хандыгы кыйрап бара жаткан мезгилде бийликтин бийик сересинде турган Алымкул аталык болду Биз аны Алымкул аталык деп атайбыз. Аны “Эмирлердин эмири”, “лашкер башчы”, “аскер башчы” деп аташкан. Ошол маалда тактыга олтурган хандын жашы жете элек болгондуктан, Алымкул аталык бийлик жүргүзгөн. Хандын атынан башкаргандыгы үчүн аны аталык деп койгон. Алымкул аталыкка Англия дагы кызыкканын көрөбүз. Англиядагы документтердин негизинде перс тилиндеги, чагатай тилиндеги документтерге таянып, Кокон хандыгын изилдеген казактын белгилүү окумуштуусу Тимур Бейсенбиев Лондондон Алымкул аталык тууралуу англис тилинде китеп чыгарган. Биз Алымкул аталык тууралуу изилдегенче ушу Тимур Бейсенбиевге окшогон, биздин кошуна элдердин тарыхчылары Алымкул аталыкка чоң баа берип, изилдешкени белгилүү. Зиябидин Максымдын “Фергана хандарынын тарыхы” деген эмгегинде дагы Алымкул аталык өтө жакшы эскерилет. Кудаярды ордодон кууп чыгып, Кокон хандыгын башкарып жатса дагы Алымкул аталыкка терс баа берилбейт. Себеби, “Фергана хандарынын тарыхы” Кудаяр хандын атайын буюртмасы менен жазылган. Кыргыздын белгилүү тарыхчысы Зиябидин Максым төөлөс уруусунан чыккан. Анын кол жазмасынын кадырына жетишпей, кийин Түркиядан келген Абдурахман эфенди деген окумуштууга берип жиберген. Китеп Стамбул университетинде 100 жылдан ашуун жатып, анан 1992-жылы окумуштуу Анвар Мокеев таап келип, кыргызча которулду Демек, бул эмгек дагы абдан чоң булак болуп калган экен Ооба, өтө чоң булак. Молдо Нияз Хоканди “Тарих-и Шахрухи" ("Шахрухтун тарыхы") деген эмгегинде дагы терең берилген. Молдо Мухаммад Йунустун ("Тарых-и Алимкул Лашкар-беги" ) эмгеги дагы бир булак. Анан Өзбекстандын борбордук мамлекеттик архивинде дагы Кокон хандыгынын мезгилиндеги эң белгилүү инсандардын урпактары тууралуу маалыматтар кездешет. Алымкул аталыктын баласы Ташмат (Ташмухаммед) Алымкулов дагы Базар-Коргон, Өзгөн, Сузак, Коргон-Төбө болуштугунда болуш болгону тууралуу маалыматтар бар. Алымкулдун уулдары Ташмат, Шермат экөө тең көрүнүктүү инсандардан болгон. Алымкулдун атасы Асан бий, анын атасы Эркул, булар кадимки Шырдакбекке байланышат. Айрымдар Алымкул аталыкты “кыргыз эмес, кыпчак” дешип, Мусулманкулдун урпагы катары карашат да. Алымкул аталык чын-чынына келгенде кыргыздын кыпчак уругунан. Кыргыздын ичкилик уруусунда кыпчак уругу деген бар да. Мына ошол кыргыздын кыпчак уругунан. Жерлиги көбүнчө Баткен деп, кээде Анжияндын Коргон-Төбөсүнөн деген талаштар болуп келген. Архив документтерди карасам, анын балдары Ташмат, Эшматтын жашаган жери кадимки эле Коргон-Төбөнүн Жалал-Кудугундагы Таштак деген айыл экен. Азыр эми Таштак айылы Өзбекстандын аймагында. Сузактын Жийде деген жери бар го, ошонун тушундагы Кара-Дарыянын аркы өйүзү эле Алымкул аталыктын туулган жери. Апасы кадимки нойгут уруусунан болгон. АТасы Баткендин Бужум айылынан. Айтылуу Кыз Сайкалдын, Жаңыл Мырзанын түздөн-түз туугандары деп койсок да болот. Алымкулдун