Жогорку Кеңеш Гана менен дипломатиялык паспорттор үчүн визасыз режим жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун жактырды
Бишкек (АКИpress) – Жогорку Кеңеш Кыргызстандын министрлер кабинети менен Гана өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды Макулдашууга 2026-жылдын 16-мар

Бишкек (АКИpress) – Жогорку Кеңеш Кыргызстандын министрлер кабинети менен Гана өкмөтүнүн ортосундагы дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу жөнүндө макулдашууну ратификациялоо тууралуу мыйзам долбоорун үч окууда жактырды Макулдашууга 2026-жылдын 16-мартында Бишкекте эки өлкөнүн тышкы иштер министрлери Жээнбек Кулубаев жана Самуэл Окудзето Аблаква кол коюшкан Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында тараптар эки документке кол коюшту: саясий консультациялар боюнча өз ара түшүнүшүү меморандумуна жана дипломатиялык жана кызматтык паспорттордун ээлери үчүн визалык талаптарды алып салуу жөнүндө макулдашууга Документ эки өлкөнүн расмий өкүлдөрүнүн өз ара сапарларын жеңилдетүүгө багытталган

