Зидан Франциянын эмес, Алжирдин оюнуна барат
Франция курама командасынын мурдагы оюнчусу жана "Реал Мадриддин" мурдагы башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында Франция-Сенегал беттешин стадиондон көрбөйт Бул тууралуу маалыматты “Actu Foot” басылмасы жазып чыкты Маалыматка ылайык, Зидан 16-июндагы Франция-Сенегал б

Франция курама командасынын мурдагы оюнчусу жана "Реал Мадриддин" мурдагы башкы машыктыруучусу Зинедин Зидан 2026-жылдагы дүйнө чемпионатында Франция-Сенегал беттешин стадиондон көрбөйт Бул тууралуу маалыматты “Actu Foot” басылмасы жазып чыкты Маалыматка ылайык, Зидан 16-июндагы Франция-Сенегал беттешинин ордуна Аргентина-Алжир беттешине барат Буга анын уулу Лука Зидан себеп болгон. Маалым болгондой, Зинедин Зидан Алжир курама командасынын футболкасын кийген уулунун оюнун түз эфирде көргүсү келет Белгилей кетсек, ДЧ-2026нын J тайпасынын 1-турунда Аргентина менен Алжир курама командалары беттешет. Бул беттешке Лука Зидан чыгабы же жокпу азырынча белгисиз