түз урпактарынан Кайтпас Ташматов деген аксакал бар. Алар өздөрүн кыргызбыз дейт. Ал Өзбекстандын Жогорку сотунда орун басар болуп иштеген. Кайтпас аксакалдын уулу Ташкентте Эсеп палатасынын жетекчиси дагы болуп иштеп турду Алымкул аскер башы тууралуу жазган бир топ булактарды атадыңыз. Америкалык тарыхчы, Борбор Азиянын тарыхы боюнча адис Адиб Халид дагы өзүнүн эмгегинде Алымкул аталыкты бир нече жерде эскерген. Алымкул аталык жашаган доорду сүрөттөп берсеңиз. Кандай доор эле? Ал кандай аракеттери үчүн тарыхый инсанга айланды? Алымкул аталык жашаган доор кыргыздардын Кокон хандыгындагы зоболосу артып, негизги маселелерди кыргыздар чечип калган мезгил эле. Алымкул аталык өз мезгилинде Шералы хандын Анжияндын беги болуп турган уулу Сопубек өткөргөн тойдо өзүнүн баатырдыгы, балбандыгы менен элге таанылган. Ошондо 16 жашында көзгө илинип, Кокон хандыгына аскер катары кызматка алынган. Ал мезгилде хандыктын аскерлеринин катарында кыргыздын көрүнүктүү баатыр, балбан адамдары көп кызмат кылган. 1853-жылы Мусулманкулдун таасири жоголуп, кыпчактар жазаланып, ордону башка күчтөр ээлей баштаган. Ал жерде Жаркын айымдын, Зыйнат датканын ролу өзгөчө болгон. Анан ошондой кыргыздардын зоболосу артып турган учурда Алымкул аталык тарыхый аренага келген. Кийин 1858-жылы Мала хан менен бир тууганы Кудаярдын ортосунда так талаш болгондо кыргыздар Мала ханды колдоп, Кудаяр ханды ордодон биринчи жолу кууп чыгышкан. Ошол жерде Алымбек датка менен Алымкул аталык ордодогу эң негизги кызмат орундарды ээлешкен. Койчу датка, Ташбек датка сыяктуу бир топ адамдар ошол Алымбек датканын тегерегине бириккен 1860-жылдарда Орус империясынын Борбордук Азияга карата баскынчыл аракеттери өтө күчөгөн. Кыргызстандын түндүк аймагы акырындап Орус империясына карай баштаган. Кокон хандыгына карап турган Тараз, Мерке, Чымкент, Ташкент шаарларына дагы Орус империясынын кызыкчылыгы арткан. Алматыга чейин келип, 1860-жылы Узун-Агачта салгылаш болгон. Кокон аскерлерин баштап келген Канат Шаа жеңилген. Алымбек датка кыргыздын келечегин ойлоп, колун согушка киргизбей койгондугу үчүн Канат Шаа атайын кат жазып, ордодо аны өлүм жазасына буйруганын Алымкул аталык Алымбек даткага кабарлаган. “Азыр ордого келсең, сени дароо өлүм жазасына тартат” деп. Ошондон кийин Алымбек датка 1862-жылга чейин ордого барган эмес. Бул жерден эмнени айткым келет? Көбүнчө Алымкул аталык менен Алымбек датканы дайыма карама-каршы койгондор бүгүнкү күнгө чейин тыйылбай келет. Чындыгында Алымбек датканы бир нече жолу сактап калган киши Алымкул аталык болгон. Кыргыздарды бири-бирине карама-каршы коюп, тымызын өлтүрүп, анан кийин ордодогу таасирин ушундай жол менен жок кылууга кызыкдар күчтөр болгон. Алымкул аталык менен Алымбек датканы ушундай карама-каршы койгон учурлар бар. "Экөө тирешкен, таасир талашкан" деп. Булардын бардыгы ошол мезгилдеги ордонун чагымчыл аракети. Кийин Алымбек датка каза болгондон кийин “муну Алымкул өлтүрдү” деп туруп элге таратып жиберишкен Алымкул аталыктын жакын тууганы Гулямкадыр Кенжебаев аксакал менен (1998-жылы каза болгон) көп жолу сүйлөшүп калдым. Ал киши Алымкул аталык менен Алымбек датканын ортосундагы ынтымак, достук тууралуу көп окуяларды айтып берген. Ордодо кыргыздардын зоболосу арткан сайын, бири-бирине карама-каршы коюу аракеттери күчөгөн. Алымбек датка каза болгондон кийин ал жердеги негизги бийлик тизгини кайрадан эле кыргыздардын таламын талашкан Алымкул аталыкка тийген. Алымкул аталык Кокон хандыгынын тактысын ээлеген эрезеге жете элек Султан Сейиттин атынан өлкөнү жеке башкарып калган. Султан Сейит - Малабектин түздөн-түз урпагы. Аны такка отургузардын алдында Маргалаңдын жанында Жар-Мазарда чоң жыйын өтөт Ошол жерде бийликке ким келет деген суроо талкууланган. Ошондо Зиябидин Максым “Бийликке өзүңүз эле келип алыңыз” деп эки-үч мерте айтат. Алымкул аталык аны чыдап угуп, кайра-кайра айтканда: "Мен бийликке келсем болбойт. Хан боло турган адамдар хандын урпагы болуш керек. Биз ал эрежени катуу кармайбыз” деп жооп берген. Ошол кырдаалда Алымкул аталык эрежени бузуп, өзү хан болсо дагы болот болчу. Бирок Алымкул аталык наркты эрежени катуу кармаган. Бүгүнкү күндүн тили менен айтканда, Баш мыйзамды бекем кармаган сыяктуу адам болгон. Ошентип Малабектин урпагын хан көтөрүп, иш жүзүндө бийлик анын колуна тийген. “Эмирлердин эмири”, “лашкер башы”, “аскер башы”, "аталык" деген аталыштар ошондон кийин берилген Алымкул аталык мыкты дипломат болгон. Өзү диний билим алып, эски китептерди дагы көп окуган, илимдүү адам эле. Маселен, 1863-жылы Бухаранын эмири кайрадан Кудаярды такка коёбуз деп, Алымкул аталык баш болгон кыргыздарга катуу сокку урганы көп кол баштап келет. Бир кабарда 30 000, дагы бир маалыматта 50 000 аскер менен келет деп айтылат. Алар Ошко келгенде Алымкул аталык Өзгөн тарапка, азыркы Кара-Кулжанын аймагын көздөй чегинет. Азыркы Кара-Кочкор деген айыл турган жер ошол мезгилде ээн жаткан жер экен. Кара-Кочкорго Бухаранын эмири көп кол менен келип түшөт. Ошондо Алымкул аталык Тар капчыгайында өз колу менен турган. Ал Бухара эмирине кат жазат: “Мен тоонун арасында турам. Биз эми чыныгы согушту баштайбыз. Биз көчмөндөрбүз. Көчмөндөр эч нерседен коркпойт, жогото турган нерсеси дагы жок. Чабуул баштап, эгерде биз сизди жеңип алсак, шерменде болосуз. Сиз эл таянбаган, эл ишенбеген, эл кууп жиберген Кудаярды хан көтөргөнү жатасыз. Андан көрө аны өзүңүз менен алып кетиңиз. Биз азыр сизди жеңсек, аброюңуз калбайт. Биз сизди жеңебиз азыр. Болбосо сыйыңыз менен кетип калыңыз” деген мазмунда кат жөнөткөн. Бухаранын эмири андан ары кол салууга даабай, артка кетет. Анан мен жанагы айткан Жар-Мазардагы жыйын ушул окуядан кийин болуп жатпайбы Алымкулдун каттары Түркиянын архивинен дагы табылды. Орус империясы кийин Чымкент, Ташкентке чабуул коюп жатканда Осмон султанына өзүнүн элчилерин жиберип, каттарын жолдогон