Жогорку Кеңеште аскердик медицинаны өнүктүрүү маселеси айтылды
Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Райимберди Дүйшөнбиев аскердик медицина тармагындагы айрым маселелерге токтолуп, бир катар сунуштары менен бөлүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет Эл өкүлү акыркы жылдары аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек ак

Бишкек, 03.06.26. /Кабар/. Бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Райимберди Дүйшөнбиев аскердик медицина тармагындагы айрым маселелерге токтолуп, бир катар сунуштары менен бөлүштү. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирет Эл өкүлү акыркы жылдары аскер кызматкерлерин татыктуу эмгек акы менен камсыздоо, жаңы имараттарды куруу, материалдык-техникалык базаны чыңдоо жана жаңы курал-жарактарды сатып алуу боюнча чоң иштер аткарылганын белгилеп, бул мекенге кызмат кылуунун кадыр-баркын көтөргөнүн жана өлкөнүн коргонуу жөндөмдүүлүгүн арттырганын билдирди Аталган көйгөйдү чечүү үчүн Коргоо министрлигинин Бишкек, Ош шаарларында жана Тамга айылында жайгашкан медициналык мекемелеринин базасында Куралдуу күчтөрдүн медициналык камсыздоо борборлорун түзүүнү сунуштады Ага кошумча, медициналык-лабораториялык заманбап жабдууларды сатып алуу, аскердик дарыгерлердин квалификациялык деңгээлин жогорулатуу, бул жаатта башка мамлекеттер менен тажрыйба алмашуу зарылдыгын айткан депутат демилге ишке ашса, аскер кызматкерлери өз милдеттерин так аткаруусуна шарт түзүлүп, өлкөнүн коопсуздугуна да чоң салым кошорун кошумчалады


