Жол оңдоо: Оштогу Алымбек датка көчөсү убактылуу жабылат
Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Алымбек датка көчөсү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу аталган көчөнүн А. Навои көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки бөлүгү 12-июнга караган түнү жабылат Бул аралыктагы унаа агы

Бишкек, 11.06.26. /Кабар/. Ош шаарындагы Алымбек датка көчөсү унаа кыймылы үчүн убактылуу жабылат. Бул тууралуу мэриядан билдиришти Маалыматка ылайык, оңдоо иштерине байланыштуу аталган көчөнүн А. Навои көчөсүнөн Мамажан көчөсүнө чейинки бөлүгү 12-июнга караган түнү жабылат Бул аралыктагы унаа агымын жөнгө салуу максатында Курманжан датка көчөсү убактылуу эки багытта, эки тилкелүү кыймыл үчүн пайдаланылат Эскерте кетсек, Курманжан датка көчөсүнө орнотулган көзөмөл камералары каршы тилкеге чыгып жүргөн унааларды каттабайт. Бирок алар коопсуздук курун тагынбоо, светофордун кызыл түсүнө өтүү жана жөө адамдар өтүүчү тилкеге байланышкан жол эрежелеринин бузулуштарын аныктайт