экен. Чалкеш доордо жалпы чөлкөмдүн кызыкчылыгын коргоп калам деп аракеттенген. Чыгыш Түркстандагы саясий окуяларга түздөн-түз аралашып, өзүнүн эң ишенген адамын ал жакка жиберет. Жакыпбек Бакдөөлөт Алымкул аталык менен кеңешип иш туткан. Ал жети шаардын баарынын башын бириктирип, айланасына кыргыздарды кошуп, башчы болгон Орусия империясы менен каршылашып турган маалда дагы көбүнчө дипломатиялык жол менен сүйлөшүүгө аракеттенген. Генерал Черняевге кат жазат. Дипломатиялык аракеттер ишке ашпай калгандан кийин Чымкенттен Черняевден аскерлерин сүрүп чыгарган. Бирок толук аларды жеңүүгө кудурети жеткен эмес. Бир жагынан Кокон хандыгындагы ички ыйкы-тыйкы, экинчи жагынан Бухара эмиринин Кудаярды такка отургузам деген аракети, ошентип күчү чачкын эле. Алымкул аталыктын мезгилинде Кокон хандыгында бир топ экономикалык өсүш болуптур. Ирригациялар калыбына келтирилип, аскерлерин күчөтүүгө аракет болгон Бийликте канча турду? Алымкул аталыктын бийликке активдүү аралашканы болгону жети жыл. Тагыраагы, 1858-жылдан 1865-жылга чейин. Ушул кыска аралыкта тарыхка терең из калтырып кеткен. Орус империясынын аскерлеринен Ташкентти коргоп салгылашып жатып, 1865-жылы 9-майда өзүнүн эле кол алдындагылардын биринин аткан огунан өлгөн. Ал каза болгондон кийин күч ыдыраган. Бул окуяны кыргыздын эң белгилүү жазгыч акыны Молдо Нияз аябай жакшы сүрөттөйт. Ал өзү Алымкул аталыктын жанында ошол согушта аралашып жүргөндөрдүн бири болгон. Анан кандай ок тийгенин, кантип аттан кулаганын жазат. “Арстандай айбаты бар эле” деп жазып жатпайбы. Дагы бир кыргыздын акыны Молдо Калбек да эскерген. Ал дагы аталыктын жанында жүргөндөрдүн бири болгон Молдо Калбек да кыргыздын жазгыч акыны. Мен аны Ташкенттин архивдеринен изилдеп отуруп таап алдым. Молдо Калбек Муса уулу тууралуу буга чейин эч айтылбай келген. Бирок ал өзбектердин белгилүү акыны катары окуу китептерине, адабиятына кирген экен. Анан ушу “Алымкулдун салгылашуусу” деген ырынын бир бөлүгү бар. Анын өлгөнүнө кайгырып, жаназасына катышкан: “Аскер башчы Алымкулга тийдиКиндик астына ок жаңылды, о шумдук!Жыгылбай турду Алымкул айкырыпАл “Менден оомат кетти” деди.Жан чыкты курман болгон денеден...Көмүү учурунда жөн карап турбадымАза күтүп, мактоо ырын ырдадым”, - деп жазган. Молдо Калбек Алымкул аталык менен улутташ гана эмес, жакын тууган да болгонун, ал менен коштошуп жатып ырдаган: “Берген тузуңа ыраазы бол, жакын тууганым, кош бол!Айрылып калды сенден Мулла Калбектей пенде,Перзенттериң, малы-мүлкүң калды, кош бол!” - деп жазат Молдо Калбек 1873-74-жылдары Базар-Коргондо Мамыр Мерген уулу жетектеген боштондук көтөрүлүшүнө катышкан. Мамыр Мерген уулу 1878-жылы дарга асылган. Бул 1879-жылдын аягында Орусиянын Сибир аймагына сүргүнгө айдалган. Орусияда сүргүндө он жыл жүрүп, өзүнүн көк дептерине ыр жазган. Ошол ырларынын бир кол жазмасы Ташкентте, экинчиси Анжиянга алынып, сакталып калган. Аны убагында “Азаттыкта” иштеп турганда “Молдо Калбек бул - кыргыз акыны” деп жазып чыгардым. “Азаттыкты” угуп туугандары, урпактары байланышка чыкты. Урпактары Ноокендин Чоң-Багыш айылында турат экен Ошентип Алымкул аталыкты кыргыздын эки акыны аябай жакшы сүрөтүп жазган Алымкул - 167 жыл өкүм сүргөн Кокон хандыгындагы кыргыздын эң белгилүү ишмери, бийликтин эң бийик сересинде турган инсандардын бири. Мына, ал жердеги үч инсандын хандык үчүн ролу өтө жогору болду. Биринчиси Нүзүп аталык. 1842-жылы Бухара эмирлиги Кокон хандыгын басып алып, хандыкты жоюп койгондон кийин кайра чек араларын калыбына келтирип, мамлекеттин өмүрүн узарткан Нүзүп миң башы болгон. Андан кийин жаатташкан тараптарды ийге келтирип, бийлик башына келген Алымбек датка. Ал Кокондун баш вазири болуп эң бийик даражага ээ болгон. Анан үчүнчү инсан - Алымкул аталык. Эң акыркысы - Молдо Исхак Асан уулу. Исхак Асан уулу Кокондун акыркы ханы. Ал бүт бардыгы талкаланып, Орус империясы менен согушууга жараксыз болуп калган мезгилде, Насирдин, Кудаяр хандар туура эмес келишимдерди түзүп, жерлерин өткөрүп берип жаткан маалда күрөшкө аттанып, хандыкты сактап калам деп аракет кылган. Ал туткундалып, 1876-жылы март айында Маргалаңда дарга асылып жатпайбы. Анын сөөгү дагы, Алымкул, Нүзүп аталыктын сөөгү дагы бүгүнкү күндө Өзбекстандын аймагында болуп калгандыгы ошондон Сиз жогоруда үч тарыхый инсан тең Кокон хандыгы терең кризиске кептелген маалда чечкиндүү аракеттерге барганын айтып өтүңүз. Дүйнө өзгөрүп жаткан маалда хандык артта калып, терең кризиске туш келгени эмнеден болгон? Кокон хандыгы XIX кылымда кеңири аймакты ээлеген, өтө күчтүү мамлекетке айланган. Анан бара-бара ички кутум, чөлкөмдөгү тирештер. Айталы, Бухара эмирлигинин улам баскынчылык аракети, мына ошолордун арты менен алсыздана баштаган. Тынымсыз бийлик алмашуу, ордодогу туура эмес башкаруу акырындап мамлекетти алсыздандырган. Албетте, өнүгүүдөн дагы артта калды. Кийин Орусия империясынын баскынчылык аракети менен хандык жоюлуп, 1876-жылы 19-февралда биротоло Түркстан генерал-губернаторлугу түзүлөт. 1709-жылдан баштап 1876-жылга чейин 167 жыл жашаган Кокон хандыгынын тарыхы ушундай Кыргыздардын ролу, башкаруучулар жөнүндө кеп кылдык. Бирок эл кандай кабыл алган? Баскынчы катары көргөнбү же өзүнүн мамлекети катары көргөнбү? Ушуга казактын жаш изилдөөчүсү, өз мезгилинде Кокон хандыгын аябай жакшы изилдеп, аймагын кыдырган Чокон Валихановдун жазгандарын келтирсек болот да. “Кокон хандыгы бүгүнкү күндө кыргыздардын жашоосунда өзгөчө орунду ээлейт” деп жазган. “Фергана өрөөнүндө жашап жаткан кыргыздар Кокон хандыгынын өзүнүн мамлекети катары сезип, өзүнүн мамлекети катары Кокон хандыгын дайыма коргоп, түздөн-түз кызмат кылып келди” дейт. “Ал эми географиялык жактан улам түндүк аймакта жашаган кыргыздар шарттуу гана баш ийип, өздөрүнүн уруу башчылары, бийлери, манаптары башкарганын” жазган (Маек кыскартуулар менен берилди. Толугу менен видеодон көрө аласыздар)


