Жер титирөөдөн каза болгондордун саны 65ке жетти
Филиппиндин түштүгүндөгү Минданао аралында болгон 7,8 баллдык жер титирөөнүн натыйжасында каза болгондордун саны 65ке жетип, 36 кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты Жабыркагандардын көбү жер титирөөдөн пайда болгон жер кө

Филиппиндин түштүгүндөгү Минданао аралында болгон 7,8 баллдык жер титирөөнүн натыйжасында каза болгондордун саны 65ке жетип, 36 кишини издөө иштери уланууда. Бул тууралуу чет элдик ЖМКлар жергиликтүү бийликке шилтеме берүү менен жазып чыгышты Жабыркагандардын көбү жер титирөөдөн пайда болгон жер көчкү жана урандылардын кесепетинен каза болушкан. Куткаруучулар кар көчкүнүн астында калган 36 адамды издөөнү улантууда. Азырынча адистер ал аймактарда жашоонун белгилерин таба элек Жер титирөө 8-июнда эртең менен Минданао аралынын түштүк жээгине жакын жерде болгон. Жергиликтүү бийликтин маалыматы боюнча, 2500 үй жабыркап, анын 460ы толугу менен талкаланган Эң көп жабыр тарткан Давао Оксидентал жана Сарангани провинциялары, ошондой эле аралдын түштүгүндөгү Генерал Сантос шаары болду Табигый кырсыктан Филиппинде 735 миңден ашуун адам жабыркады


