Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу иши толугу менен санариптештирилүүдө
Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу иши толугу менен санариптештирилүүдө. Бул тууралуу парламенттен билдиришти Күн мурун төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамга өзү электрондук кол тамгасын коюп, президенттин кароосуна жөнөтүү менен парламентти санарипт

Бишкек, 05.06.26. /Кабар/. Жогорку Кеңеште мыйзам чыгаруу иши толугу менен санариптештирилүүдө. Бул тууралуу парламенттен билдиришти Күн мурун төрага Марлен Маматалиев Жогорку Кеңеште кабыл алынган мыйзамга өзү электрондук кол тамгасын коюп, президенттин кароосуна жөнөтүү менен парламентти санариптештирүүгө багытталган иштердин кезектеги этабына старт берди Буга чейин комитеттердин жыйындарына маселеге тиешелүү жактарды онлайн катыштырууга мүмкүнчүлүк түзүлүп, бул туруктуу негизде уланууда. Ошондой эле коомдук кабылдаманын иши да толугу менен санариптештирилип, жасалма интеллекттин жардамы менен жарандардын кайрылууларын электрондук форматта кабыл алуу жүргүзүлүүдө Белгиленгендей, мындай кадамдар документ жүгүртүүнүн ыкчамдыгын жана натыйжалуулугун камсыздоого, документтерди сактоо жана издөө процесстерин жеңилдетүүгө жана депутаттар менен жарандардын байланышын чыңдоого өбөлгө түзүүдө


