“75чилердин каты” боюнча сотто күбөлөр сурала баштады
8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумда күбөлөр сурала баштады Бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев беш күбө суракка алынганын жана алар “президенттик шайлоону быйыл өтк

8-июнда Бишкектин Биринчи май райондук сотунда “75чилердин каты” деген ат менен белгилүү кылмыш иши боюнча соттук отурумда күбөлөр сурала баштады Бул ишке байланыштуу шек саналып жаткан Эмилбек Узакбаевдин адвокаты Акынбек Ногоев беш күбө суракка алынганын жана алар “президенттик шайлоону быйыл өткөрүү тууралуу кайрылууга азыркы мамлекет башчыны колдоо үчүн кол коюшканын айткандарын” билдирди Күбө катары көрсөтмө берүү үчүн сотко Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Ибрагим Жунусов, Жогорку Кеңештин бир нече чакырылышынын депутаты Иса Өмүркулов жана коомдук ишмер Досбол Нур уулу келди. Президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча кайрылууга кол койгондордун арасында алардын да аты-жөнү бар Ички иштер министрлиги (ИИМ) ишке “жашыруун” деген гриф койгондуктан сот отурумдары жабык өтүүдө Адвокат Акынбек Ногоевдин сөзүнө караганда, бул ишке байланыштуу Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевге, Жогорку Кеңештин экс-спикери Нурланбек Тургунбек уулуна жана Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Курманкул Зулушевге Кылмыш-жаза кодексинин “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” жана “Бийликти күч менен басып алуу” беренелери менен кине коюлду. Мурдагы үч чиновник эч жакка чыкпоо тил каты менен эркиндикте Ал эми президенттик шайлоону быйыл өткөрүү боюнча катта аты аталган коомдук ишмер Бекболот Талгарбековго, Кыргызстандын Өзбекстандагы мурдагы элчиси Эмилбек Узакбаевге, Жогорку Кеңештин экс-депутаты Курманбек Дыйканбаевге, мурдагы вице-премьер, экс-депутат Аалы Карашевге жана ички иштер министринин мурдагы орун басары Курсан Асановго “Кызмат абалын кыянаттык менен пайдалануу” беренеси менен айып тагылды. Алар камакта жатат 9-февралда мурдагы премьер-министрлер, парламенттин экс-депутаттары, саясатчылар жана коомдук ишмерлер болуп 75 адамдан турган топ президент Садыр Жапаровго жана Жогорку Кеңештин ошол кездеги төрагасы Нурланбек Тургунбек уулуна кайрылып, жакынкы убакта президенттик шайлоо өткөрүүгө чакырган. Алардын айрымдары кийин кайрылуунун мазмунун окубай туруп эле ага кошулууга макул болгонун айтып чыгышкан 10-февралда Садыр Жапаров Камчыбек Ташиевди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары - Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы кызматынан бошоткон. Андан кийинки маектеринде Жогорку Кеңеште депутаттар “президент жана атайын кызматтын кишиси” болуп бөлүнүү башталганын, кийин андай аракет парламенттен сыртка чыгып кеткенин айтып, 75 адамдын кайрылуусун мисал кылган Бул окуялардан кийин Нурланбек Тургунбек уулу алгач төрагалык кызматтан кетип, андан соң депутаттык мандатын да тапшырган. Фейсбуктагы баракчасына пост жазып, 75 кишинин кайрылуусуна тиешеси жок экенин билдирген Садыр Жапаров соңку маегинде 75 адамдын кайрылуусуна Камчыбек Ташиевдин тиешеси бар-жогун тергөө анан сот аныктап, баа берерин айткан. Мурдагы башкы чекист болсо күнөөсү жок экенин, соттон акталып чыгарын билдирген “75чилердин каты” Жогорку Кеңешке түшкөн учурда Курманкул Зулушев парламенттин Конституциялык мыйзамдар, мамлекеттик түзүлүш, жергиликтүү өз алдынча башкаруу жана Жогорку Кеңештин регламенти боюнча комитетинин төрагасы болуп турган. (BTo/KS)
Diğer Haberler

SPIEF 2026: Özbegistan ykdysady hyzmatdaşlygyň gözýetimini giňeldýär

Jestler bilen aragatnaşyk saklaýar. Informatika mugallymy tarapyndan bir okuwçynyň ýenjilmegi bilen baglanyşykly dawa barada täze maglumatlar peýda boldy. Wideo
