Бишкектин бир топ бөлүгү жарыксыз калды (видео)
Бишкекте электр энергиясы массалык түрдө өчүрүлдү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына шаар тургундары билдиришти Окурмандардын айтымында, саат 15:00 чамасында электр жарыгы өчүрүлгөн. Өчүрүүлөр шаардын борбордук бөлүгүндө, борбордун түштүк-чыгышындагы бир катар турак жайларда жана башк

Бишкекте электр энергиясы массалык түрдө өчүрүлдү. Бул тууралуу Kaktus.media сайтынын редакциясына шаар тургундары билдиришти Окурмандардын айтымында, саат 15:00 чамасында электр жарыгы өчүрүлгөн. Өчүрүүлөр шаардын борбордук бөлүгүндө, борбордун түштүк-чыгышындагы бир катар турак жайларда жана башка аймактарда катталды «НЕСК» ААКтын басма сөз кызматы Kaktus.media сайтына билдиргендей, азыр кайсы аймактарда электр жарыгы өчүрүлгөнүн жана массалык өчүрүүгө эмне себеп болгонун тактап жатышат Ошол эле маалда Бишкек Жылуулук электр борборунун аймагынан кызыктай ызылдаган үн угулганын окурмандар да кабарлашты Бишкек шаарынын ТЭЦи өлкөнүн түндүгүндөгү электр энергиясын өндүрүүнүн эң ири булагы болуп саналат


