Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мыктыбек Абдылдаев дүйнө салды
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда Бишкекте 73 жашында дүйнөдөн кайтты. Жакындары анын ден соолугу жакшы эле жүргөнүн айтышты Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин к

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 8-июнда Бишкекте 73 жашында дүйнөдөн кайтты. Жакындары анын ден соолугу жакшы эле жүргөнүн айтышты Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Кыргызстандын эмгек сиңирген юристи, юридика илимдеринин кандидаты жылдары башкы прокурор болуп иштеген. жылдары президенттик администрациясынын жетекчиси болгон. 2010-жылы “Ата-Журт” партиясынын тизмеси менен Жогорку Кеңештин V чакырылышынын депутаттыгына шайланган. 2015-жылы “Бир Бол” партиясы менен Жогорку Кеңештин VI чакырылышынын депутаты болгон 2023-жылы Элдик курултайдын катчылыгынын жетекчиси болуп иштеген. (BTo)


